Тарыхы
Адистештирилген дисциплиналар бөлүмү

Адистештирилген дисциплиналар бөлүмүнүн тарыхы .

Ош мамлкеттик университетинин Окумуштуулар Кеңешинин чечими менен ректордун 2020-жылдын 28-февральындагы №7 протоколунун негизинде STEM инновациялык колледжи тузүлгөн жана директору болуп ф.и.к., доцент Абдылакимова Бегайым Кенжематовна бекитилген.

2020-жылы Техникалык дисциплиналар предметтик циклы болуп түзүлгөн, циклдын башчысы болуп т.и.к., доцент Султанов Сайит Кожонович дайындалып жетектеген. 2022-жылы Техникалык дисциплиналар предметтик циклы Адистештирилен дисциплиналар бөлүмү болуп өзгөрүп, бөлүм башчы кызматка бөлумдүн окутуучусу Маразаков Шавкат Адылбекович дайындалып жетектеген. Ал эми 2023-жылы Адистештирилген дисциплиналар бөлүмүнүн бөлүм башчысы болуп бөлүмдүн окутуучусу Кубатов Нурлан Кушбакович дайындалып бөлүмдү жетектеп жатат.

Бөлүмдүн негизги максаты жогорку квалификациялуу орто кесиптеги адистерин даярдоо:

1. 190604 - “Автоунааны техникалык тейлөө жана оңдоо” багытынын адистиги боюнча техниктерди даярдоо;

2. 190503 – “Транспорттук электр жабдууларын жана автоматикасын эксплуатациялоо” багытынын адистиги боюнча техник-электромеханиктерди даярдоо;

3. 140212 – “Электр менен камсыздоо (тармактар боюнча)” багытынын адистиги боюнча техник-электриктерди даярдоо;

4. 200403 – “Медициналык техникаларды оңдоо, техникалык жактан тейлөө жана монтаждоо” багытынын адистиги боюнча техниктерди даярдоо.

Профессордук-окутуучулук курам жаңы усулдар жана технологиялардыколдонуу менен студенттерге билим берүүдө чоң тажрыйбаларга жана ийгиликтерге жетишкен жогорку квалификациялуу адистерден турат. Азыркы учурда болүмдө 16 окутуучу жана көмөкчү персоналдар иш алып барууда.