Жаңылыктар Архив

Бухгалтердик эсеп жана салык бөлүмү

Бухгалтердик эсеп жана салык бөлүмүнүн тарыхы

        «Бухгалтердик эсеп жана салык» бөлүмү – бул экономика тармагындагы билимдердин жалпы окуу-тарбиялоо, илимий жана усулдук ишмердүүлүккө байланышкан профессордук-окутуучулук курамдын окуу-өндүрүштүк бирикмеси. «Бухгалтердик эсеп жана салык» бөлүмү Ош мамлекеттик университеттин финансы-юридикалык колледжинин окуу-структуралык бөлүгү болуп эсептелинет.

Финансы-юридикалык колледжи алгач юридикалык факультеттин базасында «укук таануу» адистиги боюнча ачылган. 2004-2005-окуу жылында «экономика жана бухгалтердик эсеп», «финансы жана кредит» адистиктери ачылган. Ал эми 2006-2007-окуу жылында жогоруда аталган адистиктерде студенттер көбөйүп, Окумуштуулар Кеңешинин №6 токтомунун (02.02.2007-ж.) чечими жана ректордун №40 буйругунун (13.02.2007-ж.) негизинде «Кесиптик билим берүүнүн» дисциплиналар циклы ачылган.

Кесиптик билим берүү циклине Т. М. Исраилов кафедра башчысы болуп дайындалып 2-жыл жетектеген. Циклдин окуу жүктөмдөрүн Бизнес жана Менеджмент, Финансы жана экономика факультетинин тиешелүү кафедраларынын окутуучулары тейлеп турган.

2009-2010-окуу жылында окуу процессин толук кандуу жүргүзүү масактында жогоруда аталган цикл кесиптик билим берүүнүн «Бухгалтердик эсеп жана финансы» кафедрасы болуп түзүлүп, кафедранын курамы толукталып, өз алдынча иш жүргүзө баштады. Ал эми кафедра башчылыгына улук окутуучу Асилбек кызы Жыпара дайындалган.

2013-2014-окуу жылында жогорудагы аталган кафедра 4 адистикти «Финансы» «Экономика жана бухгалтердик эсеп» «Банк иши» «Салык жана салык салуу» адистиктерин тейлеп келсе, студентердин саны жана окуу жүктөмдөрүнүн саны көбөйгөндүктөн кафедраны эки төмөндөгү багыттагы кафедраларга бөлгөн. «Финансы жана банк иши» кафедра башчылыгына улук окутуучу Асилбек кызы Жыпара жана «Бухгалтердик эсеп жана салык» кафедрасына, кафедра башчылыкка ага окутуучу Исаков Кубанычбек Абибиллаевич дайындалган.

Жогорудагы эки кафедрада окуу саат жүктөмдөрү азайып кетикендигине байланыштуу, кайрадан 2016-жылдын 24-сентябрдагы №760-буйругунунун негизинде “Бухгалтердик эсеп жана финансы” кафедрасы болуп түзүлүп, кафедра башчылыгына доцент Н.Ж. Исаков дайындалды.

Ал эми 2017-2018 окуу жылында ноябрь айынан тартып «Бухгалтердик эсеп жана финансы» кафедрасынын милдетин аткаруучу болуп улук окутуучу Асилбек кызы Жыпара дайындалган.

2018-жылдын 10-сентябрдагы №2 жыйынын чечимине ылайык, окуу жүктөмдөрүнүн саны көбөйгөндүктөн кафедра кайрадан экиге бөлүнгөн. “Бухгалтердик эсеп жана салык” кафедрасынын башчылыгына ага окуутучу Исаков Кубанычбек Абибиллаевич дайындалды.

             Университеттеги орто кесиптик билим берүүнү КРдин Орто кесиптик билим берүү мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында  университеттин ректорунун №145-ФХД/26 26.09.2020 буйругуна ылайык “Бухгалтердик эсеп жана салык” предметтик циклдык комиссиясы болуп түзүлдү. Аталган ПЦКнын ишин көзөмөлдөгөн  университеттин ректорунун №215-ФХД/20 08.10.2020 буйругуна ылайык “Бухгалтердик эсеп жана салык” бөлүмү түзүлгөн.

БЭжС бөлүмүнүн башчылыгына К.А. Исаков, БЭжС ПЦКнын төрайымынын кызмат ордуна А.Н. Стамбекова дайындалды.

Учурда бөлүмдө 17окутуучу, 2 окутуучу (ички совмест.), 3 окутуучу (сырткы совмест.) жана 1 көмөкчү персонал эмгектенүүдө.