Тарыхы

Т ар ы х ы


           Финансы-юридикалык колледжи алгач 2004-2005-окуу жылында Ош мамлекеттик университетинин юридикалык сырттан окуу факультетинин курамында ачылып, Укук таануу адистигине өзүнүн алгачкы студенттерин күндүзгү бөлүмгө кабыл алган. ОшМУнун Окумуштуулар Кеңешини 2006-жылдын 30-январындагы №4-протоколунун чечиминин негизинде юридикалык коллеж өз алдынча Финансы-юридикалык колледж болуп түзүлүп, Укук таануу адистигине кошумча Экономика жана бухгалтердик эсеп, Финансы жана кредит адистиктери ачылган.

Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы лицензиялоо жана аккредитациялоо боюнча Мамлекеттик инспекциясынын 2006-жылдын 26-сентябрындагы № 8-07 протоколунун чечимине ылайык ал №352 ЛИЦЕНЗИЯСЫН алган.

2006-2007-окуу жылында Окумуштуулар Кеңешинин 2007-жылдын 2-февралындагы №6 протоколунун чечими жана ректордун 2007-жылдын 13-февралындагы №40 буйругунун негизинде колледжде «Кесиптик билим берүү дисциплиналар» жана «Жалпы билим берүү дисциплиналар» кафедрасы ачылган.

Ректорат тарабынан Шакиров 271а дарегиндеги окуу корпусу бөлүнүп, окуу кабинеттеринде керектүү ремонт иштери жүргүзүлүп, материалдык-техникалык базасы чыңдалып, компьютердик класстар керектүү жабдуулар менен жабдылып, окуу процессин жүргүзүүдө толук шарттар түзүлгөн.

Учурда «Экономика  жана  бухгалтердик  эсеп», «Финансы жана  кредит», «Салык жана салык салуу» “Банк иши” , «Укук таануу», “Укук коргоо”, “Башкарууну документациялык камсыздоо жана архив жүргүзүү”, “Товар таануу жана керектелүүчү товарлардын сапатын экспертизалоо” адистиктерине:

9-класстын базасында жалпы негизги билим берүү - 2 жыл 10 ай

     11-класстын базасында орто билим берүү - 1 жыл 10 ай     

мөөнөт менен студенттер кабыл алынып, билим берүү процесси жүргүзүлүп келе жатат.

2006-2008-окуу жылдарда коллежге доцент Атантаев Турсункул Өскөнбаевич директор болуп дайындалган. 2008-2009 окуу жылдарында п.и.к., доцент Акматова Танавар Акматовна директор болгон. 2009-2010-окуу жылында доцент Т.К.Эркебаев директор болуп турган. 2010- 2013 жылга чейин доцент М.Айбашов жетектеп келди. 2013-2020-жж. п.и.к., доцент Акматова Танавар Акматовна жетектеп келген.  01.02.2020-жылдан Исаков Нургазы Жолболдуевич  колледждин директор кызматына дайындалып иштеп келүүдө.

Кыргыз Республикасынын  өкмөтүнүн 2004-жылдын 3-февралындагы № 53 “Кыргыз Республикасынын орто кесиптик билим берүү мекемелери жөнүндөгү” токтомунун  жобосуна ылайык ОшМУнун структуралык бөлүмдөрүнө өзгөртүү киргизүү боюнча 2020-жылдын 10-сентябрындагы  №Р-24 буйругунун негизинде Финансы-юридикалык колледжинде:

 

1.         Бухгалтердик эсеп жана салык

2.         Финансы, банк иши, табият таануу жана товарды экспертизалоо

3.     Укук таануу, укук коргоо ишмердүүлүгү, башкарууну документтик  камсыздоо жана архив жүргүзүү, бөлүмдөрү ачылган.

 

Ушул эле буйруктун негизинде кафедралар төмөнкүдөй: 

 

1.         Бухгалтердик эсеп жана салык

2.         Финансы жана банк иши

3.   Укук таануу жана укук коргоо ишмердүүлүгү

4.         Табият таануу жана товарды экспертизалоо

5.         Жалпы билим берүү дисциплиналарынын тилдер

6.         Физика, математика жана информатика

 

предметтик циклдык комиссияларына өзгөртүлүп түзүлгөн  жана   ар бир предметтик циклдык комиссияларынын башчылары  жана коомдук иштерге жооптуулар дайындалган.