200403 - Медициналык жабдууларды орнотуу, техникалык тейлөө жана оңдоо
Стратегический план развития


РМТ_НББП_2022-2023


Жумушчу топтун иш планы 2022-2023


Студенты специальности "Монтаж, техническое обслуживание и ремонт медицинской техники" инновационного колледжа STEM, во время практических занятий в медицинской клинике ОшГУ произвели ремонт рентгенодиагностического аппарата ЦРДК-УР. Тем самым избавили руководство клиники от необходимости вызова специалиста из России - завода изготовителя. Так как уже истек срок бесплатного гарантийного обслуживания, то ремонт обошелся бы клинике более 1000$.


STEM инновациялык колледжинин РМТ9-1-19 (медициналык техникаларды оңдоо, тейлөө жана монтаждоо) тайпасынын студенттери колледждин окутуучусу Атаханов Хусниддин Муктаровичтин башчылыгында ОшМУнун медициналык клиникасына жадыбал боюнча жуманын бейшемби күнү келишимдин негизинде практикалык сабактарын өтүүдө. Аппараттарды тейлөө графиги түзүлүп, аппараттар текшериле баштады.

Натыйжада, 2 электрофорез Поток1, 1 электрокардиограф QZ-1203G, 1 УВЧ аппарат жана 1 тренажёр оңдолду, 2 стерилизатор, 1 дисцилятор тейленип клиникага тапшырылды.

Колледждин директору Абдылакимова Бегайым Кенжематовна өтүлгөн сабактардан кабар алып, клиниканын директору Ж.Б. Иметовага жолугуп, алдыдагы пландарды талкуулашты.

Жазгуль Букарбаевна колледждин алдыңкы окутуучусу Х. М. Атаханов  жана студенттер жөнүндө жылуу пикирин айтты.


1. Орто кесиптик билим берүүнүн негизги билим берүү программасы, адистиги: 200403. - "Медициналык жабдууларды орнотуу, техникалык тейлөө жана оңдоо".

2. Квалификация: Техник

3. Окуу мооноту:

- орто жалпы билим берүүнүн базасында - 1 жыл 10 ай;

- негизги жалпы билимдин базасында - 2 жыл 10 ай.

4. Окутуу тили: кыргыз, орус;

5. Окуу акысы (контракт): 19500 сом;

6. Окуу программасынын сүрөттөлүшү: ЖОЖдун максаты - менчиктин ар кандай уюштуруучулук-укуктук формаларындагы медициналык мекемелерде жана уюмдарда техникалык адис катары ийгиликтүү иштөө үчүн медициналык жабдууларды техникалык тейлөө, оңдоо жана орнотуу менен байланышкан технологиялар жаатында билим алуу. Кесиптик иштин түрлөрү:

- медициналык жабдууларды орнотуу, техникалык тейлөө жана оңдоо;

- медициналык жабдууларды тейлөө тобун башкаруу;

- медициналык шаймандарды чыгарууга адистештирилген өнөр жай ишканаларында иштөө.

Электрондук техник адистиги боюнча бүтүрүүчүлөрдүн теориялык жана практикалык даярдыгынын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен, бүтүрүүчүлөр электрондук жана компьютердик жабдууларды эксплуатациялоо менен байланышкан экономиканын каалаган тармагында ийгиликтүү иштей алышат, электрондук жабдууларга техникалык тейлөө жана оңдоо иштерин жүргүзүшөт.

7. Байланыштар: программа жетекчиси Атаханов Х.М. +996505627118, atakhanov53@mail.ru,

директор Абдылакимова Б.К. +996776027067, begaiym 777@mail.ru