Тарбиялык иштери
Кафедранын билим берүү ишмердүүлүгүнүн негизги максаты – тарбиялоонун мазмунун, формаларын жана методдорун камтыган бирдиктүү системаны түзүү. Тарбиялык иштердин системасы студенттердин кесиптик жана жеке сапаттарын, жөндөмдүүлүктөрүн калыптандырууга, келечектеги кесиптик ишмердүүлүгү үчүн өзүн-өзү өстүрүү жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган. Аудиториядан тышкаркы иштерде куратордук иш чоң роль ойнойт. Кафедрадагы куратордук иш мугалимдик социалдык ролду аткаруу гана эмес, ошол эле учурда ал студенттерди жамаатка, бири-бирине адаптацияланышына көмөк көрсөткөн жумуш болуп да саналат. Кафедра дисциплиналар боюнча жакшы окуган, республикалык олимпиадаларга, мелдештерге катышкан студенттерге өзгөчө көңүл бурат. Иштин жүрүшүндө биздин кафедранын 1-курсунун кураторлору көп жумуш аткарышат: студенттердин өздөрү жөнүндө берген жеке маалыматтардын негизинде алар жөнүндө мүмкүн болушунча көбүрөөк билгенге аракет кылышат, тайпанын активин шайлашат, тайпанын ичинде жакшы маанай, өнөктөштүк жана өз ара жардам көрсөтүү атмосферасын түзүүгө аракет кылышат, тайпа менен дайыма куратордук сааттарды өткөрүшөт.