Анкета

Урматтуу ОшМУнун КЫЗМАТКЕРИ же СТУДЕНТИ!

Сизден “ОшМУнун структуралык бөлүмдөрүндө коррупциянын алдын алуу жана системдүү коррупцияны демонтаждоо боюнча деталдаштырылган планына ылайык” төмөнкү кызмат орундарындагы орун алып жаткан коррупциялык элементтерди аныктоого жана аларды жоюуга көмөк көрсөтүүңүз үчүн, төмөнкүдөй таблицаны толтуруп берүүңүздү суранабыз. Сиз берген маалыматтын купуялуулугуна кепилдик беребиз.

(Студент, староста, куратор, жаштар комитети, ассистент, окутуучу, улук окутуучу, доцент, профессор, декан, кафедра башчысы, декан, директор жана алардын орун басарлары, ректор, проректорлор, окуу бөлүмүнүн башчысы жана анын кызматкерлери, практиканын жетекчиси, методисттер, кабыл алуу комиссиясы, тех. катчылар, чарба бөлүмүнүн кызматкерлери, бухгалтерия, кадрлар башкармалыгы жана анын инспекторлору, экономисттер, аудитор, архив, библиотекарлар, ж.б.)


Кызматташканыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз!
Байланыш үчүн: 7-45-30, edu@oshsu.kg

Эскертүү: КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАЗЫК КОДЕКСИ. 44-глава. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтык кызыкчылыктарына каршы коррупциялык же башка кылмыштар. 319-берене. Коррупция. 1. Коррупция - материалдык, кандай гана болбосун башка дөөлөттөрдү жана артыкчылыктарды мыйзамсыз алуу, ошондой эле коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыгына коркунуч келтирүүчү жеке адамдарга жана юридикалык жактарга бул дөөлөттөрдү жана артыкчылыктарды берүү максатында бир же бир нече кызмат адамдарынын бийлик ыйгарым укугуна ээ болгон айрым адамдар же топтор менен туруктуу укукка каршы байланыш түзүүдөн турган атайлаган жосундары, - V категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат (10 жылдан 12 жыл 6 айга чейин). 2. Уюшкан кылмыштуу топтун, кылмыштуу уюмдун кызыкчылыгында жасалган, же оор кесепеттерге алып келген ошол эле жосун, - VI категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат (12 жыл 6 айдан 15 жылга чейин).