Жаңылыктар Архив

Мугалимдердин билимин өркүндөтүү институту жана ОшМУнун мектептери,ЖОЖго даярдоо борбору
         ОшМУ 75 жылдык тарыхы бар, мугалимдерди даярдоо боюнча бай тажрыйба топтогон билим берүү ордосуна айланган жогорку окуу жай. Ал мугалимдер институнун базасында (1939) жогорку окуу жайы катары калыптанып, өлкө үчүн түрдүү адистиктер жана багыттар боюнча миңдеген мугалимдерди даярдап келүүдө. ЖОЖ катары иштеп келаткан мезгил ичинде ОшМУнун материалдык-техникалык базасы жылдан жылга чыңдалып, мектептердеги билим берүү процессинин бардык тармактары боюнча илимий-методикалык, педагогикалык-психологиялык изилдөөлөрдү жүргүзгөн, окутуунун заманбап технологиялары менен жабдылган, мектеп тибиндеги окуу кабинеттери, лабораториялар менен камсыздалган адистештирилген кафедралары бар билим борборуна айланды. Мектептерде иштеп жаткан бүтүрүүчүлөр квалификациясын өз алдынча жогорулатуу иретинде кафедраларга такай келип, илимий-методикалык багытта консультацияларды алып турушат. Бүтүрүүчүлөр менен кафедралардын ушундай байланышынын негизинде педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу институту ачылган.
      Педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу институтунда:
17 кафедра, 17 PHd докторлор, 390 илимдин кандидаттары, доценттер, 24 илимдин кандидаттары, профессорлор, 56 илимдин докторлору, профессорлор, 2 КРУИАнын мүчө-корреспонденттери, 2 КРУИАнын академиги сабак беришет
Билимин өркүндөтүүгө келишкен мектеп мугалимдери лекцияларды заманбап жабдылган залдарда угушуп, лабораториялардын, кабинеттердин, китепкананын, электрондук китепкананын, көз карандысыз тестирлөө борборлорунун жана интернет кызматтарынан толук пайдалана алышат жана жатакана менен камсыз болушат.
      Квалификациясын жогорулатуу курсуна катышкан педагогдорго түзүлгөн шарттар:
 Интернеттин мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу;
 Электрондук китепканадан электрондук китептерди колдонуу;
 Видео-сабактардын, сабакта колдонулуучу слайддардын, презентациялардын электрондук вариантын алуу;
 Борборлоштурулган китепканалар тармагынын окуу залдарынын кызматтарынан пайдалануу;
 ОшМУнун жалпы орто билим берүүчү “Билим”, “Ыйман” лицейлеринде уюштурулуучу ачык сабактарга катышуу;
 Жалпы Республикалык тестирлөөгө абитуриенттерди предметтен даярдоо боюнча тажырыйба алмашуу максатында ОшМУнун “Адис” окуу борборунда уюштурулуучу сабактарга катышуу