«ОшМУнун стилдүү студенти» сынагынын жобосу

«ОшМУнун стилдүү студенти» сынагынын жобосу

I . Сынактын максаты

Ä Студент жаштардын маданий эс алуусун уюштуруу;

Ä Cтудент жаштарга эстетикалык тарбия берүү жана алардын кооздукка болгон табитин арттыруу;

Ä Студенттердин сергек жана активдүү жашоо образын чагылдыруу;

Ä Студенттерди жарашыктуу кийинүүгө, кооз жүрүм-турумдарга көңүлүн буруу;

II . Сынактын катышуучулары

Катышуучуларга коюлуулу талаптар:

Ä Сынакка эстетикалык табити жогору, тулку-бою келишимдүү, жарашыктуу кийине билген, ички дүйнөсү бай, интеллектуал студент улан-кыздар (бир жигит, бир кыз) факультеттин жетекчилигинин сунушу менен катыша алат;

Ä Сынактын катышуучулары сөзсүз түрдө ОшМУнун студенти болуп, ошондой эле кастингде өзүнүн чыгармачылык жөндөмдүүлүгүн көрсөтүүсү керек.

III . Сынакты өткөрүүнүн тартиби

Ä Каттоо уюштуруу тобу тарабынан жүргүзүлөт;

Ä Сынак 3 турдан турат;

Ä Сынак кыргыз жана орус тилинде өткөрүлөт;

Ä Сынак массалык маалымат каражаттары тарабынан коомчулукка чагылдырылат;

Ä Баалуу белектер жана номинациялар уюштуруу тобу тарабынан бекитилет.

IV . ОшМУнун факультеттеринин декандын тарбиялык иштер боюнча орун басарларынын жана ЖК төрагаларынын милдеттери

Ä Сынак боюнча студенттерге маалымат берүү;

Ä Сынакка катышуучу студенттерди (бир жигит, бир кыз) табуу жана аларга сынактын шарты, өтүү тартиби менен тааныштыруу;

Ä Сынактын катышуучуларын уюштуруу тобу менен байланыштыруу жана …күнү саат… кастингге алып келүү (ОшМУнун тарбия департаменти, 120-каб., тел.: 2-25-26).

V. Сынактын программасы

I тур. Күзгү кийимдер.

1-чыгуу. Эркин стиль – көчөдө, эс алуу жайларында кийинүүчү кийимдерди көрсөтүшөт;

2-чыгуу. Классикалык стиль – официалдуу жайларда кийинүүчү кийимдерди көрсөтүшөт;

3-чыгуу. Кечки стиль – тойлорго, мааракелерге, жолугушууларга кийинүүчү кийимдерди көрсөтүшөт;

ЧАЧ ЖАСАЛГАСЫ. Жогорудагы 3 жолку чыгуудагы ар бир катышуучунун чач жасалгасына өзүнчө баа берилет.

II тур. Жан дүйнө сулуулугу.

Катышуучулар I тур, 3-чыгуудагы кечки стилдеги кийимдери менен чыгышып кооздукка, кийинүүгө, жүрүм-турумга, тырнак коюу, чач жасалгасы, боенуу, атыр жыттарды пайдаланууга байланыштуу суроолорго жооп беришет;

III тур. Кышкы кийимдер.

1-чыгуу. Эркин стиль – көчөдө, эс алуу жайларында кийинүүчү кийимдерди көрсөтүшөт;

2-чыгуу. Классикалык стиль – официалдуу жайларда кийинүүчү кийимдерди көрсөтүшөт;

VI . Уюштуруу тобунун милдеттери жана укуктары

Ä иш чараларды сынактын жадыбалы боюнча уюштуруу;

Ä калыстар тобунун курамын бекитүү;

Ä сынактын өтүшү жана жыйынтыгы жөнүндө массалык маалымат каражаттарына жарыялоо;

Ä сынактын шарттарына кайдыгер караган жана тиешелүү талаптарды канааттандырбаган катышуучуларды сынактан четтетүү;

Ä зарыл учурда сынактын жобосуна өзгөртүүлөрдү киргизүү.

VII . Калыстар тобу

Ä калыстар уюштуруу тобу тарабынан аныкталат;

Ä калыстар тобунун мүчөлүгүнө ыйгарылуучу номинациялар боюнча профессионалдуу адистер, хореографтар жана маданият тармагындагы белгилүү инсандар дайындалат;

Ä калыстар тобунун чечими талкууга алынбайт жана өзгөрүлбөйт.

VIII . Ыйгарылуучу номинациялар

Сынактын жыйынтыгында калыстар тобу тарабынан төмөндөгүдөй номинациялар ыйгарылат:

Ä «ОшМУнун стилдүү мырзасы»

Ä «ОшМУнун стилдүү селкиси»

Ä «ОшМУнун күз мырзасы»

Ä «ОшМУнун күз канышасы»

Ä «ОшМУнун кыш мырзасы»

Ä «ОшМУнун кар канышасы»

IX. Сынактын өткөрүлүүчү жайы жана убактысы

ОшМУнун факультеттер аралык «ОшМУнун стилдүү студенти» сынагы -жылдын …күнү саат… Р.Абдыкадыров атындагы филармонияда өткөрүлөт.

Эскертүү:

Ä Сынакка катышуучулар кийимдерди өздөрү тигүүсү шарт эмес, шаардагы каалаган фирма, дүкөндөрдүн кийимдерин кийип чыга алышат жана аларды жарнамалоого уруксат берилет;

Ä Сынакка катышууну каалагандар ..күнү саат… уюштуруу тобуна кайрылууга тийиш.

Уюштуруу тобу:

ОшМУнун тарбия департаменти жана жаштар комитети;

Байланышуу дареги:

ОшМУ, башкы имарат, 120-кабинет, тел.: 2-25-26, 2-26-33