Биз жөнүндө
• Ош мамлекеттик университети – Кыргызстандагы эң ири жана бай тарыхый тажрыйбасы бар жогорку окуу жайлардын бири. Университеттин тарыхы Кыргыз ССР Эл комиссарлар Советинин 1939-жылдын 10-августундагы № 1142-токтомунун негизинде ачылган Ош мугалимдер институтунан башталат. 1951-жылы Ош мугалимдер институту - СССР Министрлер Советинин № 1759-токтому менен Ош мамлекеттик педагогикалык институтуна айландырылган. Ал эми Кыргыз Республикасынын Президентинин 1992-жылдын 17-июнундагы № 202 - Указы менен Ош мамлекеттик педагогика институту - Ош мамлекеттик университети болуп кайрадан түзүлгөн. • Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 30-августунда чыгарган Жарлыгына ылайык, Кыргызстандын социалдык-экономикалык, руханий жана интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн – Ош мамлекеттик университети “Даңк” ордени менен сыйланган. • Көз карандысыз аккредитация процедурасына даярдануу жана рейтингдерге катышуу болуп, жалпысынан университет боюнча 36, EDNET 17, ААОПО 18, НААР 1 жогорку жана орто кесиптик билим берүү программалары аккредитациядан ийгиликтүү өткөн. • Бүгүнкү күндө ОшМУ 33 алыскы чет өлкөлөрдөгү 267 университет менен мамилеси бар.ОшМУда алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн Чехия, Испания, Түркия, Польша, Россия, Украина, Индия, Пакистан, Бангладеш, Кытай, Корея, Казахстан, Өзбекстан, Тажикистан ж.б. өлкөлөрдөн келип түрдүү адистиктерде студенттер окуп кетишет. ОшМУда: 21 факультет 2 институт 6 колледж 1 илим изилдөөчү институт 1 академия 4 мектеп-гимназиясы 1 лицей 1 башталгыч билим берүү борбору 2 медициналык клиника 1 окуу борбору 22 эл аралык борбор 11 жатакана Ысык- Көлдө “Үмүт” пансионаты Ошто “Ак-Буура” эс алуу жайы Студенттик профилактория 57 илимий лаборатория 10 көз карандысыз тестирлөө борбору 7 дистанттык билим берүү борборлору 3 жабык типтеги заманбап спорт комплекси 15 ачык типтеги спорт комплекси Кичи жана стандарттык футболдук аянтчалар Заманбап теннистик корт Спорттун 18 түрү боюнча федерациялар иштейт УЧУРДА ОшМУДАГЫ КООМДУК УЮМДАР: -Бириккен кесиптик кошуну -Ардагерлер кеңеши -Аялдар кеңеши -Жаштар комитети -Студенттик акыйкатчы аппараты -Бүтүрүүчүлөр ассоциациясы -Камкорчулар кеңеши КИТЕПКАНА 18 китепкана, 40 окуу залы бар Китеп фонду 1 000 000дон ашуун электрондук библиотека кызмат кылат СТИПЕНДИЯ Ар жыл сайын эң мыкты 10 студент 1200 АКШ $ өлчөмүндө атуулдук, 3 студент Кыргыз Республикасынынын Президентинин “Үмүт” стипендиясын алышат. БИЗДИН ДАРЕК: Кыргыз Республикасы, Ош шаары, Ленин көчөсү 331. Сайт: www.oshsu.kg ✉ Edu@oshsu.kg ✅Фейсбук: Ош мамлекеттик университети ✅Твиттер:@OshState ✅Инстаграм:@osh_state_university_official ✅Ютуб каналы: Osh State University Телефон: +996 3222 7-22-73 Факс: +996 3222 7-09-15 ЛИЦ: №LC170000179, №LC0000179