Кафедра жөнүндө

Социалдык-гуманитардык дисциплиналар кафедрасы

Кафедранын окутуучулары ОшМУнун миссиясынын негизинде студенттерге адептик, маданий жана илимий баалуулуктарды берүү менен эмгектенишет. Кафедра башчысы, доцент Р. Ысмаилова профессор-окутуучулук курамдын түзүлүүсүнө, материалдык-техникалык базанын калыптануусуна, студенттерге билим жана тарбия берүүнү жолго салууда өзүнүн талыкпас эмгеги менен кафедранын түптөлүшүнө зор салымын кошуп келе жатат. Учурда кафедрада жогорку билимдүү 25 профессор-окутуучулук курамы иштейт. Алардын ичинен 4 илимдин кандидаты, 10 улук окутуучу, 8 окутуучу, 2 аспирант, 1 лаборант эмгектенет.

Кафедранын ишмердүүлүгү төмөнкү багыттар боюнча ишке ашырылат:

Окуу-усулдук иштери (усулдук бирикменин жетекчиси улук окутуучу Маматова А. Б);

Илимий изилдөө иштери ( илимий изилдөө иштери боюнча жооптуу окутуучу Аскаров Ү. Ы);

Тарбиялык иштери (тарбия иштери боюнча жетекчи окутуучу Иманкулова Т. Ж);

Куратордук иштери (куратордук жетекчи окутуучу Иманкулова Т. Ж);

ОшМУнун усулдук кеңешинин негизинде 2022-2023-окуу жылына түзүлгөн планы менен иш алып барылат. Учурда 4 секциянын окутуучулары (кыргыз тили, орус тили, латын тили, философия) чет элдик студенттердин билим сапатын көтөрүүгө багытталган иш-аракеттерди жүргүзүлүүдө. Кафедранын илимий темасынын алкагында окуу-усулдук колдонмолор, макалалар, илимий докладдар басмадан чыгарылып, колдонулуп келе жатат.

Кафедранын тарбиялык иштери ОшМУнун ректору тарабынан бекитилген тарбия иштеринин планынын концепциясынын негизинде жүргүзүлөт. Медик адистердин инсандык профессионалдык сапаттарынын өөрчүшүнө өзгөчө маани берилет.