Диссертациялык кеңештерде иштөө

2023-жыл үчүн факультеттеги диссертациялык кеңештердин иштери боюнча маалымат

1. Ф.-м.и.д., профессор А. Сопуев, ф.-м.и.д., профессор Г. Матиева, ф.-м.и.к., доцент Т.Папиевалар Ош мамлекеттик университетинин жана Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин алдындагы физика-математика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн уюштурулган Д 05.22.651 диссертациялык кеңешинин мүчөлөрү болуп эсептелинет. Д 05.22.651 диссертациялык кеңеши 01.01.02 – дифференциалдык теңдемелер, динамикалык системалар жана оптималдык башкаруу, 01.01.04 – геометрия жана топология, 01.04.07 – конденсирленген абалдардын физикасы адистиктери боюнча кандидаттык жана 05.17.06 – композиттерди жана полимерлерди кайра иштетүү жана технологиялары адистиги боюнча доктордук диссертацияларды жактоо боюнча иш алып барат. Алар 2023-жылдын 28-февраль, 28-март, 31-октябрь, 29-ноябрь күндөрү болгон диссертациялык кенешинин отурумуна катышкан.
2. П.и.д., профессор А. О. Келдибекова И. Арабаев КМУ, ОшМУ алдында Д 13.23.681 диссоветтин төрагасынын орун басары. 30-июнда Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин «Кесиптик билим берүүнүн педагогикасы жана технологиясы» кафедрасынын окутуунун жана тарбиялоонун теориясы жана методикасы (физика) мугалими Кылычова Нурия Эсеналиевна 13.00.02 педагогика илимдеринин кандидаты илимий даражасын алуу үчүн диссертациянын талкуусу болду. Ал 2023-жылдын 21-сентябрь, 25-октябрь, 20-ноябрь күндөрү болгон диссертациялык кенешинин отурумуна катышкан.

Факультеттеги диссертациялык кеңештердин иштери боюнча маалымат.(2022-жыл үчүн)

Алгебра жана геометрия кафедрасынын профессору, КР илимине эмгек сиңирген ишмер, КР УИАнын мүчө-корреспонденти, ф.-м.и.д., профессор Келдибай Алымкулович жетектеген «Математиканын учурдагы маселелери жана анын колдонулуштары» аттуу темадагы аймактык илимий семинары республикабыздын түштүк региону боюнча өз ишин ийгиликтүү алып келген. Профессор К.Алымкуловдун мезгилсиз дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу, учурда бул семинар “Профессор К. Алымкулов атындагы илимий семинар” аталып, өз ишин улантууда.

Семинарга ОшМУнун, ОшТУнун, КУУнун, ЖАМУнун, БатМУнун илимпоздору катышып келишет. Семинардын ишинин натыйжасында математикалык анализ кафедрасынын изилденүүчүлөрү Камбарова А.Д., Абдилазизова А.А. кандидаттык диссертацияларын коргошту.