Декандын тарбия иштери боюнча орун басарлары жөнүндөгү жобосу
ОшМУнун декандын тарбия иштери боюнча орун басарлары жөнүндөгү жобосу
(жобо 2009-жылдын 30-сентябрында ОшМУнун Окумуштуулар Кеңешинин №1 жыйынында бекитилген)
1. Жалпы жобо
1.1. Декандын тарбия иштери боюнча орун басары (мындан ары декандын орун басары) факультеттеги тарбия процессин уюштурат, жетектейт жана бул тармак боюнча жооп берет;
1.2. Тарбия берүү системасы университеттеги кадр даярдоонун негизги составдык бөлүгү болгондуктан, факультеттеги тарбия иши өзгөчө маанилүү жана жооптуу жумуш. Ушул себептен декандын орун басары факультеттеги тажрыйбалуу жана кадыр-барктуу окутуучулардан конкурстук негизде тандалып коюлат. Кафедралар аркылуу талапкерлер көрсөтүлүп, факультеттин деканынын сунушу, университеттин тарбия департаментинин макулдугу менен ректордун буйругу аркылуу дайындалат;
1.3. Декандын орун басарларына административдик жактан факультеттин деканы, ал эми усулдук, функционалдык тарабынан университеттин тарбия департаментинин директору жетекчилик кылат. Декандын орун басары ай сайын кошумча айлык маянасы менен камсыз кылынат;
1.4. Окуу жылынын аягында декандын орун басары жүргүзүлгөн тарбиялык иштер туурасында факультеттин Окумуштуулар Кеңешинде отчет берет жана аны жазуу түрүндө университеттин тарбия департаментине тапшырат.
2. Декандын орун басарларынын милдеттери
2.1. Университеттин тарбия иштери боюнча концепциясына, тарбиялык иштердин планына ылайык факультеттин тарбиялык иш-планын түзүү, декан тарабынан бекиттирүү жана ишке ашыруу;
2.2. Кураторлордун тарбиялык иш планын карайт, талдайт жана деканга бекитүүгө сунуштайт (куратордук иш план окуу жылынын алгачкы жумасынан кечикпей декан тарабынан бекитилүүгө тийиш);
2.3. Факультеттин бардык студенттик тайпалары үчүн жумасына бир жолу куратордук сааттарды окуу жадыбалына койдурат жана анын үзгүлтүксүз өтүлүшүн көзөмөлгө алат;
2.4. Куратордук жумуштардын аткарылышын жакшыртат;
2.5. Факультеттин студенттеринин окуу дисциплиналарын сактоосун көзөмөлгө алуу. Ар бир айдын соңунда сабактарга катышуусу, жетишүүсү начар студенттер менен тарбиялык иш жүргүзүү жана семестрине 60 сааттан ашык сабак калтырган студенттерди окуудан четтетүү боюнча деканга сунуш берүү;
2.6. Факультеттин студенттерин тарбиянын бардык багыты (интеллектуалдык, жарандык-патриоттук, эмгектик, адеп-ахлактык, саясий-укуктук, эстетикалык, дене тарбиясы) боюнча тарбиялоо жана ага ылайык конкреттүү иш-чараларды уюштуруу;
2.7. Студенттик өзүн-өзү башкарууну өнүктүрүү: факультеттин жаштар комитетинин, студенттик акыйкатчынын иштерин жакшыртуу, студенттерди коомдук пайдалуу иштерге тартуу;
2.8. Факультеттин студенттик тайпаларынын старосталары менен окуу, тартип маселелерине байланыштуу иш алып баруу;
2.9. Студенттерде сергек жашоо образын калыптандыруу. Социалдык терс көрүнүштөрдүн (наркомания, аракечтик, СПИД ж.б.) алдын алуу;
2.10. Студенттердин жашоо-турмушу менен жакындан кабардар болуп туруу. Кураторлордун жатаканалардан дайыма кабар алып туруусун уюштуруу;
2.11. Студенттердин факультеттеги жана жатаканалардагы эмерек-буюмдарды этият пайдалануу жоопкерчилигин арттыруу;
2.12. Окуу жайдагы, жатаканалардагы студенттердин жүрүм-турумдарына үзгүлтүксүз көзөмөл жасоо, одоно тарип бузган студенттерге чара көрүү жана студенттердин этикалык жүрүм-турумдарын жакшыртуу;
2.13. Социалдык жактан коргоого муктаж студенттер менен иш алып баруу (ата-энеси жок, майып, аз камсыз болгон студенттерди тизмелөө жана аларга жардам берүү); 2.14. Окуу дисциплинасы, студенттердин жүрүм-турумдары боюнча маалыматтарды топтоо, анализ жасоо жана ага байланыштуу иш аракет кылуу;
2.15. Студенттердин интеллектуалдык, маданий деңгээлин жогорулатуучу иш-чараларды (дискуссия, дебат, брейн-ринг; илимдин, маданияттын, саясаттагы көрүнүктүү адамдары менен жолугушуулар, кароо-сынактар, спорттук мелдештер, КВН ж.б. ), ийримдерди уюштуруу;
2.16. Шаардык, университеттик, факультеттик ишембиликтерге студенттерди алып чыгуу.
