Максаты жана милдети
- ар тараптан өнүккөн, жогорку маалыматтуу башталгыч класстардын, дене тарбия мугалимдерин, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине тарбиячыларды даярдоо;
- башталгыч класстарда терендетилген англис тили, мектепке чейинки мекемелерде тарбиячы жана информатика, психология адистиктери боюнча кесиптик камылгасы мол, татыктуу кадрларды чыгаруу;
- окутуу жараянында жаңы технологияларды колдонуу аркылуу студенттердин кесиптик чеберчилигин калыптандыруу, өлкөбүздү заманбап адистер менен камсыз кылуу;
- болочок кесип ээлеринин тандап алган адистиги боюнча теориялык жана усулияттык билим пайдубалынын бекем болушуна жетишүү;
- инсандын жогорку, ЖОЖдон кийинки жана кошумча кесиптик билим берүү аркылуу интеллектуалдык, маданий жана адеп-ахлактык өнүгүү талаптарын канааттандыруу;
- илимий-педагогикалык кызматкерлердин жана студенттердин биргелешкен чыгармачылык ишмердүүлүгү аркылуу фундаменталдык, прикладдык илимдерди жана искусствону өнүктүрүү, алынган натыйжаларды билим берүү процесстеринде пайдалануу;
- жогорку билимдүү адистерди даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу, ошондой эле жогоку квалификациялуу илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо;
- студенттердин жарандык позициясын, мекенчилдигин жана эмгекке болгон сүйүүсүн калыптандыруу, жоопкерчилигин, өз алдынчалыгын жана чыгармачылык активдүүлүгүн өнүктүрүү;
- коомубуздун адеп-ахлактык, маданий жана илимий нарк-насилин сактоо жана көбөйтүү;
- билимдерди калк арасына таратуу, мамлекеттин интеллектуалдык потенциалын жогорулатуу;
- коомчулукка керек болгон психологдорду даярдоо.