Жаңылыктар Архив

Кесипке багыттоо иштери

ЭТФ менен ЕНУнун биргеликте аткарган иш чарасы

↓↓↓↓↓↓↓↓↓↓↓↓↓↓↓↓↓↓↓↓↓↓↓↓↓↓↓↓↓↓↓↓↓↓↓↓↓↓↓↓↓↓↓↓↓↓↓↓↓↓↓↓↓↓↓↓↓↓↓↓↓↓↓↓↓↓↓↓

https://enu.kz/kz/news/1025


ЭТФ кафедрасы кесипке багыттоодо

2023-жылдын 8-декабрь күнү ЭТФ кафедрасынын жамааты жана ЭНУнун ОшМУдагы филиалдын директору Найманбай Рахымберди кызы Айнура Ноокат районундагы төмөнкү мектептерге барып кесипке багыттоо иштерин жүргүзүп келди:

1. К.Каримов атындагы орто мектебине 5 мектеп келишти

2. К.Бобулов атындагы орто мектепте 8 мектептен келген окуучулар жана физик-математик мугалимдердин катышуусунда


2023-жылдын 17-майда ОшМУнун физика-техника факультетинин эксперименталдык жана теориялык физика кафедрасы ачык эшиктер күнүндө


“Билим” майрамы

ОшМУда 21-апрель күнү мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн “Билим” майрамы белгиленип, ага кафедранын мүчөлөрү, студенттери активдүү катышышты. Майрамда кафедранын жетишкендиктери, студенттер жараткан эмгектер көргөзмөсү коюлуп, бүтүрүүчүлөр өздөрүнө кафедранын адистиктери тууралуу кенири маалымат ала алышты. Маалымат берүү менен биргеликте, таркатма материалдар да таркатылды.


Кесипке багыттоо иштери

13.04.2023-жылы ЭТФ кафедрасынын башчысы, доцент М.Ч. Осконбаев, кафедра кызматкерлери Турдали кызы Назик жана Жаңыбай кызы Дияна Кара-Суу районуна барып кесипке багыттоо иштерин жүргүзүп келишти. Өзгөчө Кара Суу шаарындагы ОшМУнун гимназиясында, доцент М. Осконбаев окуучуларга физика жана астрономиялык табышмактарды окуп берип, комуздун коштосунда физикалык ырларды ырдап жана күү чертип берди. Табышмакты тапкан окуучуларга доцент М.Ч. Осконбаев ЭТФ кафедрасындагы адистиктери тууралуу баяндалган буклеттерди белекке берди


Кесипке багыттоо иштери

2023-жылдын 28-марттында Ош шаарындагы №34 Чолпонбай Түлөбердиев атындагы орто мектептин 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө ЭТФ кафедрасынын доцентти Эркинбай Садыковдун жүргүзгөн иш чарасы.


Кесипке багыттоо

2021-жылдын 11-майында Ош шаарындагы №42 Керме-Тоо орто мектебинде жана №34 Ч.Түлебердиев атындагы орто мектепте ОшМУнун физика-техника факультетинин деканы, доцент З.Ш.Айдарбеков, ЭТФ кафедрасынын башчысы, доцент М.Ч. Осконбаев, энергетика кафедрасынын башчысы, доцент Матисаков Т.К., декандын тарбия жана контракт иштери боюнча орун басары Жеңишбек уулу Эрлан жана декандын эл аралык байланыштар боюнча орун басары Макамбаева Ж. жана башка окутуучулар жамааты кесипке багыттоо иштерин жүргүзүп келишти .


Бүтүрүүчүлөр менен кесипке багыттоо иш чарасы болуп өттү.

Физика-техника факультетинин эксперименталдык жана теориялык физика кафедрасында 14-февраль 2019-жылы кафедранын жамааты Кара-Суу районуна караштуу “Ак-буура” орто мектебинин бүтүрүүчү класстары менен кесипке багыттоо иш чарасын өткөрүштү. Кафедранын доценти М.Ч. Осконбаев жана ага окутуучу А.Жапаркулов окуучуларга өздөрү окутуп жаткан предметтер, материалдык техникалык база, кафедра, факультет жана университет тууралуу маалыматтарды беришти.