3. Декандын орун басарларынын укуктары
3.1. Факультеттеги студенттердин окуу-тарбия дисциплиналарына байланыштуу бардык зарыл маалыматтарды алууга;
3.2. Кураторлорго тарбия иш-чараларын уюштурууга жана даярдык көрүүгө байланыштуу конкреттүү тапшырмаларды берүүгө;
3.3. Кураторлорду, студенттерди моралдык, материалдык сыйлыктарга көрсөтүүгө;
3.4. Кураторлордун, студенттердин үстүнөн админстративдик жаза, окуудан четтетүү боюнча билдирүү берүүгө, бул маселелерди кароочу деканаттын жыйындарына катышууга;
3.5. Студенттик тайпаларга кураторлорду дайындоо үчүн деканга окутуучу-кызматкерлерди сунуштоого; 3.6. Окуу-тарбия иштерин жакшыртуу сунуштары менен ректоратка кайрылууга;
4. Декандын орун басарлары өз ишин төмөндөгү нормативдик документтерге ылайык жүргүзөт
4.1. КРнын Конституциясы;
4.2. КРнын билим берүү жөнүндөгү мыйзамы;
4.3. КРнын жалпы улуттук идеясы (идеологиясы);
4.4. КРнын мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндөгү мыйзамы;
4.5. ОшМУнун уставы;
4.6. ОшМУнун тарбия иштери боюнча концепциясы;
4.7. ОшМУнун тарбия иштери боюнча иш планы;
4.8. ОшМУнун декандын тарбия иштери боюнча орун басарлары жөнүндөгү жобосу;
4.9. ОшМУдагы студенттик тайпалардын кураторлору жөнүндөгү жобосу;
4.10. ОшМУнун студенттик акыйкатчысы (омбудсмени) жөнүндөгү жобосу;
4.11. ОшМУнун ички тартиби жөнүндөгү эрежелер;
4.12. ОшМУдагы тарбия иштерине стимул берүүчү сынактардын жоболору;
4.13. ОшМУнун жаштар комитети жөнүндөгү жобосу;
4.14. ОшМУнун ректорунун буйруктары, көрсөтмөлөрү;
5. Декандын орун басарларынын отчету
5.1. Кафедралардын тарбиялык иштерди аткаруусун талдоо;
5.2. Кураторлордун студенттик тайпаларга өткөн тарбиялык сааттарынын педагогикалык сапаты туурасында;
5.3. Ар бир куратор өз студенттик тайпасындагы эң көп сабак калтырган жана жетишүүсү начар студенттер менен ай сайын кандай иштерди алпаргандыгы;
5.4.Тартип бузган студенттердин катталуусу жана аларга жүргүзүлгөн тарбиялык иштер;
5.5. Декандын орун басарларынын, кураторлордун тарбиялык максатта студенттердин ата-энелери менен болгон байланыштары;
5.6. Декандын орун басары менен кураторлордун жатаканалар менен иштөөсү;
5.7. Ош шаарындагы музейлерге барууну уюштуруу (кайсы студенттик тайпалар барышкан);
5.8. Айына бир жолу массалык түрдө театрга барууну уюштуруу (спектаклдердин аты);
5.9. Студенттик өзүн өзү башкаруу факультетте кандай жолго коюлган: окуу сектору, илим сектору, спорт сектору, маданий-уюштуруу сектору, социалдык сектору, кыздар кеңеши, «Брейн-ринг» сектору, дискуссия клубу; дебат клубу, КВН;
5.10. Студенттик илимий кереге гезит чыгаруунун абалы;
5.11. Семестрде бир жолу тайпалык, курстар аралык спорттук мелдештердин уюштурулуусу, факультеттин спорттук курама командаларынын ийгиликтери;
5.12. Семестрде бир жолу массалык студенттердин катышуусунда поэзия кечесин уюштуруу (кайсы акын менен өттү);
5.13. Факультетте өткөзүлгөн тарбиялык маданий-массалык иш чаралар;
5.14. Университеттик деңгээлде уюштурулган маданий-массалык иш чараларга факультеттин катышуусу;
5.15. Факультеттеги турмуш шарты өтө оор, ата-энеси жок, майып студенттерге көрсөтүлгөн жардамдар;
5.16. Факультеттеги кыздар кеңешинин тарбия багытындагы жүргүзгөн ишмердүүлүктөрү;
5.17. Факультеттин КВН командасын уюштуруу, алардын ийгиликтери;
5.18. Семестрде бир жолу сабактар боюнча, кругозордук суроолор боюнча интеллектуалдык «Брейн-рингдердин» уюштурулуусу;
5.19. Дискуссия клубдарды түзүү. Айына бир жолу кандай темада дискуссия уюштурулгандыгы, ага канчалык студенттер катышкандыгы жөнүндө;
5.20. Дебаттык клубдарды түзүү. Семестрде бир жолу дебаттык мелдештерди уюштуруу, дебаттын темасы;
5.21. Адистиктерге байланыштуу илимпоз адамдар, аспиранттар менен жолугушууларды уюштуруу (кимдер менен өткөнүн атоо);
5.22. Шаардык, университеттик деңгээлде өткөзүлгөн маданий-массалык конкурстарда факультеттин командалары ийгиликке жетиштиби;
5.23. Факультетке ардак такта уюштургандыгы, анын жаңыланып туруусу;
5.24. Факультеттин жылдык тарбиялык иш планынын аткарылбаган иш чараларынын себептери ж.б.