Физика, математика жана информатика циклы

Кафедранын тарыхы

2006-2007-окуу жылында  ОшМУнун  Окумуштуулар Кеңешинин 2007-жылдын 2-февралындагы  №6-протоколунун чечими жана ректордун      2007-жылдын 13-февралындагы №40-буйругунун негизинде  «Жалпы билим берүү дисциплиналар» циклы түзүлгөн. Циклдын  курамына 15 адам кабыл алынып, толук иштей баштаган.  Цикл башчы болуп  улук окутуучу Калдыбаева Гүлжамал Абдазовна дайындалган.

2007-2008-окуу жылында кафедрада 27 адам эмгектенген. Кафедранын окуу-усулдук иштери эки багытта жүргүзүлгөн: табигый илимдер секциясы жана гуманитардык илимдер секциясы. Табигый илимдер секциясынын жетекчиси окутуучу Камбар кызы Жыпара жана гуманитардык илимдер секциясынын жетекчиси улук окутуучу Чыналиева Мубарак эмгектенген.

2009-жылы цикл кафедра деп аталып, кафедрада 12 адам эмгектенген жана кафедраны улук окутуучу Калдыбаева Гүлжамал Абдазовна жетектей баштаган.

2009-2010-окуу жылында жаңы окуу канааларынын инновациялык материалдык  компьютердик класстардын  ачылышы каралып 1 компьютердик класс иштеген. Ошондой эле керектүү окуу-усулдук колдонмолорду  даярдоо  иштери   жүргүзүлгөн.

2010-2011-окуу жылында кафедра экиге бөлүнгөн: Жалпы билим берүүчү дисциплиналардын гуманитардык илимдер кафедрасы жана жалпы билим берүүчү дисциплиналардын табигый илимдер кафедрасы. ЖББД гуманитардык илимдер кафедрасынын башчысы болуп Үкүева Бүшарипа, ЖББД табигый илимдер кафедрасынын башчысы болуп Калдыбаева Гүлжамал дайындалган. Кафедрада 14-окутуучу, 1 көмөкчү персонал эмгектенген.

2011-2012-окуу жылында  кафедрада  2203- ПОВТАС адистиги ачылып, алгачкы 40 студентин кабыл алган.

2012-2013-окуу жылында  кафедрада 19 окутуучу, 1көмөкчү персонал эмгектенген. Кафедранын профессордук-окутуучулук курамынын саны 21 адамга өсүп жеткен. Бул көрсөткүч кафедранын өсүп-өнүгүүсүнүн белгиси катары саналган.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматынын №270 «Термосерпилгичтиктин бир ченемдүү түз жана тескери маселесин чыгаруунун алгоритми жана программасы» ЭЭМ үчүн программанын сертификаты, 08-май 2013-жыл. Калдыбаева Гүлжамал Абдазовна патентке ээ болгон.

2013-2014-окуу жылынын 6-февралында №37-буйруктун негизинде “Жалпы билим берүү дисциплиналарынын  табигый илимдер” кафедрасы  “Физика, математика жана информациялык технологиялар” жана “Жалпы билим берүү дисциплиналарынын табият таануу ”  кафедрасы болуп экиге бөлүнгөн. ЖББД табият таануу кафедрасынын башчысы болуп Садыкова Гулмира, Физика, математика жана информациялык технологиялар кафедрасынын башчысы болуп Калдыбаева Гүлжамал Абдазовна болуп дайындалган.

2017-2018-окуу жылында Физика, математика жана информациялык технологиялар  кафедрасында 14 окутуучу, 2 көмөкчү персонал эмгектенген.

2018-2019-окуу жылында ОшМУнун 18-сенятбрь күнү болуп өткөн Административдик кеңешинин чечими менен, №893-буйруктун негизинде ПОВТАС адистиги Индустриалык-педагогикалык колледжинин курамына кошулуп, кафедранын аталышы Физика, математика жана информатика болуп өзгөртүлүп, колледждин студенттерине татыктуу билим берип келүүдө. Кафедрада 2 доцент, 2 улук окутуучу, 4 окутуучу жана 1 көмөкчү персонал эмгектенишкен.

2020-2021-окуу жылында кафедра  цикл деп аталып, циклда 12 адам эмгектенет, анын ичинен 1 доцент, 2 улук окутуучу, 8 окутуучу жана 1 көмөкчү персонал эмгектенишет жана циклды доцент Калдыбаева Гүлжамал Абдазовна жетектейт.