Диссертация коргогондор

Факультеттеги окумуштуулар профессорлор Арапов Б., Кенжаев И.Г., Ташполотов Ы., доцент Султанов С.К. атайын диссертациялык кеңештерде иш алып барышат.

Профессор И.Г. Кенжаев, И. Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин астындагы 05.14.08 - «Жаңыланып туруучу энергиянын булактарынын негизиндеги энергия орнотмолору» адистиги боюнча доктордук диссертацияларды коргоо боюнча атайын кеңештин төрагасы болуп иштеп келүүдө.

ОшМУнын алдындагы атайын диссертациялык кеңеште профессорлор Арапов Б. жана Ташполотов Ы. кандидаттык диссертацияларды коргоодо катышты.

Доцент Султанов С.К. Оштогу университеттердин астындагы шифри 05.14.08 - «Жаңыланып туруучу энергиянын булактарынын негизиндеги энергия орнотмолору» болгон кандидаттык диссертацияларды коргоо боюнча атайын диссертациялык кеңештин мүчөсү болуп саналат.

  
    Жуманова Майрамкан Маматовна, педагогика илимдеринин кандидаты, 13.00.02- педагогика, окутуунун теориясы жана методикасы. Диссертациянын темасы: "Болочок физика мугалиминин методикалык билгичтиктерин жана көндүмдөрүн калыптандыруу".Илимий жетекчиси: педагогика илимдеринин доктору, профессор Дөөлөтбай Бабаев.
      Омаралиева Зумират Исмайыловна, педагогика илимдеринин кандидаты, 13.00.02- педагогика, окутуунун теориясы жана методикасы. Диссертациянын темасы: "Болочок физика мугалимдерин мектепте дифференцирлеп окутууну ишке ашырууга даярдоо".Илимий жетекчиси: педагогика илимдеринин доктору, профессор Дөөлөтбай Бабаев.
Матисаков Түгөлбай техника илимдеринин кандидаты.05.14.08-Жаңыланып туруучу энергия булактарынын негизиндеги энерготүзүлүштөр.Диссертациянын темасы: "Суу ысытуучу күн түзүлмөлөрүн иштеп чыгуу жана математикалык моделдештирүүнүн негизинде алардын эффективдүүлүгүн өркүндөтүү". Илимий жетекчиси: физика-математика илимдеринин доктору, профессор Ысламидин Ташполотов.
Кудайбердиев Бактыбек Эсенбекович, техника илимдеринин кандидаты,05.14.08-Кайра калыптануучу энергия түрлөрүнүн энерготүзүлүштөрдүн адистиги. Диссертациянын темасы:"Ар тараптуу өз алдынча иштөөчү биоэнергетикалык курамаларды изилдөө жана иштеп чыгуу". Илимий жетекчиси: техника илимдеринин доктору, профессор, КРдин инженердик академиясынын академиги И.Г.Кенжаев.