ОшМУ 80 жыл

ОШМУНУН 80 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН САЛТАНАТТУУ ИШ ЧАРАЛАРДЫ ДАЯРДОО ЖАНА ӨТКӨРҮҮНҮН ПРОГРАММАСЫ

2019-жылдын октябрь айында Ош мамлекеттик университетинин негизделгенинин 80 жылдыгы белгиленет.

Юбилейди өткөрүүнүн негизги максаттары

Университеттин түзүлгөндөн азыркы мезгилге чейинки илимий-педагогикалык жана практикалык ишмердүүлүгүндөгү жетишкендиктерин аныктоо. Кыргыз Республикасынын улуттук жогорку билим берүү чөйрөсүндө ОшМУнун жаңы сапаттык деңгээлдеги потенциалдуу өнүгүү перспективасын коомчулук менен бөлүшүү. Университеттин коомчулуктагы аброюн көтөрүү. Жаш муунду адеп-ахлактык, патриоттук тарбиялоого багытталган билим берүүнү даңазалоо.

Программаны түзүүнүн концептуалдык базасы

Ø ОшМУнун 2018-2023-жж. перспективалык өнүктүрүү концепциясы;

Ø Университеттин жана анын түзүмдөрүнүн 2018-2019-окуу жылындагы иш-чараларынын пландары;

Ø Университеттин 2018-2019-окуу жылындагы комплекстүү иш планы.

Университетти өнүктүрүүнүн инновациялык жолу жогорку билим берүүнүн коомдун жана мамлекеттин көйгөйлөрүн чечүүдөгү ролун аныктайт жана илимий-техникалык иш чөйрөсүндөгү жогорку квалификациялуу, дени сак жана ар тараптан компетенттүү адистерге болгон социалдык буйрутмаларды камсыздайт. Жогорку билим берүүдөгү дүйнөлүк тенденцияларды улуттук мыкты жетишкендиктер менен айкалыштыруу, окутуунун усулдарын жана технологияларын модерндештирүү, уланмалуулук, программалык жана ченемдик, илимий-методикалык, кадрдык жана материалдык-техникалык маселелерди натыйжалуу чечүү менен жогорку билим берүүнү өнүктүрүү маселелери ОшМУнун өнүгүү концепциясынын өзөгүн түзөт.

Программанын негизги милдеттери :

§ Университеттин профессордук-окутуучулук курамынын, студенттердин, магистранттардын жана аспиранттардын уюштуруучулук, илимий жана чыгармачыл потенциалын ачыктоо;

§ Университеттин заманбап облигин көрсөтүү;

§ Университетти кыргыз жана эл аралык билим берүү мейкиндигинде масштабдуу презентациялоо.

Программанын укуктук-ченемдик базасы

· Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамы;

· “2018-жыл Кыргыз Республикасында аймактарды өнүктүрүү жылы” мамлекеттик программасы;

· ОшМУнун 2018-2023-жж. перспективалык өнүктүрүү концепциясы;

· Университеттин жана анын түзүмдөрүнүн 2018-2019-окуу жылындагы иш-чараларынын пландары;

· Университеттин 2018-2019-окуу жылындагы комплекстүү иш планы.

Программаны ишке ашыруу

1. Программаны ишке ашырууну, жалпы жетектөөнү юбилейдин уюштуруу комитетинин төрагасы, ректор алып барат;

2. Структураларда пландалган иш багыттары тиешелүү жетекчилердин көзөмөлү астында жумушчу топтор аркылуу ишке ашырылат;

3. Программаны ишке ашыруу мөөнөтү – 2018-жылдын сентябрынан 2019-жылдын октябрына чейин;

4. Программада белгиленген иш-чараларды даярдоо жана ишке ашыруу этаптары: Даярдоо этабы – 2018-жыл, сентябрь – 2019-жыл, октябрь; Өткөрүү этабы – 2019-жыл, октябрь.

Укуктук-ченемдик камсыздоо :

· ОшМУнун Окумуштуулар кеңешинин чечимдери;

  • ОшМУнун ректорунун буйруктары;

· Уюштуруу комитетинин жыйындарынын протоколдору.

