Студенттик тайпалардын кураторлору жөнүндөгү жобосу
ОшМУдагы студенттик тайпалардын кураторлору жөнүндөгү жобосу
(жобо 2008-жылдын 13-октябрында ОшМУнун Окумуштуулар Кеңешинин №2 жыйынында бекитилген)
1. Жалпы жобо
Студент жаштарды тарбиялоо – ЖОЖдун ар бир окутуучусунун кесиптик милдети жана коом алдындагы инсандык парзы. Студенттик тайпада жүргүзгөн куратордун иши окутуучунун педагогикалык ишмердүүлүгүнүн составдык бөлүгү болуп эсептелет. Университетте билим алуу менен кошо тарбиянын түрдүү багыттары боюнча студенттерди инсандык калыптандыруу процесси жүрөт. Ар бир студенттин университеттеги кеңешчиси, жакын адамы – бул куратор. Куратордук жумуш студенттердин сабактарга катышуу жана жетишүү көрсөткүчтөрүн жогорулатат. Куратордук саат тайпадагы студенттерди үзгүлтүксүз тарбиялоонун негизги каражаты катары эсептелинет. Тайпадагы студенттердин күнүмдүк билим алууга болгон мамилеси, тартиби кураторлук саатта жумасына бир жолу жыйынтыкталып, көзөмөлдөнүп турат. Натыйжада студенттердин билим алууга болгон жоопкерчилиги күчөп, андан ары пландуу өнүгүүгө кадам ташталат.
1. Университеттик администрациянын студенттик тайпадагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп куратор эсептелет. Ал кафедра башчысынын макулдугу аркылуу факультеттин деканы тарабынан дайындалып, университеттин ректорунун буйругунун негизинде бекитилет;
2. Куратордук жумуш кафедрадагы окуу-тарбия иштеринин бир бөлүгү болуп эсептелет жана окутуучу тарабынан жекече иш план түзүлүп, ага жоопкерчиликтүү мамиле жасалат;
3. Куратор окуу жылынын башында, 1-курстан баштап билим алуунун мөөнөтү аяктаганга чейин студенттик тайпага бекитилет;
4. Куратордук жумуштун бир бөлүгү катары куратордук саат эсептелет. Ал факультеттин окуу жадыбалына жуманын алгачкы күндөрүнө коюлуу аркылуу жумасына бир жолу студенттик тайпада өткөрүлөт;
5. Декандын тарбия иштери боюнча орун басары кураторлордун ишмердүүлүгүн координациялайт, көзөмөлдөйт жана жетектейт;
6. Кафедрадагы окутуучунун куратордук ишмердүүлүгүн уюштуруу жана ага көзөмөл жүргүзүү кафедра башчысы тарабынан ишке ашат;
7. Куратор өз ишин деканаттын макулдугу жана кафедранын бекитүүсүнөн өткөн атайын иш планга ылайык жүргүзөт;
8. Университет, факультет жана кафедра алдында тайпадагы студенттердин тарбиясына, окуу-тартибине болгон жоопкерчиликти куратор өз мойнуна алат. Куратордун отчету ар бир семестрдин аягында кафедранын жыйынында декандын тарбия иштери боюнча орун басарынын катышуусу менен угулат;
9. Куратор студенттик тайпага жыл бою жүргүзгөн тарбиялык иштерин куратордук журналга жазып жүрүүгө тийиш. Куратордук журнал отчеттук документ болуп саналат;
10. Кураторлорго деканат жана ректорат тарабынан сыйлыктар берилип турат;
2. Куратордун милдеттери
1. Университеттин тарбия иштери боюнча окуу жылынын комплекстүү иш планына жана факультеттин тарбиялык иш чараларынын планына ылайык: окуу жылына, семестрге, айга, жумага иш план түзүү жана бекиттирүү;
2. Студенттик тайпанын окуудагы жана окуудан сырткаркы ишмердүүлүктөрүнө жыл бою көңүл бөлүү. Жумасына бир жолу куратордук саат өтүү;
3. Тайпанын активдерин (староста, профорг, сектор башчылары) демократиялык негизде дайындоо;
4. Тайпанын активдери менен тыгыз байланышта болуу жана аларды өз алдынчалыкка үйрөтүү;
5. Тайпанын индивидуалдык өзгөчөлүктөрүн иликтөө: студенттердин жатаканалардагы, үйлөрдөгү турмуштук-жашоо шарттарын, алардын социалдык абалын, кызыгууларын, жүрүм-турумун, бош убактысын эмне менен өткөзөөрүн куратор билүүгө тийиш;
6. Студенттердин сабактарга катышуусун жана жетишүүсүн үзгүлтүксүз көзөмөл кылуу;
7. Сабактарга катышуусу жана жетишүүсү начар студенттердин конкреттүү себептерин аныктоо жана аларга өз убагында усулдук-уюштуруучулук жагынан жардам көрсөтүп туруу;
8. Студенттердин жогорку окуу жайына ыңгайлашуусуна (адаптациялануусуна) жакындан жардам берүү;
9. Тайпанын студенттерин окуу планы, университеттин ички тартип эрежелери, экзамен-зачетторду тапшыруулардын эрежелери, билимди баалоонун рейтинг системасы менен тааныштыруу;
10. Өлкөдөгү, университеттеги жана факультеттеги маанилүү жаңылыктар, буйруктар, мыйзамдар менен тайпанын студенттерин кабардар кылып туруу;
11. Тайпанын студенттерин олимпиадаларга, кароо-сынактарга, спорттук мелдештерге, интеллектуалдык таймаштарга активдүү катыштыруу;
