Практика бурчу

Өндүрүштүк практиканын дневниги

🡄 (шилтеме)


Практиканын иш планы


Практика бурчу

Жалпы бөлүм.

080110 «Экономика жана бухгалтерждик эсеп », 080107“Салык жана салык салуу” адистигин даярдоодо бүтүрүчүлөрдүн квалификациялык практикасы Мамлекеттик билим берүү стандартында адистиктерди каралган окуу программасынын ажырагыс бөлүгү болуп эсептелинет.

Квалификациялык практикасы окутуунун бардык түрлөрүндө окуган студенттер үчүн милдеттүү түрүнө кирет жана башка билим берүү документтеринин негизинде кайрадан аттестацияланбайт.

Квалификациялык практика билим берүү стандартынын талаптарына ылайык окутуунун акыркы семестиринде алты жуманы түзөт. Студенттик квалификациялык практиканын базасы катары – бюджеттик мекемелер, өндүрүштүк ишканалар, кредиттик уюумдар болуп эсептелет. Практиканын базасы программада каралгандай иш-аракеттин түрлөрү, квалификациялык кадрлардын жетекчилигинде студенттердин практикадан өтүүсүн камсыз кылуу.

Практиканын максаты:

Окуу процессинде алган билимдерин бышыктоо, тереңдетүү, өркүндөтүү, көндүмдөрдү аткара билүү. Келечектеги адистиги боюнча жалпы түшүнүккө ээ болуу.

Практиканы текшерүү жана отчеттуулук.

Студент практикадан өткөндөн кийин практика боюнча отчеттун колледджден дайындалган жетекчисине күндөлүктү, ишканадан берилген мүнөздөмөсүн көрсөтүү менен коргойт.

Күндөлүк-бул студенттин күндө аткарган иштерин каттоочу жана практиканын программасын аткаргандыгын тастыктоочу документ болуп эсептелет. Күндөлүккө студент күндө берилген ар бир тапшырманын аткарылышын толтурат жана ишканадагы жетекчи тарабынан текшерилип кол коюлат. Баардык маалыматттар так, туура жана бир түстөгү сыя менен жазылуусу зарыл (тиркеме№1).

Ал эми практиканын отчету практиканы өтүү мезгилиндеги студенттин иш аракеттерин тастыктоочу документ.

Отчетто практика өтүүгө берилген программа белгиленген талаптардын жана суроолордун баардыгы ачык аткарылуусу керек. Практиканын отчету 20-25 бет болуп, 1,5 интервалдагы 14-шрифт менен жазылуусу керек. Отчетто практика учурунда иштеген документтеринин копиясы тиркелип жана адабияттардын тизмеси жазылуусу зарыл. Практиканын отчетун текшерүү жана баалоо финансы – юридикалык колледжинин бухгалтердик эсеп жана салык кафедрасы тарабынан ишке ашырылат.

Практиканын отчетунун түзүлүшү

  • Титулдук баракча (№1 тиркеме)
  • Мазмуну
  • Киришүү

· Негизги бөлүк: теориялык практикалык тапшырмалар.

  • Жыйынтыктоо.
  • Колдонулган адабияттардын тизмеси

· Мүнөздөмө ( ишканадагы жетекчисинин колу жана мөөр менен тастыкталат . Тиркеме №2) .

Практиканын отчеттунун мазмуну:

· Мекеме жөнүндө кыскача маалымат берүү;

· Жумушчу программадагы темалардын негизги бөлүктөрүн ачып берүү;

· Жыйынтыгында практика боюнча суроо сунуштарды жазуу.

Студенттердин билимин баалоодо талаш тартыш суроолор пайда болсо, анда маселени чечүүчү курал катары өндүрүштүк мүнөздөмө эске алынат.

Практиканын жыйынтыгы студенттердин зачеттук ведомостуна жана зачеттук китепчесине түшүрүлөт. Практиканы өтпөгөн жана практиканын программасын себепсиз аткарбаган, ошондой эле практиканын жыйынтыгында канаттандыраарлык эмес баа алган студент колледждин студенттеринин катарынан академиялык карызы бар деп эсептелип студенттик катардан чыгарылат.

