Илимий конференциялар
2023-жылдын 1-декабрь күнү ОшМУнун профессору И. Кенжаевдин 70 жылдыгына арналган “Төртүнчү өнөр жай революциянын шартында өлкөнүн илимий-технологиялык өнүгүүсү” аталышындагы эл аралык илимий-практикалык конференцияга факультеттин окутуучулары катышып, илимий баяндамадарды жасашты.
2023-жылдын 30-ноябрь, 1-декабрь күндөрү т.и.д., проф. А.С. Джаманбаевдин 90 жылдыгына арналып өткөзүлгөн “Жаратылыш ресурстарын рационалдуу колдонуунун проблемалары жана көмүрдү кайрадан иштеп чыгуунун заманбап технологиялары” аттуу Эл аралык илимий-практикалык конференцияга факультеттин окутуучулары катышып, илимий баяндамаларды жасашты.


2023-жылдын 23-25-ноябрында Ташкентте академик М.С. Салахитдиновдун 90 жылдыгына арналган эл аралык конференция болуп өттү. Эл аралык конференцияга МИТ факультетинин профессордук-окутуучулар курамы катышышты жана илимий докладдарды окушту.




2023-жылдын 16-ноябрында Кыргызпатенттин Инновациялык борборунда Кыргызпатент жана БУУнун өкүлдөрү тарабынан уюштурулган “Илим жана билимдеги аялдар” Борбордук Азия форуму болуп өттү. “Илимдеги аялдар – өзгөрүүлөрдүн кыймылдаткыч күчү” энциклопедиясынын бет ачары болду”. Форумга факультетибиздин профессор эжекелери Г. Матиева жана А.О.Келдибековалар катышышты. Форумдун негизги мазмуну Кыргыз Республикасынын илимпоз айымдарына арналды институттар, лабораториялар жана илимий-окуу борборлору илимий ачылыштарды жасашат. «Кыргызстандын аялдары илимде» деген китеп Кыргызстандын илимий тармагындагы аялдардын ролун жана жетишкендиктерин изилдөөгө жана жайылтууга кошкон маанилүү салым болуп саналат.

2023-жылдын 13-14-октябрында профессор М.Н. Назаровдун 90 жылдыгына арналган «ТУРУКТУУ ӨНҮГҮҮ МАКСАТТАРЫН МАТЕМАТИКАЛЫК БИЛИМ БЕРҮҮГӨ ИНТЕГРАЦИЯЛОО» аталышындагы XI Назаровдук педагогикалык окуулар эл аралык илимий-методикалык конференция болуп өттү. Факультетибиздин окутуучулары илимий баяндамаларды жасашты.






2023-жылы 10-октябрь күнү Кытай-Орто Азия мамлекеттеринин математиктеринин I форуму Ташкент шаарында өтүп, МИТ факультетинин алгебра жана геометрия кафедрасынын профессору, ф.-м.и.д. КРнын УИАнын мүчө-корреспонденти Гулбадан Матиева илимий доклад жасады.



2023-жылдын 20-23-сентябрда Түркстан шаарында өткөн түрк тилдүү мамлекеттердин математиктеринин конгрессине МИТ факультетинин профессордук-окутуучулук курамы катышып, илимий баяндамаларды жасашты.

ОшМУда 21.09-30.09 күндөрү Туркиянын Анкара шаарындагы Middle East Technical University профессору Марат Ахмет лекция жана семинар өттү. Профессор Марат Ахметтин индекс Хиршасы 32, илимий макалаларынын саны 4минден ашык. Негизги илимий изилдөө багыты дифференциалдык теңдемелер, функционалдык анализ. Профессор Марат Ахметтин лекциялык жана практикалык сабактарына МИТ факультетинин профессорлору, окутуучулары жана аспираттары катышышты.




2023- жылы 7-8-июнь күндөрү Талас шаарында өткөрүлгөн "И. Бекбоевдин алтынчы окуулары. Билим берүүнүн заманбап моделинин көйгөйлөрү: актуалдуу маселелер, жетишкендиктер жана инновациялар" аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция МИТ факультетинин профессордук-окутуучулук курамы катышып, илимий баяндамаларды жасашты.



2023-жылдын 12-13-май күндөрү Ош мамлекеттик университетинде Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, физика-математика илимдеринин доктору, профессор Келдибай Алымкуловдун 80 жылдыгына арналган эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Илимий форумдун алкагында ОшМУда профессор Алымкуловдун илимий борбору ачылды. Конференцияга Россиядан, Казакстандан, Өзбекстандан жана Кыргызстандан белгилүү окумуштуулар катышты. Илимий форумга Испаниянын, Чехиянын, Германиянын жана башка бир катар өлкөлөрдүн математиктери онлайн түрдө катышып, докладдарын жасашты. МИТ факультетинин да окутуучулары илимий докладдарын жасашты.


2023-жылдын 12-май күнү И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде окумуштуу-окутуучу, физика-математика илимдеринин доктору, профессор, КР УИА мүчө-корреспонденти Султаналиева Рая Мамакеевнанын 70 жылдыгына арналган «Азыркы илим жана билим берүүдөгү көйгөйлөр жана инновациялар» аттуу эл аралык илимий конференцияга факультеттин окутуучулары катышышып, илимий баяндамаларды жасашты.
Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети 2023-жылдын 28-29-апрелинде университеттин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына, окуу жай катары түптөлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана профессор К.С.Алыбаевдин 70 жылдыгына карата “Илим жана билим гармониясы - коомду өнүктүрүүчү күчтөрдүн негизи” аталышта илимий-практикалык конференциясы болуп өттү. Эл аралык конференцияга МИТ факультетинин профессордук-окутуучулар курамы катышышып, илимий баяндамаларды жасашты.




2021-2022-жылдагы илимий иш-чаралар

2018-2019-жылдагы илимий иш-чаралар