Тарыхы
  Факультет 1951-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун курамында физика-математика факультети деген ат менен түзүлгөн. Жаңы уюшулган мезгилде факультетте математика жана физика кафедралары болгон. Физика-математика факультетинин биринчи деканы ф.-м.и.к., доцент Половиков Федор Иосифович болуп, ал факультетти 1951-1953-жылдары жетектеген.
      1939-1951-жылдары мугалимдерди даярдап келген Ош мугалимдер институту 1951-жылы СССР Министрлер Советинин Токтому менен Ош педагогикалык институту болуп кайра түзүлгөн. Ошого байланыштуу андагы окутуучулар физика-математика факультетинин математика жана физика кафедраларына окутуучулук кызматтарга өтүшкөн.
      1951-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун физика-математика факультетине киришкен студенттерден 1955-жылы математика бөлүмүндө 23 студент, физика бөлүмүндө 18 студент биринчи жолу бүтүрүшүп, жогорку билимдүү математика жана физика мугалимдери квалификацияларына ээ болушкан.
      1953-1956-жылдары физика-математика факультетин ф.-м.и.к., доцент Шамгунов Кизим Давлетович жетектеген жана ал математика кафедрасынын башчысы да болгон.
1956-жылы физика-математика факультетине 100 студент кабыл алынган, ал эми факультетте 64 (математика бөлүмүн - 41, физика бөлүмүн - 23) студент бүтүргөн.
      1957-1958-жылдары физика-математика факультетинин деканы Мамуров Тобокел Мамурович болгон.
      1957-жылдын январь айынан баштап ОМПИде, анын ичинде физика-математика факультетинде да, сырттан окуу бөлүмү ачылган.
      1956-1960-жылдары Каримов С. (2-курс), Оморбек Т. (2-курс), Джураев М. (3-курс), Анарбаев М.А. (2-4-курс) сталиндик стипендия менен окушкан.
      1958-жылы факультетти 84 студент бүтүргөн, алардын ичинен Джураев М. жана Зубкова И. артыкчылык дипломдору менен аякташкан.
      1959-1960-жылдары физика-математика факультетинин декандык кызматын Черненко Виктор Петрович аткарган. Черненко В.П. көп жылдар бою факультеттин деканынын орун басары болуп иштеген.
      Кыргыз ССРинин Илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, профессор Я.В.Быковдун 1963-1965 жылдары ОМПИге жумушка чакырылып, физика-математика факультетинин жогорку математика кафедрасынын алдында анын жетекчилиги менен «Дифференциалдык теңдемелер» аттуу илимий-проблемалык семинардын уюштурулушу факультетте бүгүнкү күндө да жемиштүү иштеп жаткан дифференциалдык теңдемелер боюнча илимий-мектептин пайда болушуна негиз түзгөн.
      1960-жылы институттун жаңы имараты (азыркы башкы имарат) ишке берилген. Физика-математика факультети жаңы имаратка көчүрүлгөн. Бул лабораторияларды жана кабинеттерди кеңейтүүгө жана мыктылап жабдууга мүмкүнчүлүк берди.
      Факультетти 1961-1964-жылдары Койчуманов М.К. жетектеген. Факультеттеги окуу-лабораториялык кабинеттердин базасын чыңдоо максатында Москва шаарындагы “Главучтехпром” заводунан физика илиминин бардык бөлүмдөрү боюнча чоң суммадагы каражатка физикалык окуу куралдары алынган. Илимий изилдөө иштерин жандандыруу үчүн Фрунзедеги Илимдер академиясынан уникалдуу физикалык илимий жабдуулар алып келинип, Ф.Н.Заитовдун жетекчилигинде щелочтук галоиддик кристалл илимий-изилдөө лабораториясы түзүлгөн.
      Факультетти 1965-1969-жылдары Ажимудинов Т.А. жетектеген. Анын жетекчилиги менен Бишкек, Ташкент жана Москва шаарларындагы окуу жайлар жана илимий борборлор менен байланыштар түзүлгөн. 1967-жылы факультеттин 1-курсуна 150, ал эми 1968-жылы - 175 студент кабыл алынган. 1966-1971-жылдары кандидаттык диссертацияларын, факультеттин окутуучулары Каримов С., Абдылдаев М.Ю., Мустафин Д.С., Опенлендер Б.В., Абдыкалыков С.А., Сидляренко В.И., Дударев Е.С. Чинкараев Т.Ч., Маматурдуев Г.М., Б.А. Арапов коргошуп, кафедралардын сапаттык көрсөткүчтөрү жогорулаган.
      1969-1978-жылдары ф.-м.и.к., доцент Абдыкалыков Сулайман Абдыкалыкович факультеттин деканы болуп иштеген.
