Колледждин миссиясы

МАКСАТЫ, МИЛДЕТИ ЖАНА МИССИЯСЫ

Миссия Өлкөнүн, региондун социалдык-экономикалык муктаждыктарын канааттандырган, сапаттуу кесиптик билим берүү.

Стратегиялык максаты - Улуттук жана эл аралык стандарттардын деңгээлине ылайык келген, кесиптик көндүмдөргө ээ болгон компетенттүү адистерди даярдоо. Кыргызстанда жана эл аралык деңгээлде таанылган, атаандаштыкка жөндөмдүү, кызыктар тараптардын талаптарын канааттандырган окуу жайга айлануу.

Стратегиялык пландын негизги милдети – ПТОО тутумундагы зарыл болгон жаңылыктарды жана өзгөрүүлөрдү камсыз кылуу, миссияны жана билим берүү максаттарын кайра карап чыгуу, анын ичинде өзгөрүүлөрдү башкаруу боюнча институционалдык потенциалды жогорулатуу, б.а. динамикалуу жана тез өзгөрүп турган айлана-чөйрөгө, заманбап рыноктун, коомдун жана адамдардын жаңы талаптарына ылдам, өз убагында жооп берүү. Стратегиялык өнүгүү планынын негизинде колледждин ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары боюнча кийинки окуу жылына карата түзүлгөн жылдык иш-планы, жеке программалар жана долбоорлор иштелип чыгып, педагогикалык кеңеш тарабынан кабыл алынат.

Милдеттери:

- Түштүк регионунун эмгек рыногунун божомолунун негизинде алардын натыйжалуулугун камсыз кылуу үчүн орто кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруунун түзүмүн, мазмунун технологияларын иш берүүчүлөрдүн суроо талабына жараша жаңылоо.

- Коомдун жана өлкөнүн социалдык-экономикалык муктаждыктарына жооп берген орточо кесиптик деңгээлдеги адистерди даярдай турган алдыңкы тажрыйба борборун түзүү.

- Мамлекеттик билим берүү стандартынын талаптарына ылайык билим берүү процессин натыйжалуу ишке ашырууга мүмкүндүк берген материалдык-техникалык базаны өнүктүрүү.

- жумуш берүүчүлөр, кызыктар тараптар менен социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүү, аларды сапатты башкаруунун негизги процесстерине тартуу; эмгек рыногунда бүтүрүүчүлөрдүн жумуш менен камсыз болушуна көмөктөшүү;

- билим берүүнүн заманбап методдорун жана технологияларын колдонуу аркылуу студенттердин жалпы, негизги жана кесиптик компетенттүүлүктөрүн өздөштүрүү деңгээлин жогорулатуу,

- билим берүү процессин окуу-методикалык камсыздоону өркүндөтүү, инновациялык ишмердүүлүктү өнүктүрүү;

- окутуучулардын жогорку квалификациясын камсыз кылуу, натыйжалуу кесипкөй жана инновациялык иш-аракеттерди стимулдаштыруу, кадрдык курамды жаңыртуу;

- студенттерде жигердүү жарандык позицияны, өз регионунун, өлкөнүн тагдыры үчүн жоопкерчиликти сезүүнү, мурунку муундардын иштерине аралашкандыгы үчүн сыймыктануу сезимин калыптандыруу;

- бардык кызыктар тараптардын муктаждыктарын канааттандыруу максатында иш-чараларды үзгүлтүксүз өркүндөтүүгө багытталган сапатты башкарууга негизделген колледжди башкаруу тутумун өркүндөтүү;

- ЭККМКнын БЭКти жүзөгө ашыруу үчүн ченемдик-укуктук жана окуу-методикалык базасын түзүү;

- билим берүү процессин башкарууну өркүндөтүүгө багытталган билим сапатына мониторинг жүргүзүү тутумун өркүндөтүү.

- жумушчу орунда окутууну ишке ашыруу.

ОшМУнун миссиясы

  • Компетенттүүлүк мамиле менен заманбап билим берүү процессинде сапаттын кепилдигин камсыздоо;
  • билим берүүнүн, илимдин жана маданияттын дүйнөлүк мейкиндигине интеграциялануу;
  • жаштарда адептик, маданий жана илимий баалуулуктарды, улуттук, руханий маданиятты калыптандыруу;
  • Мамлекеттин экономикалык, социалдык, маданий, саясий өнүгүүсүн камсыздоо үчүн өзүнүн интеллектуалдык потенциалын, өндүрүштө жана кесиптик ишмердүүлүктө, илимде жүзөгө ашыра ала турган жогорку профессионалдык кадрларды даярдоо.