12. Студенттерди илимий-иликтөө иштерине кызыктыруу жана жардам берүү;
13. Окуудан четтетилген студенттерди кечиктирбестен ата-энесине кабарлоо;
14. Тайпадагы ынтымактуулукту камсыз кылуу. Өзүнүн кызыкчылыгы менен жамааттын кызыкчылыгын айкалыштыра алган жамаатчыл инсанды тарбиялоо;
15. Студенттин жүрүм-турумундагы терс көрүнүштөрдү жоюу;
16. Студенттерди өзүн өзү тарбиялоосуна, өзүнүн үстүнөн иштөөсүнө, бош убактысын пайдалуу нерселерге жумшоосуна усулдук жардам көрсөтүү;
17. Студенттердин окуу программаларын өздөштүрүүсү тууралуу окутуучулар менен куратордун педагогикалык кызматташуусу;
18. Студенттерди Мекенин, университетин, кесибин сүйүүгө тарбиялоо;
19. Мамлекеттин, университеттин символдорун (гимн, герб, желегин) урматтоого тарбиялоо;
20. Студенттердин дүйнөгө болгон көз караштарын кеңейтүү максатында кураторлук сааттарда саясий, маданий, экономикалык жаңылыктарды, ар түрдүү тарбиялык багыттагы темалар боюнча аңгемелешүүлөр, талкуулар, докладдарды уюштуруу;
21. Окуу-тарбия процессинде студенттердин кесиптик билим алуусуна приоритеттүү маани берүү, ошону менен бирге аларды маданияттуулукка, интеллигенттүүлүккө тарбиялоо, коомдогу активдүүлүгүн жана кооздукка болгон табитин өнүктүрүү, коом алдында жарандык өсүп жетилүүсүн жана жоопкерчилигин калыптандыруу;
22. Шаардын, университеттин жана факультеттин коомдук, маданий-массалык иш чараларына тайпаны активдүү катыштыруу;
23. Шаардын маданий жайларына саякат жасоо: музейлерге, кино, театрларга тайпанын студенттерин алып баруу;
24. Ата-энелер менен педагогикалык кызматташуу (ата-энелер чогулушу, кат алышуу ж.б.), аларга студент жөнүндө чыныгы маалыматтарды билдирип туруу;
25. Тайпадагы студенттердин окуу келишим акысын өз убагында төлөтүү;
3. Куратордун укуктары
1. Студенттик тайпанын бардык сабактарына катыша алат. Зарыл учурларда экзамен менен зачеттерго да катышууга укуктуу;
2. Студенттик тайпага окуу-усулдук иштерин жакшыртуу сунушу менен кафедраларга кайрылууга;
3. Окутуучулардан өзүнүн тайпасындагы студенттердин окуусу, тарбиясы жөнүндө маалымат алууга жана кээ бир студенттерге окуу процессинде өзгөчө жардам көрсөтүүсүн сунуштоого;
4. Университеттин жатаканаларындагы жашоо-шарттардын, тарбиялык иштердин жакшыртуусу боюнча деканатка, ректоратка маселе көтөрүп чыгууга;
5. Студенттердин окуп-тарбиялануусуна, терең билим алуусуна тиешелүү шарттарды түзүү боюнча деканатка, ректоратка кайрылууга;
6. Студенттерди окуудан четтетүү, которулуу, тикелөө боюнча деканаттын чечим чыгаруусуна катышууга;
7. Куратор өзүнүн алгылыктуу, жаңычыл иш тажырыйбасын башкаларга жайылтуу боюнча факультеттин Окумуштуулар Кеңешинде, университеттин массалык маалымат каражаттарында үгүттөөгө;
8. Тайпадагы студенттерди академиялык, социалдык стипендияларга, сыйлыктарга сунуштоого;
9. Тайпанын активдүү студенттерин факультеттин студенттик өзүн өзү башкаруу структурасына сунуштоого;
10. Студенттерге мүнөздөмө жана жүрүм-турумуна баа берүүгө;
11. Тайпанын чогулуштарында студенттерге эскертүү, сөгүш жарыялоого жана окуу келишимдик акыны төлөбөгөн, академиялык карыздары бар, коомго терс жүрүм-турумдардан арылбаган студенттерди окуудан четтетүү тууралу деканатка сунуш берүүгө;
4. Куратордун документтери
1. ОшМУдагы студенттик тайпалардын кураторлору жөнүндөгү жобо;
2. Куратордук журнал;
3. Тарбиялык иштердин пландары;
4. Куратордук сааттардын протоколдору;
5. Кыргыз Республикасынын жана ОшМУнун гимни (тексти жана музыкасы);
6. Кыргыз Республикасынын жана ОшМУнун символдору (герб, желеги);
7. Студенттер жөнүндө маалыматтар: аты-жөнү, туулган жылы-күнү, улуту, жарандуулугу, ата-энесинин жашаган жери, телефондору, студенттин жашаган дареги, телефондору;
8. Тайпадагы студенттердин окуу программасын өздөштүрүүсү жөнүндө маалымат (ар бир семестрдеги);
9. Тайпадагы студенттердин окуу келишимдик акысын төлөгөндүгү жөнүндө маалымат;
10. Ата-энеси жок студенттердин тизмеси;
11. Майып студенттердин тизмеси;
12. Чет өлкөлүк студенттердин тизмеси;
13. Жатаканада жашаган студенттердин тизмеси;
14. Үйлөрдө жашаган студенттердин тизмеси;
15. Үй-бүлөлүү студенттердин тизмеси;
16. Окуунун мыктыларынын тизмеси;
17. Спортсмен, таланттуу студенттердин тизмеси;
18. Жетишүүсү жана катышуусу начар студенттердин тизмеси;
19. Куратордук иштердин отчету.