Уюштуруучулук колдоо :

· Юбилейдин программасын университеттин Окумуштуулар кеңешинде бекитүү;

· Программанын иш-чаралары, анын ичинде белгиленген мөөнөттө университеттин структуралары тарабынан уюштурулуучу илимий, билим берүү, коомдук жана маданий иш-чараларды жүзөгө ашыруу, университеттин өкүлдөрүнүн юбилейге арналган түрдүү иш-чараларга катышуусу боюнча деталдуу планын иштеп чыгуу;

· Окуу жайдын өз каражаттарын, ошондой эле өнөктөштөрдөн, кайрымдуулук уюмдарынан жана демөөрчүлөрдөн тартылган каражаттардын эсебинен бөлүмдөр боюнча чыгымдар сметасын түзүү жана аны өздөштүрүү;

· Юбилейди майрамдоо үчүн университеттин окуу имараттарын жана жайларын даярдоо;

· Университеттин эмгек ардагерлерин жана кызматкерлерин сыйлоо үчүн тизмелерди түзүү;

· Юбилейдин атрибутикаларын (буклеттер, плакаттар, эстелик медалдар, төш белгилер, желекчелер ж.б.) иштеп чыгуу.

· Юбилейге арналган материалдарды (изилдөөлөр, маалыматтар, иш-чаралар ж.б.) материалдарды публикациялоо.

Салтанаттуу юбилейлик иш-чаралар – 2019-жылдын октябрь айында өтөт.

ОшМУнун 80 жылдык юбилейине арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүүнүн иш пландарынын негизги багыттары

Иш-чаралар

Мөөнөтү

Жооптуулар

Куратор

1.

Уюштуруу комитетин жана структураларда уюштуруу топторун түзүү

2018-ж. сентябрь

Структура жетекчилери, декандар, кафедра башчылары

Божонов З.С.

2.

Юбилейлик иш-чаралардын комплекстүү (жалпы университеттик) жана деталдык (структураларда) пландарын иштеп чыгуу, бекитүү

15.09.2018 чейин

Уюштуруу комитети, структура жетекчилери, декандар.

3.

ОшМУнун 80 жылдык юбилейин уюштуруу жана өткөрүү планын ишке ашыруу алкагында уюштуруу комитетинин жана жумушчу топторунун жыйындарын өткөрүү

Ай сайын (зарылдыкка жараша)

Уюштуруу комитети

4.

Университеттин жана анын структураларынын (факультет, кафедра ж.б.) тарыхы боюнча материалдарды (фото, фоно, видео ж.б.) топтоо, атайын бурчтарды (“санариптик архив” ж.б.) уюштуруу

01.09.2018-

01.02.2019

Структура жетекчилери, декандар, кафедра башчылары

5.

Университеттин алдыңкы кызматкерлерин (ПО курамы, окуу-көмөкчү персоналы ж.б.) өкмөттүк сыйлыктар менен сыйлоо үчүн документтерин даярдоо

2019, майга чейин

Кадр башкармалыгы, профком, деканаттар

6.

Ар бир факультет, колледждерде бүтүрүүчүлөрдүн тизмелерин тактоо (“Сыймыктуу бүтүрүүчүлөр”), алар менен системалуу байланыш (жолугушуулар) түзүү

01.09.2018-01.10.2019

Деканаттар, Карьера борбору

7.

Университеттин юбилейлик символикаларын (эстелик медаль, юбилейлик календарь, төш белги, сувенир, папка ж.б.) үлгүлөрүн иштеп чыгуу, бекитүү жана даярдоо

01.09.2019

чейин

Уюштуруу комитети, редколлегия

8.

Юбилейге карата илимий конференция ж.б. иш-чаралардын серияларын даярдоо, уюштуруп өткөрүү

01.09.2018-01.10.2019

Илим жана аспирантура бөлүмү, деканаттар, кафедралар

Кенжаев И.Г.

9.

ОшМУнун 80 жылдык тарыхы (1939-2019-жж.” басылмасынын материалдарын жыйноо жана басмага даярдоо

2019-ж. февралына чейин

Структуралар, деканаттар, кафедралар, редакциялык топ

10.

ОшМУнун окумуштууларынын мыкты илимий эмгектеринин жыйнагын (Алтын фонд) түзүү

30.05.2019 чейин

Илим жана аспирантура бөлүмү, деканаттар, кафедралар

11.

ОшМУдагы илимий мектеби бар абройлуу окумуштуулар жөнүндө басылма даярдоо, аларды коомчулукка жарыялоо

30.05.2019 чейин

Илим жана аспирантура бөлүмү, деканаттар, кафедралар

12.

ОшМУнун окутуучуларынын окуу, илимий жана методикалык багыттагы эмгектерин, изилдөөлөрүн презентациялоо

01.09.2018-01.10.2019

Илим жана аспирантура бөлүмү, деканаттар, кафедралар

13.

Юбилей алкагында университеттин камкорчулар, демөөрчүлөр, өнөктөштөр жана бүтүрүүчүлөрү менен уюштуруучулук жумуштарын алып баруу

01.09.2018-01.10.2019

Эл аралык байланыш

бөлүмү, деканаттар

Абдувалиев А.О.

