Жаңылыктар Архив

Финансы, банк иши, табият таануу жана товар экспортизалоо бөлүмү

“Финансы жана банк иши” предметтик циклдык комиссиясы (ПЦК) - бул финансы жана банк тармагындагы экономика багыты боюнча билим берүүдө жалпы окуу-тарбиялоо, илимий жана усулдук ишмердүүлүккө багытталган профессордук-окутуучулук курамдан турган окуу-өндүрүштүк бөлүм. “Финансы жана банк иши” ПЦКсы Ош мамлекеттик университетинин Финансы-юридикалык колледжинин окуу-структуралык түзүмү болуп эсептелет.

2006-2007-окуу жылында Окумуштуулар Кеңешинин №6 токтомуна ылайык ректордун №40 буйругунун (13.02.2007) негизинде “Кесиптик билим берүүнүн” дисциплиналар циклы ачылган. Циклдин окуу жүктөмдөрүн Бизнес жана менеджмент, Финансы жана экономика факультеттеринин тиешелүү кафедралары тейлеп турган.

2009-2010-окуу жылында “Финансы”, ”Экономика жана бухгалтердик эсеп” “адистиктеринин окуу процессин толук кандуу жүргүзүү максатында кесиптик билим берүү циклы кесиптик билим берүүнүн “Бухгалтердик эсеп жана финансы” кафедрасы болуп түзүлгөн. Кафедра окуу жүктөмдөрүнүн саны көбөйгөндүгүнө байланыштуу Окумуштуулар Кеңешинин 2018-жылдын 10-сентябрдагы чечимине ылайык ректордун №915 (18.09.2018) буйругунун негизинде төмөндөгүдөй эки кафедрага бөлүнгөн:

 

 

Ø “Финансы жана банк иши”;

Ø “Бухгалтердик эсеп жана салык”;

“Финансы жана банк иши” кафедрасынын башчысынын милдетин аткаруучу болуп э.и.к., доцент Н.Ж.Исаков дайындалган.

2019-жылдын июль айынан тартып э.и.к., доцент Абдрахманов Оёнбек Эмилович ОшМУнун Окумуштуулар Кеңешинде конкурстук шайлоодон ийгиликтүү өтүп, “Финансы жана банка иши” кафедрасынын башчысы кызматына дайындалган. Кафедра 080106 – «Финансы (тармактар боюнча)», 080108 – «Банк иши» адистиктери боюнча өз ишмердүүлүгүн улантып келген.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасынын орто кесиптик билим берүү мекемелери жөнүндөгү” 2004-жылдын 3-февралындагы №53 токтомунун жобосуна ылайык ОшМУнун структуралык бөлүмдөрүнө өзгөртүү киргизүү боюнча 2020-жылдын 10-сентябрындагы №Р-24 буйругунун негизинде Финансы-юридикалык колледжинде “Финансы жана банк иши” кафедрасы “Финансы жана банк иши” предметтик циклдык комиссиясына (ПЦК) өзгөртүлүп түзүлгөн. Ушул эле буйруктун негизинде “Финансы жана банк иши” жана “Табият таануу жана товарды экспертизалоо” предметтик циклдык комиссияларынын курамында “Финансы, банк иши, табият таануу жана товарды экспертизалоо” бөлүмү ачылып, э.и.к., доцент Абдрахманов Оёнбек Эмилович жетектеп келүүдө.