Квалификациялык практиканын программасы (Экономика жана бухгалтердик эсеп адистиги үчүн).

1. Ишкана анын структурасы жана чарбалык ишмердүүлүктөрү менен таанышуу.

Окуу өндүрүштүк практикасы жалпы ишкананын түзүлүш структурасы, өндүрүштүн технологиялары, ишкананын бөлүмдөрү менен таанышуудан башталат. Аларды тааныштыруу максатында ишканадагы практика жетекчиси ишканага экскурсия уюштуруу, участкалары , складдары (кампалары) жана ТМЗды сактаган жерлерди, техникалык коопсуздук эрежелери жана башкалар боюнча маалымат берет.

2 . Ишкананын нормативдик укуктук документтери менен таанышуу.

Мында ишкананын түзүлүшү (Мисалы: ОсОО. ОАО. ЗАО.) анын нормативдик документтери лицензиялары, уставы, жоболору, ишкананын ишмердүүлүгү качан ачылган жана башкалар боюнча маалымат алуу.

3 . Ишкананын бухгалтерия бөлүмү жана андагы документациялар менен таанышуу.

Студент бухгалтерия аппараттынын жалпы структурасы, колдонулган формасы( журналдык ордер, мемориалдык ордер, автоматташтырылган форма ) ар бир бөлүмдүн функциялары, документтердин айлануусунун тартиби, ишкананын эсептик саясаты жана башкалары менен таанышат.

4 . Башкы бухгалтердин укуктары жана милдеттери.Бухгалтердин этикалык

нормалары:

Башкы бухгалтердин милдеттерине эмнелер кирет. Бухгалтерия аппаратын түзүүдө анын укуктары. Башкы бухгалтерге тиешелүү укуктук нормалар принциптер, бухгалтерлердин кесиптик этикалары.

5 . Касса. Кассалык документтер, кассирдин милдеттери жана укуктары.

Кассадагы жүргүзүлгөн ишмердүүлүктөр менен таанышуу. Кассалык (китеп) журнал, кассалык лимит, кассалык калдык, кассадагы баштапкы документтер. (Кириш, чыгыш ордерлери, аванстык отчет ж.б.) Кассалык отчет, кассирдин укуктары жана милдеттери менен таанышуу.

6. Эсептешүү бөлүмү, анын ишмердүүлүгү жана документтери.

Бухгалтериянын эсептешүү бөлүмүндө студенттер тараптар менен эсептешүүлөрдү (салык инспекциясы, социалдык фонд, бюджет, ишкананын жумушчулары ж.б) жүргүзүү жана андагы документтер, эсептешүү бухгалтеринин милдетттери жана укутары менен таанышат.

7. Материалдык б өлүм жана андагы ишмердүүлүктөр.

Ишкананын товардык материалдык запастары аз баалуу жана тез бузулуучу буюмдар, алардын келүүсү жана чыгымдалышы, андагы түзүлгөн документтер (накладной, лимиттик забордук карта, төлөө милдеттенмеси ж.б.) менен таанышуу. ТМЗ лардын бухгалтериядагы, складдагы эсебинин өз ара байланышы, ишкананын материалдык баалуулуктарына инвентаризация жүргүзүү жана аны документтештирүү. Материалдык бухгалтердин милдеттери жана башкалар менен таанышуу.

8. Экономикалык бөлүм.

Бөлүмдөгү баардык ишмердүүлүктөр менен таанышуу. Андагы ишкананын түзүлгөн сметалары, тарифтик нормалары, түзүлгөн пландардын аткарылуусу. Экономистердин (кээ би р ишканаларда финансист) кызматтык милдеттери менен таанышуу.

9. Өндүрүштүк жана сатуу бөлүму.

Бул бөлүмдүн ишмердүүлүктөрү жана андагы документациялар, товарды өндурүүнүн (кызмат көрсөтүүнүн) технологиялары. Товарларды сатуу боюнча кабыл алынган иш-чаралар (телеге, гезит журналдарга, жарнак таркатмаларына ж.б. жарнама берүү), аталган бөлүмдөрдүн отчеттору менен таанышуу.

