«ОшМУ периси» студент сулуулар сынагынын жобосу

«ОшМУ периси» студент сулуулар сынагынын жобосу

I. Жалпы жобо

Сынактын максаты жана милдети:

- Студент-жаштарга эстетикалык тарбия берүү;

- Студент жаштардын маданий эс алуусун уюштуруу жана эстетикалык табитин арттыруу;

- ОшМУнун студент кыздарынын арасынан эң сулуу перисин тандап алуу;

- Сулуулардын жана жалпы студенттердин интеллектуалдык жана маданий деңгээлин жогорулатуу;

- Перилер менен ОшМУнун даңазасын дагы бир жолу чыгаруу жана перилерди шаардык, республикалык сынактарга даярдоо;

- Студенттердин сергек жана активдүү жашоо образын чагылдыруу;

- Кыздардагы сулуулуктун, аруулуктун, наздуулуктун жана акылгөйлүктүн үлгүлөрүн көрсөтүү;

- Таланттуу студенттерди табуу жана алардын жөндөм-шыктарын өстүрүү ошондой эле аларга коомчулуктун көңүлүн буру, моралдык дем берүү.

II. Сынактын катышуучулары

Катышуучуларга коюлуучу талаптар:

- Сынакка факультеттерден өз каалоосу менен келген, сырткы келбети, өңү келишкен, таланттуу, ички жан дүйнөсү бай, интеллектуал кыздар кастингде тандалып алынат;

- Бою 165 см. ден жогору болуусу зарыл;

- Портфолиосун (өзү жөнүндө маалымат, зачеттук китепчесинин көчүрмөсү, сүрөттөр, сыйлыктары) – конкурска чейин уюштуруу тобуна тапшыруусу зарыл;

- Бойдок болуусу керек;

III. Талапкерлерди каттоо жана сынакты өткөрүүнүн тартиби

- Каттоо уюштуруу тобу тарабынан жүргүзүлөт;

- Сынак кыргыз жана орус тилдеринде өтөт;

- Сынак 5 турдан турат;

- Сынак массалык маалымат каражаттары тарабынан коомчулукка чагылдырылат;

- Баалуу белектер жана номинациялар уюштуруу тобу тарабынан бекитилет.

Сынакты өткөрүүнүн тартиби (программа):

I тур. «Саламдашуу» - катышуучулар улуттук кийимде чыгып, кыргыз же орус тилдеринде өз чыгармачылыгы (фантазиясы) менен өзү жөнүндө, Мекенин, окуган окуу жайын даңазалоо менен саламдашат (жалпы 3 мүнөт), (саламдашуунун оригиналдуулугуна, чыгармачылдыгына, маданияттуулугуна жана көркөмдүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулат о.э. ушул критерийлер сынактын башка шарттарында (турларында) да эске алынат);

II тур. «Кечки стиль» - катышуучулар аземдүү кийимде (вечерний стилде) чыгышып, өзгөчөлөнгөн жарашыктуу кийимин жана өзүнүн сахнада эркин, кооз алып жүрүшүн көрсөтөт;

III тур. «Акылкарачач» - катышуучулар классикалык кийимде (деловой стилде) чыгышып, билимин, интеллектуалдык потенциалын баалоо үчүн уюштуруу тобу тарабынан даярдалган суроолорго жооп беришет;

Суроолор: 1) Кыргызстандын тарыхы, идеологиясы жана саясаты;

2) Жалпы кругозордук суроо;

3) Кырдаалдан чыгуу, перилердин даанышмандык, чечкиндүүлүк жана тапкычтык сапаттарын аныктоочу суроолор берилет;

IV тур . « Таланттуу пери » - ар бир катышуучу өз өнөрлөрүн тартуулашат: ыр, же музыкалык аспапта ойноо, көркөм окуу, уузчулук, спорттук жөндөмдөрү ж.б.у.с. (фонограммага тыюу салынат, минусовкада ырдаганга уруксат берилет) 4 мүнөт;

V тур . « Ийкемдүү кыз » - катышуучулар чыгыш кийиминде (восточный стилде) алгач жалпы, кийин жекече өз өзүнчө (1 мүнөттөн) чыгыш бийин бийлешет. Бийди хореографтар үйрөтүшөт. Мында катышуучулардын ийкемдүүлүгү, кыймыл-аракетинин кооздугу бааланат;

Эскертүү : Калыстар тобу катышуучулардын портфолиосундагы өзү жөнүндө берген маалыматтарды, фотосүрөттөрдү жана сынактардан алган сыйлыктарын карап чыгып, сынактын жыйынтыгын чыгарууда эске алышат. Катышуучулардын сынакта алган упайлары барабар (спорный момент) болуп калган учурда калыстар тобунун мүчөлөрү добуш берүү жолу менен орундарды аныкташат.

IV. Ош МУнун факультеттеринин декандын тарбиялык иштер боюнча орун басарларынын жана ЖК төрагаларынын милдеттери:

- Сынак боюнча студенттерге маалымат берүү;

- Сынакка катышуучу студентти (бир кызды) табуу жана ага сынактын шарты, өтүү тартиби менен тааныштыруу, материалдык, моралдык жана идеялык жактан көмөк көрсөтүү;

- Сынактын катышуучусун уюштуруу тобу менен байланыштыруу жана ***** күнү саат ***** кастингге алып келүү;

- Бөлүнгөн билеттерди ***** чейин реализациялоо.

V. Уюштуруу тобу

Ош МУнун тарбия департаменти жана жаштар комитети;

Уюштуруу тобунун милдеттери жана укуктары:

- иш-чараларды сынактын жадыбалы боюнча уюштуруу;

- калыстар тобунун курамын бекитүү;

- сынактын өтүшү жана жыйынтыгы жөнүндө массалык маалымат каражаттарына жарыялоо;

- сынактын шарттарына кайдыгер караган жана тиешелүү талаптарды канааттандырбаган катышуучуларды сынактан четтетүү;

- шартка байланыштуу зарыл учурларда сынактын жобосуна өзгөртүүлөрдү киргизүү.

VI. Калыстар тобу

- калыстар уюштуруу тобу тарабынан аныкталат;

- калыстар тобунун мүчөлүгүнө ыйгарылуучу номинациялар боюнча профессионалдуу адистер, хореографтар жана маданият тармагындагы белгилүү инсандар дайындалат;

- калыстар тобунун чечими талкууга алынбайт жана өзгөртүлбөйт.

VII. Ыйгарылуучу номинациялар

Сынактын жыйынтыгында калыстар тобу тарабынан төмөндөгүдөй номинациялар ыйгарылат:

- «ОшМУ периси»

- «ОшМУнун акылкарачачы»

- «ОшМУнун таланттуу периси»

- «ОшМУнун ажарлуу периси»

VIII. Сынактын өткөрүлүүчү жайы жана убактысы

«ОшМУ периси» сынагы **** -жылдын ***** күнү саат ***** С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында (ОУДТда) өткөрүлөт;

Эскертүү:

а) Сынакка катышуучулар ***** чейин уюштуруу тобуна кайрылууга тийиш;

б) Белгиленген убакыттан кечикпей репетицияга үзгүлтүксүз катышуу;

в) Сынактын шарттарын берилген убакыттын ичинде аткаруу (регламентти сактоо);

г) Сынак учурунда атаандаштарынын дарегине шек келтирбөө.

Байланыш дареги: Ош МУнун башкы имараты, 120-кабинет (ЧАЗ), тел.: 2-25-26, 2-26-33.