Жаңылыктар Архив

ТАРБИЯ ИШТЕРИ

6-апрель "Эл аралык спорт күнүнө" карата STEM инновациялык колледжинде сергек жашоого, спортко үгүттөгөн куратордук саат өткөрүлдү.

"Спорт - дүйнөнү өзгөртүү касиетине ээ. Спорттун төмөндөгү баалуулуктары:

- командалык дух

- адилеттүүлүк

- тартип

- душманга урмат

- оюндун эрежелерине болгон урмат.

Спортко болгон кызыгуу- сабакты жакшы окуганга, окууда чоң ийгиликтерге жетишкенге өбөлгө түзөт", - деп колледждин директору студенттерге каалоо айтты.


19-ноябрь STEM инновациялык колледжинде эл аралык студенттер күнүнө карата “Студенттикке кабыл алуу” салтанаттуу иш-чарасы болуп өттү. Бүтүрүүчү курстар 1-курстун студенттерин куттуктап концерттик программасын тартуулашты.


28-октябрь күнү STEM инновациялык колледжинде студенттерди эмгекке үйрөттүү жана айлана чөйрөнү тазалоо максатында ишембилик болуп өттү. Ишембиликте колледждин ичи жана Кыргыз телекомдун айланасы STEM инновациялык колледжинин студенттери тарабынан тазаланды.


23-октябрь күнү STEM инновациялык колледжинин "Директордун кубогу" деп аталган колледжибиздин студенттер арасында волейбол жана футбол боюнча турнир болуп өттү.

Волейбол боюнча адистиктер аралык жарышта: 1-орун Торат, 2-орун ВТс, 3-орун ПГс балдар курама командалары ээ болушуп, грамота жана белектер менен сыйланышты. Футбол боюнча адистиктер аралык балдар курама командалардын ичинен 1-орун ВТс, 2-орун ЭТАЭ, 3-орун ТМс командалары ээ болуп, грамота жана сыйлыктар менен сыйланышты. Андан сырткары мыкты оюнчулар алыкталып Мыкты коргоочу: Эсеналиев Сыймык ЭТЭА9-1-20

Мыкты бомбардир:

Матисаев Мерислам

ТМс9-1-20

Мыкты оюнчу:

Чоноев Бекболот

ВТс1-21

Мыкты оюнчу волейбол:

Доорбек уулу Нурболот

Торат-9-2-19 аныкталып баалуу белектер менен сыйланышты. Оюн абдан кызыктуу болуп, командалардан мыкты оюнчулар тандалып, колледждин курама командасы түзүлдү.


22-сентябрь күнү STEM инновациялык колледжинде (КГАМТ циклынын) жалпы окутуучулардын жана аталган окуу жайдын жетекчиси ф.и.к., доцент Абдылакимова Бегайым Кенжематовнанын демилгеси менен таланттуу студенттердин катышуусунда эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына Мамлекеттик тилдин 32 жылдыгына карата иш-чара болуп өттү. Бул иш-чарада STEM инновациялык колледжинин 1-курстун студенти ПГс-1-21 (Нуралы уулу Өмүрдүн аткаруусунда “ Саранжим Ботой”) аттуу кыргыз күүсүн белгилей кетсек болот. Бул иш-чараны аткаруу менен Эгемендүү Кыргызстандын жаштарын патриоттуулукка, Элин-жерин, тилин урматтоого болгон мамилесин дагыда терең сүйүүгө жана билимдерин өркүндөтүүгө шыктандырат.


     Кыргыз Республикасында өткөрүлүп жаткан "Тазалыктын дүйнөлүк күнү" экологиялык акциясынын негизинде Ош мамлекеттик университетинин STEM инновациялык колледжи 2021-жылдын 18-сентябрда Ош шаарында өткөрүлүп жаткан ишембиликке катышты.

     Колледжге бөлүнгөн Курманжан Датка көчөсү Алай мейманканасынан Арстанкулов көчөсүнө чейинки жолдун оң тарабынын арыктары тазаланды.



Гордость колледжа - одаренные студенты!

В Бишкеке прошел турнир по самбо среди юношей, приуроченный к Международному дню борьбы с наркотиками организованный в честь памяти мастера спорта по самбо и дзюдо Чемпиона Азии и призёра Кубка Мира Бекболота Рахатбекова.