14.

ОшМУнун мыкты өнөктөштөрү (өлкөдөгү, чет өлкөлөрдөгү жождор, уюмдар, фонддор ж.б.) менен байланыштары тууралуу материалдарды публикациялоо

30.05.2019 чейин

Эл аралык байланыш бөлүмү

15.

ОшМУнун таланттарынын катышуусунда Ош шаарынын борбордук стадионунда масштабдуу юбилейлик салтанатты өткөрүүнүн сценарийин даярдоо

01.10.2019

чейин

Уюштуруу комитети, тарбия департаменти, таланттар академиясы

Жороев Т.А.

16.

ОшМУнун 80 жылдыгына карата китеп көргөзмөлөр циклин (ОшМУнун окумуштууларынын эмгектери ж.б.) уюштуруу

01.09.2018-01.10.2019

Борбордук китепкана, деканаттар

Абазбек уулу Р.

17.

“Мезгил жана университет»: юбилейге карата фотожумуштардын вернисажын даярдоо

30.05.2019 чейин

Борбордук китепкана, медиаборбор, деканаттар

18.

Окутуучулар жана студенттер үчүн юбилейлик конкурстарды (түрдүү багыттарда) жарыялоо, уюштуруп өткөрүү

01.10.2018-30.05.2019

Тарбия департаменти, Профком, деканаттар

Колдошов Т.Р.

19.

ММКларга юбилейге байланыштуу уюштурулган иш-чараларды, жетекчилердин тематикалык маалыматтарын системалуу жарыялап туруу.

01.10.2018, 01.10.2019

Пресс-кызмат, “Нур” гезити, “Үмүт” телестудиясы

20.

ОшМУ жөнүндө тарыхый видеофильм, ролик, трейлер ж.б. даярдоо жана аларды МКК, электрондук ресурстарга жайылтуу

01.09.2018-30.05.2019

Деканаттар, “Үмүт” телестудиясы, Киноакадемия, медиаборбор

21.

ОшМУнун музейин, ардак тактайын (башкы ж.б. окуу корпустарынын фойелеринде) юбилейге карата реконструкциялоо, “ОшМУнун санариптик музейин” түзүү.

01.09.2019

чейин

Уюштуруу комитети, деканаттар, медиаборбор

22.

Юбилейге карата түрдүү маданий-массалык иш-чаралардын серияларын даярдоо, өткөрүү

01.09.2018-30.05.2019

Тарбия дапартаменти, Жаштар комитети, деканаттар

23.

Юбилейге карата түрдүү спорттук иш-чаралардын серияларын даярдоо, өткөрүү

01.09.2018-30.05.2019

Педагогика жана дене тарбия факультети, “Жаштык” СК

Эркебаев Т.К.

24.

Профсоюз линиясы боюнча ОшМУнун юбилейине байланыштуу иш-чараларды уюштуруу

01.09.2018-30.05.2019

Бириккен профсоюз комитети, профбюролор

Аккулов А.У.

25.

ОшМУнун окуу корпустарын, аудиторияларын, салтанат залдарын юбилейди өткөрүүгө даярдоо

01.09.2018-01.10.2019

Административдик-чарба департаменти, деканаттар

Зайнидинов А.Т.

Жогоруда берилген маалыматтардын, тыянактардын, жарыш сөздө айтылган сунуштардын негизинде ОшМУнун Окумуштуулар кеңеши

ТОКТОМ кылат:

1. “ОшМУнун 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш чараларды даярдоо жана өткөрүүнүн программасы жөнүндө” деген маселе боюнча ОшМУнун 80 жылдык юбилейин өткөрүү комитетинин башчысы, доцент С. Арстановдун билдирүүсү эске алынсын.

2. ОшМУнун 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш чараларды даярдоо жана өткөрүүнүн программасы бекитилсин.

3. Тиешелүү структура жетекчилери программада белгиленген иш пландарынын негизги багыттарына ылайык юбилейлик иш чаралардын деталдуу планын иштеп чыгууга жана аны аткарууга милдеттендирилсин.

4. Программада белгиленген иш пландарынын негизги багыттарын көрсөтүлгөн мөөнөттө аткаруу тиешелүү структура жетекчилери, декандар, кафедра башчыларына милдеттендирилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө окуу иштери боюнча проректору, педагогика илимдеринин кандидаты З.С.Божоновго жүктөлсүн.

Окумуштуулар кеңешинин

төрагасы, профессор К.А. Исаков

Окумуштуу катчы М.Т. Байсубанов