Интеллектуалдык «БРЕЙН-РИНГ» билимдүүлөр таймашынын эрежеси

Интеллектуалдык «БРЕЙН-РИНГ» билимдүүлөр

таймашынын эрежеси

Бир эле учурда «Брейн-Ринг» таймашына 4 команда катыша алат. Айрым учурда гана командалар жетишсиз болгондо 2 же 3 команда таймашка чыкса болот, бирок 4 командадан ашык болбоого тийиш. Ар бир команданын курамында 5 оюнчу болуш керек. Ар бир факультеттен бирден курама команда чыгат. ОшМУда факультеттер көп болгондугуна байланыштуу, шарттуу түрдө бир нече топторго бөлүнүп өткөзүлөт. Мисалы:

I топ

II топ

III топ

ФТФ

Кыргыз филфак

БиМ

МИТФ

Орус фил. фак.

Пед. жана искусство

ЧТЭМ

Медфак

Медколледж

ТЮФ

ТТГФ

Теология

Ар бир топтон бирден жеңүүчү команда финалга чыгышат. Финал ошол эле күнү өткөзүлөт. Факультеттер ортосундагы «Брейн-ринг» таймашы жалпы 3 саат убакытка созулгандыгына байланыштуу, бир сабактан болуучу «Брейн-ринг» бир күндө өткөзүлүп, жыйынтыкталат.

Суроолорду түзүү эрежелери:

1. Суроо өтүлгөн сабактардын негизинде түзүлүшү керек;

2. Кафедра тарабынан 100 дөн кем эмес суроо (жооптору менен кошо) түзүлүп, алып баруучуга эки күн мурун берүү зарыл.

Таймашты баштан-аяк алып баруучу башкарат. Алып баруучу калыстар тобун түзөт. Калыстар тобунун курамы: эсептөө комиссиясы – 2, эксперт-адистер - 2 адамдан турат (эксперт-адистин бирөөсү өткөзүлүп жаткан сабактын кафедра башчысы болуусу кажет).

Таймаш 3 турдан турат:

I тур : Суроо-жооп

Ар бир командага алып баруучу жалпы үчтөн суроо берет, бирок командага үч суроо бир учурда берилбестен, уч жолу айлампа түрүндө бөлүп-бөлүп бирден суроо берет. Берилген соң ар бир суроону талкуулоого 1 мүнөт убакыт бөлүнөт. Команданын суроого жообу даяр болсо кол көтөрүп (белги берип) жооп берүүгө болот. 1-команда суроого туура эмес же такыр жооп бере албаса, анда башка команда жооп берсе болот. Эгер башка командаларда да жооп жок болсо, алып баруучу 20 секунддан кийин жаңы суроону 2-командага берет. Ушундай жол менен ар бир командага бирден суроолор берилип чыгат. Андан кийин экинчи, үчүнчү айлампа да ушундай жол менен кайталанат. Ар бир туура жооп үчүн командага 3 (үч) упай берилет. Жооп бербеген командага упай коюлбайт.

II тур: Блиц-тур

Ар бир командага жалпы бир мүнөттөн убакыт берилет. Бул убакыт ичинде командалар мүмкүн болушунча көбүрөөк суроолорго жооп берип калышы керек. Алып баруучу суроону окуйт, командадан жооп болгон соң кийинки суроолорду окуп кете берет. Эгер берилген суроолорго бир коамнда жооп бере албай калса, башка командалардын жооп берүүгө укугу жок. Команданын берилген суроого жообу жок болсо, алып баруучудан кийинки суроону окуп коюусун сураныштары керек. Мында ар бир туура жоопко 1 (бир) упай берилет. Жооп берилбеген суроолорго упай коюлбайт.

Эскертүү: Бул турдун суроолору кыска жоопту талап кылган мазмунда түзүлүшү керек.

III тур: Капитандар таймашы

Команданын капитандары алдыга чыгышат. Ар бир капитан кезеги менен ошол сабакка тиешелүү бирден гана суроо берет, калган капитандардын кимиси оозунуп буга туура жооп берсе, ошол командага 5 (беш) упай берилет. Эскертүү: капитандарга командасы жардам берсе, жооп эсептелинбейт жана ошол тартип бузган команданын жалпы топтогон упайынан 3 (үч) упай кемитилет. Мындан кийин суроо берген капитан кайрадан жаңы суроо берүүгө укуктуу болот.

«Брейн-ринг» таймашынын жыйынтыгы ар бир команданын үч тур ичинде жалпы топтогон упайынын көптүгү менен жыйынтыкталат.

Эскертүү: Интеллектуалдык «БРЕЙН-РИНГ» билимдүүлөр таймашын сабактар боюнча гана эмес, кругозордук суроолор боюнча да ушул эле эрежени колдонуп өткөзсө болот.