На соревнованиях приняли участие более 500 спортсменов, в том числе из России, Таджикистана и Казахстана.

В мероприятии выступали спортсмены с 2003 по 2010 года рождения в 29 разных весовых категориях. По итогам соревнований 1 место в весовой категории 58 кг занял  Маруп уулу Санжарбек студент гр. ТМс-9-19 Инновационного колледжа STEM. Коллектив и студенты колледжа STEM поздравляют чемпиона и желает ему новых спортивных достижений.

 

 

Команда «Национальная Гвардия» инновационного колледжа STEM выиграла 1-место на конкурсе посвященной дню образования вооруженных сил Кыргызской Республики. Конкурс проводила кафедра “экстремальной медицины и БЗД”, медицинского факультета ОшГУ.

Коллектив и студенты колледжа поздравляют с победой на конкурсе и желают дальнейших успехов.


В Бишкеке прошел турнир по самбо среди юношей, приуроченный к Международному дню борьбы с наркотиками организованный в честь памяти мастера спорта по самбо и дзюдо Чемпиона Азии и призёра Кубка Мира Бекболота Рахатбекова.

На соревнованиях приняли участие более 500 спортсменов, в том числе из России, Таджикистана и Казахстана.

В мероприятии выступали спортсмены с 2003 по 2010 года рождения в 29 разных весовых категориях. По итогам соревнований 1 место в весовой категории 58 кг занял  Маруп уулу Санжарбек студент гр. ТМс-9-19 Инновационного колледжа STEM. Коллектив и студенты колледжа STEM поздравляют чемпиона и желает ему новых спортивных достижений.

 

 

Команда «Национальная Гвардия» инновационного колледжа STEM выиграла 1-место на конкурсе посвященной дню образования вооруженных сил Кыргызской Республики. Конкурс проводила кафедра “экстремальной медицины и БЗД”, медицинского факультета ОшГУ.

Коллектив и студенты колледжа поздравляют с победой на конкурсе и желают дальнейших успехов.


Коллежде ишембилик болуп өттү.

      Ош шаардык мэриясынын Ош шаарын жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо боюнча жазгы үч айлыкты өткөрүү жөнүндөгү 2021-жылдын 24-февралындагы №47 токтомунун жана Ош шаарынын борбордук көчөлөрүндөгү арыктарды тазалоо боюнча 2021-жылдын 11-мартындагы буйрутмасынын негизинде Ош мамлекеттик университетинин STEM инновациялык колледжинде 2021-жылдын 18-мартында ишембилик өткөрүлдү.

       Курманжан Датка көчөсү: Алай мейманканасынан Асранкулов көчөсүнө чейинки жолдун оң тарабындагы арыктарды тазалоодо колледждин студенттери жана мугалимдер жамааты активдүү катышты.


       23-февраль "Ата Мекенди коргоо күнүнө " карата иш чара өттү


      36806 аскер бөлүгүндө 23-февраль "Ата Мекенди коргоо күнүнө " карата иш чарага колледждин студенттери (7 тайпадан турган 130 студент) катышты.
            Иш чаранын негизги максаты студенттердин патриоттук(Ата Мекенди сүйүү) сезимин жогорулатуу. Ушуга байланыштуу күжүрмөн техникалар(БМП, БТР), ок атуучу куралдары, РХВЗ инженердик тосмолор жана КР куралдуу күчтөрүнүн аскердик кийимдер(формалар) менен таанышты.
      Аскер бөлүгү студенттер арасында спорттун техникалык түрлөрүнөн эстафета болуп өттү. Жыйынтыгында STEM инновациялык колледжинин студенттери 2-орунга ээ болду.


STEM инновациялык колледжинин 2020-2021-окуу жылынын жазгы семестрине (2-жарым жылдыгына) карата даярдык.

      Билим берүү министрлигинин талаптарына ылайык окуу процессин аралаш уюштуруп жаткандыгына байланыштуу колледждин профессордук-окутуучулук курамына санитардык эпидемиялогия эрежелерин(антисептик, маска менен жүрүү жана аралыкты сактоо) туура сактоо боюнча ОшМУнун ден-соолукту чыңдоо борборунун жетекчиси Конобаев Немат Жунусбаевич маалымат берди