Жаңылыктар Архив

Укук таануу жана укук коргоо ишмердүүлүгү бөлүмү

Укук таануу,укук коргоо ишмердүүлүгү, башкарууну документтик камсыздоо жана архив жүргүзүү бөлүмүндө, Укук таануу жана укук коргоо ишмердүүлүгү ПЦК түзүлгөн:

«Укук таануу жана укук коргоо ишмердүүлүгү» ПЦКнын тарыхы

2009-жылдын 3-сентябрында ОшМУнун ректорунун №436 буйругунун негизинде кесиптик билим берүүнүн “Укук таануу” циклы ачылган.

2009-2010-окуу жылында укук таануу циклы укук таануу кафедрасына өзгөртүлүп, кафедрада алгач 6 окутуучу эмгектенген.

2009-2011-ж.ж. кафедраны улук окутуучу Р.А. Абдугафурова жетектеген, мүчөлөрү: улук окутуучу А.А. Осмонова, окутуучулар: Н.А. Сатылганова, М.С. Мамытов, К.А. Мирзаев, Д.С.Батырова.

2011-жылдын 30-сентябрь айында ( пр.№350-1) кафедранын башчысы кызматына улук окутуучу Дж.Ж. Асанбекова дайындалып, 2018-жылдын октябрына чейин жетектеген.

2018-жылдын 17-сентябрындагы №3 токтомуна ылайык ОшМУнун индустриялык-педагогикалык колледжинин социалдык иштер адистиги финансы-юридикалык колледжинин укук таануу кафедрасына кошулгандыгына байланыштуу, кафедра “Укук таануу социалдык иштер кафедрасы” деген аталышка өзгөртүлгөн.

2018-жылдын 25-октябрындагы Окумуштуулар кеңешинин чечими менен (№2 протоколуна ылайык) ю.и.к., улук окутуучу А. К. Орозбаева укук таануу жана социалдык иштер кафедрасынын башчысы кызматына шайланган.

2019-жылы укук коргоо ишмердүүлүгү адистигинде сырттан окуу бөлүмү ачылган.

Кыргыз республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 3-февралындагы №53 «Кыргыз Республикасынын орто кесиптик билим берүү мекемелер жөнүндөгү» токтомунун жобосуна ылайык ОшМУнун структуралык бөлүмдөрүнө өзгөртүү киргизүү боюнча 2020-жылдын 10-сентябрындагы №24 буйругунун негизинде ПЦК «Укук таануу,укук коргоо ишмердүүлүгү,башкарууну документтик камсыздоо жана архив жүргүзүү» бөлүмү ачылып, ю.и.к., доцент А.К.Орозбаева бөлүм башчылыкка жана т.и.к Н.А.Сатылганова ПЦКнын төрайымы болуп дайындалган.

КРдин Өкмөтүнүн 2004-жылынын 3-февралындагы №53 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын орто кесиптик билим берүү мекемелери жөнүндөгү” жобого ылайык ОшМУнун коллеждеринин структураларына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча ОшМУнун Окумуштуулар кеңешинин түзүлгөн комиссиясынын 15-июнь 2021-жылдын №1944-ФХД-21 буйругунун негизинде "Укук таануу жана укук коргоо ишмердүүлүгү" ПЦКсы болуп өзгөрүлдү.