Максаты

Институтта мектепке чейинки жана мектеп мугалимдери бүгүнкү билим берүүнүн кандай көйгөйлөрү боюнча билимин өркүндөтүшөт?

Бүгүнкү илимий техникалык прогресс окутуу процессине да жаңы талаптарды койду. Бул агым педагогдордун кесиптик ишмердүүлүгүнүн маңызын түп тамырынан өзгөрттү. Максаты – педагогдордун кесиптик ишмердүүлүгүн коом койгон талапка ылайык өзгөртүү болгон бул институт, негизинен, төмөнкү актуалдуу көйгөйлөр боюнча мектепке чейинки жана мектеп педагогдорунун билимин өркүндөтөт:

Ø Предметти окутуунун негизги көйгөйлөрү;

Ø Бүгүнкү сабак кандайча уюштурулушу зарыл?

Ø Сабакты мамлекеттик стандарттын негизинде пландаштыруу;

Ø Окутуу натыйжаларын аныктоо ;

Ø Окутуунун инновациялык технологиялары жана аны иш тажрыйбаларда ийгиликтүү колдонуу;

Ø Сапаттуу билим берүү көйгөйлөрү;

Ø Инсанга багыттап окутуунун негиздери;

Ø Окуучулардын жетишкендиктерин баалоо, анын түрлөрү, баалоо критерийлерин иштеп чыгуу жана градациялар;

Ø Окуучулардын жогорку ой жүгүртүүсүн калыптандыруу көйгөйлөрү;

Ø Жогорку ой жүгүртүүнү көнүктүрүүчү cуроолор жана тапшырмаларды иштеп чыгуу маселелери;

Ø Сабакта маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу;

Ø Көп тилдүү билим берүүнүн негиздери, CLIL методикасы;

Ø Окуучуларды жалпы республикалык тестирлөөгө предмет боюнча даярдоо маселелери.