Факультеттер аралык студенттик Тамашоу оюнунун жобосу

ОшМУнун факультеттер аралык студенттик тамашоу оюнунун жобосу

(кыргыз лигасы)

I . Жалпы жобо

Тамашоунун максаты жана милдети:

Ä Студент жаштардын маданий эс алуусун уюштуруу;

Ä Студенттердин юмордук сезимдерин өстүрүү;

Ä Студенттердеги шайырдыкты, тапкычтыкты калыптандыруу;

Ä Турмуштук көйгөйлөрдү, терс көрүнүштөрдү азил–тамаша менен туюнтуу аркылуу коомчулукка таасир этүү;

Ä Студенттердин сергек жана активдүү жашоо образын чагылдыруу;

Ä ОшМУнун факультеттер арасындагы достук мамилени чыңдоо;

Ä Жаштар арасында мамлекеттик тилдин баркын көтөрүү;

Ä Университетибиздеги талантуу студенттерди табуу жана алардын жөндөм шыктарын өстүрүү, аткаруу чеберчилигин жогорулатуу;

Ä Таланттуу студенттерге коомчулуктун көңүлүн буруу жана моралдык дем берүү.

II. Командаларга коюлуучу талаптар

Ä Команданын курамы 4-10 адамга чейин болуусу зарыл;

Ä Тамашоуга таланттуу, тапкыч, куудул жана аткаруу чеберчилиги мыкты студенттер тиешелүү факультеттердин жетекчилигинин сунуштоосу менен катыша алат;

Ä Башка команда даярдаган сценарийди аткарып чыгууга тыюу салынат;

Ä Регламентти туура сактоо керек;

Ä Оюн учурунда одоно уят сөздөрдү колдонууга болбойт;

Ä Темадан четтөө туура эмес.

III . Командаларды каттоо жана тамашоуну өткөрүүнүн тартиби

Ä Каттоо уюштуруу тобу тарабынан жүргүзүлөт;

Ä Тамашоу кыргыз тилинде өтөт жана 4 турдан турат;

Ä Баалуу белектер уюштуруу тобу тарабынан бекитилет.

Тамашоу өткөрүүнүн тартиби (программа):

I тур. Саламдашуу – «Мекеним Кыргызстан». ОшМУда Кыргызстандын патриот жаштары билим алып жатышабы? Студенттик чөйрөдө өз мекенин сүйбөгөн, кыргыз тилин, салттарын, тарыхын, маданиятын билбеген студенттерди айрым азил-тамаша сөздөр мене чагылдыруу (5 мүнөт);

II тур. Музыкалык конкурс – «Студеттик унутулгус күндөрдүм». Университет, окуу, китепкана, концерт ж.б.у.с. учурлардагы студенттик кызыктуу жашоону музыканын коштоосунда чагылдыруу. Жалаң гана музыка менен эмес сүйлөөгө уруксат берилет. Музыканын коштоосунда ар кимди тууроого болот. М.: азыркы жаш ырчыларды же дүйнөлүк актерлорду (6 мүнөт);

III тур. Суроо-жооп. Ар бир команданын капитаны же башка оюнчусу кыскача, азил-тамашалуу (студенттерге байланышкан) суроо бериши керек. Башка командалар 30 секунддун ичинде кеңешип, жоопту абдан күлкүлүү кылып бериши керек;

IV тур . Үй тапшырмасы: «Тамашоу жана саясат». Дегеле бүгүнкү күндөгү Кыргызстандагы саясий кырдаалды, шайлоо, депутаттардын убадалары, отставкалар, пикет, элдин баары саясатка аралашып кетти деген маанини абдан тамашалуу кылып аткарып чыгуу зарыл (6 мүнөт);

Эскертүү: ар бир турдун темаларын өзгөртүп түзсө да болот.

IV . ОшМУнун факултеттеринин декандын тарбиялык иштер боюнча орун басарларынын жана ЖК төрагаларынын милдеттери:

Ä Тамашоу боюнча студенттерге маалымат берүү;

Ä факультеттин курама командасын түзүү;

Ä катышуучу командага Тамашоунун шарты, өтүү тартиби менен тааныштыруу, материалдык жана моралдык, идеялык жактан көмөк көрсөтүү;

Ä команданын оюнга катышуу жөнүндөгү арызын ***** чейин уюштуруу тобуна каттоого берүү (ОшМУнун жаштар комитети, 120а-каб., тел.: 2-26-33);

Ä бөлүнгөн билеттерди реализациялоо.

V . Уюштуруу тобу

Уюштуруу тобунун милдеттери жана укуктары:

Ä иш чараларды сынактын жадыбалы боюнча уюштуруу;

Ä калыстар тобунун курамын бекитүү;

Ä Тамашоунун өтүшү жана жыйынтыгы жөнүндө массалык маалымат каражаттарына жарыялоо;

Ä Тамашоунун шарттарына кайдыгер караган жана тиешелүү талаптарды канааттандырбаган командаларды сынактан четтетүү;

Ä шартка байланыштуу зарыл учурларда сынактын жобосуна өзгөртүүлөрдү киргизүү;

Ä бардык командалар үчүн атайын бир ширманы даярдоо.

VI . Калыстар тобу

Ä калыстар уюштуруу тобу тарабынан аныкталат;

Ä калыстар тобунун мүчөлүгүнө профессионалдуу адистер, хореографтар жана маданият тармагындагы белгилүү инсандар дайындалат;

Ä калыстар тобунун чечими таалкууга алынбайт жана өзгөртүлбөйт.

VII . Ыйгарылуучу сыйлыктар

Сыйлык фонду жалпы - ***** сом.

I орунга ***** сом;

II орунга **** сом;

III орунга **** сом;

Калган катышуучу ар бир командага *** сом өлчөмүндө кызыктыруучу сыйлыктар берилет.

VIII . ШТКнын өткөрүлүүчү жайы жана убактысы

Тамашоу **** -жылдын ***** чейинки аралыкта (атайын жадыбал түзүлөт) саат ***** С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында (ОУДТ) өткөрүлөт.

Эскертүү:

а) Тамашоуга катышуучу командалар ***** чейин уюштуруу тобуна кайрылууга тийиш

б) Тамашоунун шарттарын берилген убакыттын ичинде аткаруу (регламентти сактоо)

в) Тамашоу учурунда атааңдаштарынын дарегине шек келтирбөө.

Уюштуруу тобу:

ОшМУнун тарбия департаменти, жаштар комитети;

Байланыш дареги:

ОшМУнун башкы имараты, 120-кабинет (ЧАЗ), тел.: 2-25-26, 2-26-33.