Сыйлыктар

МИТ факультетинин ИСП кафедрасынын профессору, физика-математика илимдеринин доктору Адахимжан Сопуевге 2024-жылдын 8-январында (№1 протокол) Кыргыз Республикасынын инженердик академиясы тарабынан "Ардактуу академик" наамы ыйгарылды.

Диплом Инженерной Академии




Өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы, кесиптик ишмердүүлүгүндөгү ири жетишкендиктери үчүн Эгемендүүлүк күнүнө карата Абдувалиев Абдыганы Осмоновичке Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич тарабынан “Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер” ардактуу наамын ыйгарылды.




2023-жылдын 22-сентябрында Түркистан шаарында өткөн Түрк Дүйнөсүнүн Математиктеринин VII конгрессинде МИТ факультетинин алгебра жана геометрия кафедрасынын профессору, ф.-м.и.д. КРнын УИАнын мүчө-корреспонденти Гулбадан Матиева математика илимин өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн "Түрк дүйнө математиктер коомунун төш белгиси" менен сыйланды.




2023-жылдын 1-сентябрында МИТ факультетинин алгебра жана геометрия кафедрасынын профессору, ф.-м.и.д. КРнын УИАнын мүчө-корреспонденти Гулбадан Матиева "Ош облусунун Ардактуу атуулу" наамы жана "Даанышман" медалы менен сыйланды.




Илим күнүнө карата, 2018-2019-окуу жылында жарык көргөн эмгектер үчүн өткөрүлгөн “Мыкты монография”, “Мыкты окуу куралы”, “Мыкты окуу-усулдук колдонмосу” конкурсунун жыйынтыгы боюнча жана автордук күбөлүктөрү үчүн төмөндөгү окутуучуларды дипломдор жана акчалай сыйлыктарга көрсөтүлдү:

«Мыкты монография – 2019» номинациясы боюнча:

1. I орунга – Ош шаарынан басмадан чыккан “Равномерное приближение решения сингулярно возмущенной задачи в особо критическом случае” (2019-ж.) аттуу монографиясы үчүн математика жана информациялык технологиялар факультетинин математикалык анализ кафедрасынын профессору Каримов Салы Каримовичке – 6250 (алты миң эки жүз элүү) сом акчалай сыйлык;

Мыкты окуу-усулдук колдонмо – 2019”

номинациясы боюнча:

1. III орунга – Ош шаарында басмадан чыккан Н.К. Аркабаев, П.С. Панковдордун авторлугундагы “Информатика боюнча олипиадалык маселелер жыйнагы” (2019-ж.) аттуу окуу колдонмосу үчүн математика жана информациялык технологиялар факультетинин программалоо кафедрасынын доценти Аркабаев Нуркасым Кылычбековичке – 3750 (үч миң жети жүз элүү) сом акчалай сыйлык.

SCOPUS системасынан басмадан чыккан макалаларга:

1. Томск шаарында «Вестник Томского государственного университета» илимий журналында жарык көргөн «Асимптотика решения сингулярно возмущенной задачи коши в случае смены устойчивости, когда собственные значения имеют полюсы» (2019-ж., 18-28-б.) макаласы үчүн математика жана информациялык технологиялар факультетинин информатика кафедрасынын профессору Турсунов Дилмурат Абдиллажановичке – 12500 (он эки миң беш жүз) сом акчалай сыйлык;

2. «Вестник Удмуртского университета» илимий журналында жарык көргөн «Асимптотика решения краевой задачи, когда предельное уравнение имеет нерегулярную особую точку» (2019-ж., 1-9-б.) макаласы үчүн ОшМУнун ректору, доцент Кожобеков Кудайберди Гапаралиевичке, математика жана информациялык технологиялар факультетинин информатика кафедрасынын профессору Турсунов Дилмурат Абдиллажановичке – 12500 (он эки миң беш жүз) сом акчалай сыйлык;

3. Москва шаарындагы Г.В. Плеханов атындагы россия экономикалык университетинин «Growth Poles of the Global Economy: Emergence, Changes and Future Perspectives» илимий журналында коллективдүү авторлоштукта жарык көргөн «Equations of Compound and Hyperbolic Types of Order Four» (2019-ж., 725-736-б.) макаласы үчүн авторлордун бири – математика жана информациялык технологиялар факультетинин программалоо кафедрасынын профессору Сопуев Адахимжан Сопуевичке – 12500 (он эки миң беш жүз) сом акчалай сыйлык;