10. Ишкананын финансылык отчету.

Финансылык отчеттуулуктун составын, түзүү тартибин, формаларын, түрлөрүн изилдөө. Андан сырткары ишкананын финансылык отчеттуулугун ким түзөт, ишкананын отчеттук мезгили деген эмне жана төмөнкү формалар менен таанышуу:

– Форма № 1. Бухгалтердик баланс.

– Форма № 2. Пайдалар жана зыяндар тууралуу отчет.

– Форма № 3. Акча каражаттарынын кыймылы боюнча отчет.

– Форма № 4. Ишкананын өздүк капиталдары боюнча отчет.

– Форма № 5. Түшүндүрмө кат.

Квалификациялык практиканын программасы (Салык жана салык салуу адистиги үчүн).

1. Ишкана анын структурасы жана чарбалык ишмердүүлүктөрү менен таанышуу.

Окуу өндүрүштүк практикасы жалпы ишкананын түзүлүш структурасы, өндүрүштүн технологиялары, ишкананын бөлүмдөрү менен таанышуудан башталат. Аларды тааныштыруу максатында ишканадагы практика жетекчиси ишканага экскурсия уюштуруу, участкалары , складдары (кампалары) жана ТМЗды сактаган жерлерди, техникалык коопсуздук эрежелери жана башкалар боюнча маалымат берет.

2 . Ишкананын нормативдик укуктук документтери менен таанышуу.

Мында ишкананын түзүлүшү (Мисалы: ОсОО. ОАО. ЗАО.) анын нормативдик документтери лицензиялары, уставы, жоболору, ишкананын ишмердүүлүгү качан ачылган жана башкалар боюнча маалымат алуу.

3. Салык төлөөчүлөрр менен иштөө бөлүмү.

Түшүндүрүү жана окутуу сектору;

- Кыргыз Республикасынын Салык кодекси жана башка мыйзамдары боюнча толук түшүндүрмө берет;

Салык отчетторун жана декларацияларды кабыл алуу сектору;

- Салык төлөөчүлөрдүн салыктык отчетторун, маалымат расчетторун, декларацияларын кабыл алат жана тариздөө үчүн башка бөлүмгө өткөрүп берет.

4. Кирешени эсепке алуу жана декларацияны тариздөө бөлүмү

- салык төлөөчүлөрдүн салыктык отчетторун, маалымат расчетторун, декларацияларын компьютерге киргизип, өздүк счетунда салык чегерилгендигин жана төлөнгөндүгүн көзөмөлдөйт.

5. Салыктык текшерүү бөлүмү.

- салык карыздарын убагында төлөбөгөн салык төлөөчүлөргө билдирүүлөрдү жөнөтүп, мыйзам чегинде мажбурлап өндүрүү чараларын көрөт.

6. Декларация бербегендер жана токтоткондор менен иштөө бөлүмү.

- Декларация бербегендер жана токтоткон салык төлөөчүлөргө декларацияларды жана салык отчетторун тапшыруу боюнча билдирүүлөрдү жөнөтүп, себептерин аныктап анализ жүргүзөт.

7. Рейддик салыктык көзөмөл жана хронометраждык талдоо жүргүзүү бөлүмү.

- Салык мыйзамдарынын так сакталышын көзөмөлдөө боюнча рейддик текшерүүлөрдү жүргүзөт;

- Салыкты толук көлөмдө төлөнүшүн камсыз кылуу боюнча жана салык базасын түзүү максатында хронометраждык талдоо жүргүзүп турат.

8. Салыктык текшерүү бөлүмү.

- Салыктын туура толук көлөмдө чегерилип төлөнүшүнө көчмө документалдык салыктык текшерүү жүргүзөт;

- Тапшырылган салыктык отчетторунун тууралуулугун көзөмөлдөө иретинде камералдык текшерүү жүргүзүлөт.