Факультеттер арасындагы футбол боюнча мелдешинин жобосу

ОшМУнун факультеттер арасындагы футбол боюнча мелдешинин жобосу

1. Мелдештин максаты жана милдети

~ Студенттердин ден соолугун чыңдоо, спортко - футболго болгон кызыгуусун өркүндөтүү;

~ Спортту студенттердин арасында үгүттөө жана спортко кызыккан жаштардын санын көбөйтүү;

~ ОшМУнун факультеттериндеги футбол командаларынын артыкчылыгын аныктоо;

~ ОшМУнун футбол боюнча курама командасын толуктоо.

2. Мелдештин өтүлүүчү убактысы, жайы

Мелдеш …күндөрү саат… баштап Ош шаардык А. Сүйүнбаев атындагы стадиондо өткөрүлөт.

3. Мелдештин катышуучулары

ОшМУнун факультеттериндеги күндүзгү бөлүмүндө окуган студенттерден түзүлгөн командасы катыша алат. Ар бир факультет өзүнчө команда болуп чыгат.

4. Мелдешти өткөрүү шарты

Мелдеш футбол оюнунун эрежелери менен өткөрүлөт. Оюндун жүрүшү командалардын катышы менен белгиленет. Эгерде алты командадан көп катышса, эки тайпага бөлүнүп, айлампа системасында өткөрүлөт.

Уткан командага - 3 упай, тең чыккан командага – 1 упай, жеңилген командага - 0 упай берилет.

Эгерде эки команданын очкосу бирдей болуп калса командалардын беттешүүсү каралат.

Эки команда тең чыкса:

~ киргизилген жана өткөрүп жиберилген топтордун айырмалары;

~ көп киргизилген топтордун айырмасы каралат;

Үч же андан көп командалардын оюну төмөнкү эреже менен аныкталат:

~ Ойнолгон группасындагы баардык беттешүүсүндөгү киргизилген, койберген топтордун айырмасы;

~ көп киргизилген, кое берилген топтор группанын арасында;

~ эң көп киргизилген топтор бүт командалардын беттешүүсүндө;

Финалдык оюндарда тең чыгып калса 15-минута кошумча берилет, анда дагы тең чыкса пеналти берилет.

5. Өтүнүч (заявка)

Факультеттин өкүлдөрү өтүнүчтү өз убагында төмөндөгүдөй формада тапшырышы керек. Дарыгердин уруксаты болууга тийиш.

Өтүнүч жазуунун үлгүсү:

Футбол оюну боюнча факультеттер аралык спорттук мелдешке ___________________факультетинин курама командасынын өтүнүчү

Аты-жөнү

Туулган жылы

Улуту

Разряд

Факультети

Дарыгердин уруксаты

1

Окуу жайдын жетекчиси _________________________

Команданын капитаны __________________________

Дарыгердин колу ___________________

6. Нааразылык (протест) жазуу

Нааразылык 1 сааттын ичинде жазылуусу зарыл. Нааразылык жазган команда 300 сом өлчөмдө төлөм төлөгөндөн кийин каралат. Эгер нааразылык канааттандырылса төлөм суммасы командага кайтарылат. Канааттандырылбаса төлөм мелдештин фондуна которулат.

7. Мелдешти жеңгендерди сыйлоо

Жеңип чыккан командалар ардак грамота, байгелүү сыйлыктар менен сыйланат.

I орун – ***** ( - - - - - ) сом;

II орун – **** ( - - - - - ) сом;

III орун – **** ( - - - - - ) сом;

Калыстар үчүн *** сом. Жалпы: ***** ( - - - - - ) сом.

Эскертүү : Факультеттин командалары спорттук формасы менен катышуулары зарыл.

8. Факультеттин жетекчилеринин милдети

Факультеттин күндүзгү бөлүмүндө окуган бардык студенттерди өз командасына моралдык колдоо көрсөтүп, күйөрман болуусу үчүн стадионго алып баруу.