4. Россиянын «Перспективы науки и образования» аттуу эл аралык электрондук илимий журналында жарык көргөн «О подходах к оценке решения задач математических олимпиад школьников» (2019-ж., 324-344-б.) макаласы үчүн математика жана информациялык технологиялар факультетинин математиканы, информатиканы окутуунун технологиясы жана билим берүүдөгү менеджмент кафедрасынын доценти Келдибекова Аида Өскөновнага – 12500 (он эки миң беш жүз) сом акчалай сыйлык;

5. «Espacios» аттуу илимий журналында коллективдүү авторлоштукта жарык көргөн «Effectiveness of the System of Preparation for Mathematical Olympiads in the Schools of Kyrgyzstan» (2019-ж.) макаласы үчүн авторлордун бири – математика жана информациялык технологиялар факультетинин математиканы, информатиканы окутуунун технологиясы жана билим берүүдөгү менеджмент кафедрасынын доценти Келдибекова Аида Өскөновнага – 12500 (он эки миң беш жүз) сом акчалай сыйлык;

6. «Journal of Physics: Conference Series» аттуу илимий журналында коллективдүү авторлоштукта жарык көргөн «Existence of immovability lines of a partial mapping of Euclidean space E» (2019-ж., 1-5-б.) макаласы үчүн авторлордун бири – математика жана информациялык технологиялар факультетинин алгебра жана геометрия кафедрасынын профессору Гүлбадан Матиевага – 12500 (он эки миң беш жүз) сом акчалай сыйлык;

7. «Journal of Physics: Conference Series» аттуу илимий журналында коллективдүү авторлоштукта жарык көргөн «About existence of quasi-double lines of the partial mapping of space E» (2019-ж., 1-5-б.) макаласы үчүн авторлордун бири – математика жана информациялык технологиялар факультетинин алгебра жана геометрия кафедрасынын профессору Гүлбадан Матиевага – 12500 (он эки миң беш жүз) сом акчалай сыйлык;

Автордук күбөлүктөргө:

1. Кыргыз Республикасынын Кыргыз Патенти тарабынан автордук укук объектилеринин Мамлекеттик реестринде катталган “Метод структурного сращивания для построения асимптотики решения сингулярно возмущенных задач с особыми точками” аттуу илимий макаласына алынган күбөлүгү үчүн математика жана информациялык технологиялар факультетинин алгебра жана геометрия кафедрасынын профессору Алымкулов Келдибайга, информатика кафедрасынын профессору Турсунов Дилмурат Абдиллажановичке – 2500 (эки миң беш жүз) сом акчалай сыйлык;

2. Кыргыз Республикасынын Кыргыз Патенти тарабынан автордук укук объектилеринин Мамлекеттик реестринде катталган “Обобщенный метод погранфункций для построения асимптотики решения бисингулярных задач” аттуу илимий макаласына алынган күбөлүгү үчүн математика жана информациялык технологиялар факультетинин алгебра жана геометрия кафедрасынын профессору Алымкулов Келдибайга, информатика кафедрасынын профессору Турсунов Дилмурат Абдиллажановичке – 2500 (эки миң беш жүз) сом акчалай сыйлык;

3. Кыргыз Республикасынын Кыргыз Патенти тарабынан автордук укук объектилеринин Мамлекеттик реестринде катталган “Новые типы полуортогональных эрмитовых мультивейлетов седьмой степени” аттуу илимий макаласына алынган күбөлүгү үчүн математика жана информациялык технологиялар факультетинин информатика кафедрасынын профессору Турсунов Дилмурат Абдиллажановичке, информациялык технологиялар жана автоматташтырылган системалар кафедрасынын доценти Кудуев Алтынбек Жалилбековичке – 2500 (эки миң беш жүз) сом акчалай сыйлык;

4. Кыргыз Республикасынын Кыргыз Патенти тарабынан автордук укук объектилеринин Мамлекеттик реестринде катталган “Геометрический фрактал «Звезда Мати»” аттуу сүрөттүн эскизине алынган күбөлүгү үчүн математика жана информациялык технологиялар факультетинин алгебра жана геометрия кафедрасынын профессору ГүлбаданМатиевага – 2500 (эки миң беш жүз) сом акчалай сыйлык;