ЭТФ кафедрасы 2018-2019-жылдын иш-планын негизинде «Кесипке багыттоо» иштерди аткаруу алкагында  кафедранын ага окутуучусу А. Жапаркулов Аксы районун бир топ мектептерине профариентация иштерин жүргүзүп келди.

 Мектептин бүтүрүүчүлөр жана мектеп жамааты менен жолугуп ОшМУнун жалпы  адистиктери, университеттин өзгөчөлүктөрү, технологияларынын күндөн күнгө жаңыланып тургандыгы  ж.б.у.с. сыяктуу маалыматтарды кенири берип, аларды кызыктырган суроолорго жооп берип кайтты. ОшМУда окууну каалаган ар бир студент үчүн маалымат берүү, тааныштыруу үчүн дайым эшик ачык экендигин баса белгилеп, адистиктер тууралуу буклеттерди таратып кайтты. 


“Билим” майрамы

ОшМУда 21-апрель күнү мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн “Билим” майрамы белгиленип, ага кафедранын мүчөлөрү, студенттери активдүү катышышты. Майрамда кафедранын жетишкендиктери, студенттер жараткан эмгектер көргөзмөсү коюлуп, бүтүрүүчүлөр өздөрүнө кафедранын адистиктери тууралуу кенири маалымат ала алышты. Маалымат берүү менен биргеликте, таркатма материалдар да таркатылды.


Ачык эшиктер күнү

Ош мамлекеттик университетинде 2021-жылдын 15-май күнү “Ачык эшиктер күнү” салтанаттуу майрамы болуп өттү. ЭТФ кафедрасы дагы жакшы даярдык менен келди. Факультетке жана кафедрага кабыл алынуучу адистиктер чагылдырылган банерди жасап, аспиранттардын, магистрлердин жана бакалавр студенттердин өз колдору менен жасалган курулмалар жана приборлор баяндамасы менен көргөзмөгө коюлду.

Ошондой эле кафедранын профессордук-окутуучулук курамы тарабынан басмадан жарык көргөн окуу китептери, монографиялар, алынган патенттер жана автордук күбөлүктөр, акыркы жылы жарык көргөн илимий баяндамалар дагы көргөзмөнүн көркүн ачты. Өзгөчө телескоп менен жылдыздар картасы көңүлдүн борборунда болду. ЭТФ кафедрасынын башчысы, доцент М.Ч. Осконбаев ОшТВ теле каналына ачык эшиктер күнү, кабыл алынуучу адистиктер жана кафедра тууралуу маек берди.


      ЭТФ кафедрасынын башчысы, доцент М.Ч.Осконбаев 2021-жылдын 24-апрелинде Ош областтык билимин өркүндөтүү институндагы физик угуучуларга “Астрофизика” боюнча мастер-класс сабак өттү жана кесипке багыттоо иштерин жүргүзүп келди.


       2021-жылдын 23-апрелинде ЭТФ кафедрасынын башчысы, доцент М.Ч.Осконбаевдин уюштуруусу менен ОшМУга келген Ош областына караштуу Ноокат районундагы “Т.Темиралиев” атындагы орто мектептин бүтүрүүчүлөрүнө кесипке багыттоо иштери жүргүзүлдү. Бүтүрүүчүлөргө ф.-м.и.д., профессор Ы.Ташполотов, ага окутуучу А.Жапаркулов жана кафедранын жамааты Физика-техника факультетиндеги адистиктер жөнүндө кеңири маалыматтарды беришти.


      Эксперименталдык жана теориялык физика кафедрасынын жалпы жамааты ар жыл сайын мектептерде, мектеп бүтүрүүчүлөр арасында профориентациялык жумушту мыкты деңгээлде алып барышат. Университет тарабынан бөлүштүрүлгөн мектептерге барышып, бүтүрүүчү класстын окуучулары менен жолугушууларды уюштурушат.
      Андан сырткары университетте ар жылдын апрель-май айларында өткөзүлгөн "ачык эшик" күнүндө областардан, райондордон келген бүтүрүүчүлөргө кафедрада тейлөөчү адистиктер боюнча маалыматтарды берип келишет.