5. Кыргыз Республикасынын Кыргыз Патенти тарабынан автордук укук объектилеринин Мамлекеттик реестринде катталган Матиева Гүлбадан, Абдуллаева Чолпонай Хабибуллаевналардын авторлугундагы “Геометрический фрактал «Тройка треугольников»” аттуу сүрөттүн эскизине алынган күбөлүгү үчүн математика жана информациялык технологиялар факультетинин алгебра жана геометрия кафедрасынын профессору ГүлбаданМатиевага – 2500 (эки миң беш жүз) сом акчалай сыйлык;

6. Кыргыз Республикасынын Кыргыз Патенти тарабынан автордук укук объектилеринин Мамлекеттик реестринде катталган Матиева Гүлбадан, Абдуллаева Чолпонай Хабибуллаевналардын авторлугундагы “Геометрический фрактал «Тройка кругов»” аттуу сүрөттүн эскизине алынган күбөлүгү үчүн математика жана информациялык технологиялар факультетинин алгебра жана геометрия кафедрасынын профессору Гүлбадан Матиевага – 2500 (эки миң беш жүз) сом акчалай сыйлык;

7. Кыргыз Республикасынын Кыргыз Патенти тарабынан автордук укук объектилеринин Мамлекеттик реестринде катталган Матиева Гүлбадан, Абдуллаева Чолпонай Хабибуллаевналардын авторлугундагы “Геометрический фрактал «Цветок правильных шестиугольников»” аттуу сүрөттүн эскизине алынган күбөлүгү үчүн математика жана информациялык технологиялар факультетинин алгебра жана геометрия кафедрасынын профессору Гүлбадан Матиевага – 2500 (эки миң беш жүз) сом акчалай сыйлык;

8. Кыргыз Республикасынын Кыргыз Патенти тарабынан автордук укук объектилеринин Мамлекеттик реестринде катталган “3D модель геометрического фрактала «Предельный октаэдр шаров»” аттуу сүрөттүн 3D моделине алынган күбөлүгү үчүн математика жана информациялык технологиялар факультетинин алгебра жана геометрия кафедрасынын профессору Гүлбадан Матиевага, информациялык технологиялар жана автоматташтырылган системалар кафедрасынын доценти Молдояров Уларбек Дүйшөбековичке – 2500 (эки миң беш жүз) сом акчалай сыйлык;

9. Кыргыз Республикасынын Кыргыз Патенти тарабынан автордук укук объектилеринин Мамлекеттик реестринде катталган “Геометрический фрактал «Предельный правильный пятиугольник кругов»” аттуу сүрөттүн эскизине алынган күбөлүгү үчүн математика жана информациялык технологиялар факультетинин алгебра жана геометрия кафедрасынын профессору Гүлбадан Матиевага – 2500 (эки миң беш жүз) сом акчалай сыйлык;

10. Кыргыз Республикасынын Кыргыз Патенти тарабынан автордук укук объектилеринин Мамлекеттик реестринде катталган “Геометрический фрактал «Предельный правильный шестиугольник кругов»” аттуу сүрөттүн эскизине алынган күбөлүгү үчүн математика жана информациялык технологиялар факультетинин алгебра жана геометрия кафедрасынын профессору Гүлбадан Матиевага – 2500 (эки миң беш жүз) сом акчалай сыйлык;

11. Кыргыз Республикасынын Кыргыз Патенти тарабынан автордук укук объектилеринин Мамлекеттик реестринде катталган “Геометрический фрактал «Цветок Сардал»” аттуу сүрөттүн эскизине алынган күбөлүгү үчүн математика жана информациялык технологиялар факультетинин алгебра жана геометрия кафедрасынын профессору Гүлбадан Матиевага – 2500 (эки миң беш жүз) сом акчалай сыйлык;

12. Кыргыз Республикасынын Кыргыз Патенти тарабынан автордук укук объектилеринин Мамлекеттик реестринде катталган “Геометрический фрактал «Цветок Ыкылап»” аттуу сүрөттүн эскизине алынган күбөлүгү үчүн математика жана информациялык технологиялар факультетинин алгебра жана геометрия кафедрасынын профессору Гүлбадан Матиевага – 2500 (эки миң беш жүз) сом акчалай сыйлык.