1969-1971-жылдары жогорку математика кафедрасынын учурдагы жетекчиси, физика-математика илимдеринин доктору, профессор Сатаров Ж. лениндик стипендия менен окуган. Ал 1971-жылы факультеттин математика адистигин артыкчылык диплому менен бүтүргөн.
1971-жылы жогорку математика кафедрасы «Алгебра жана геометрия» жана «Математикалык анализ» кафедраларына бөлүнгөн. 1970-1971-окуу жылына 1-курска математика адистигине 125, физика адистигине 50 студент кабыл алынган.
      1974-жылы институттун тарыхында биринчи жолу дипломдук жумуштарды даярдоого уруксат берилген. Факультеттин бүтүрүүчүлөрү Алыбаев К.С. жана Абдувалиев А.О. доцент С.Каримовдун жетекчилиги астында дифференциалдык теңдемелер багытында дипломдук иштерди жазышкан жана ийгиликтүү коргошкон. Кийинки жылдардан баштап бүтүрүүчүлөрдүн дипломдук иштерди жазышы кеңири жайылтылган. Ушул эле жылдын май айында Фрунзе шаарында биринчи жолу республикалык студенттик олимпиада өтүп, ага факультеттен математика жана физика процесстери боюнча командалар катышып, жакшы көрсөткүчтөргө жетишишкен. Биринчи республикалык олимпиадага факультеттен Алыбаев К.С., Абдувалиев А.О., Сопуев А., Матиева Г.М., Турабиев К., Мамаюсупов М.Ш., Сагындыков Ж.К., Эгембердиев Ж.Э., Тайиров М.М. ж.б. студенттер катышкан.
      1973-1974-окуу жылында факультеттин 4 кафедрасында 10 физика-математика илимдеринин кандидаты, 1 педагогика илимдеринин кандидаты, 6 доцент, 5 доценттин милдетин аткаруучулар, 15 ага окутуучу, 15 окутуучу, 4 ага лаборант, 1 препаратор, 9 лаборант, 1 секретарь, бардыгы болуп 41 окутуучу жана 15 окуу көмөкчү персонал иштеген.
      1974-жылы факультеттин алгебра жана геометрия кафедрасынын алдында окуу эсептөө борбору уюштурулуп, биринчи жолу «Наири-2» электрондук эсептөө машинасы алынган. Бул факультетте эсептөө техникаларын жана программалоо багытын өнүктүрүүгө чоң түрткү берген. Ошондой эле борбордун башка лабораториялары да жаңы портативдик эсептөө техникалары менен да толукталган.
      1975-1976-окуу жылында факультеттин күндүзгү бөлүмүнө 28 группада 673 студент билим алышкан, бардыгы болуп 168 студент бүтүргөн, алардын ичинен 121 студент математика , 47 студент физика бөлүмдөрүн бүтүрүшкөн.
      1978-1984-жылдары факультетти Арапов Байыш Арапович жетектеген.
       Исмаилов Шамши Исмаилович 1984-1986-жылдары факультеттин деканы болгон. 1982-1983-жылдары кандидаттык диссертацияларын факультеттин окутуучулары Минбаева А.М. (Москва, 1982), Барпиев А.Б. (Москва, 1982), Халиуллин Р.Н. (Душанбе, 1982), Сатаров Ж. (Ленинград, 1983), Сопуев А. (Ташкент, 1983), Тайиров М.М. (Тарту, 1983), Абдувалиев А.О. (Москва, 1984), Бабаев Д. (Ленинград, 1984), Борубаев Т.О. (Ленинград, 1986), Матиева Г.М. (Москва, 1986), М.Ш. Мамаюсупов (Новосибирск, 1986) ийгиликтүү коргошкон. Ал эми матанализ кафедрасынын башчысы Каримов С. 1984-жылы Киев шаарында доктордук диссертациясын ийгиликтүү коргогон.
      1985-1986-окуу жылында факультеттин кафедраларында иштешкен 60 окутуучунун арасында 1 илимдин доктору, 24 илимдин кандидаттары болгон. Натыйжада профессордук-окутуучулук курамдын сапаттык көрсөткүчү 41,7%ды түзгөн.
      1985-жылы алгебра жана геометрия кафедрасынан «Эсептөө математикасы» аталышындагы кафедра бөлүнүп чыккан жана бул кафедранын аты 1986-жылы «Информатика жана эсептөө математикасы» деп өзгөртүлгөн.
      1985-жылы Украинанын Чернигов шаарында математика боюнча Бүткүл союздук студенттик олимпиадада Б.А.Акматов жетектеген Ош пединститутунун командасы 18 команданын ичинен 3-орунду ээлеген.
      1986-жылы физика-математика факультети эки «Математика» жана «Физика» деп аталган эки факультетке бөлүнгөн.
      1986-жылдан баштап математика факультетинин деканы болуп Чинкараев Турдумамат Чинкараевич дайындалган жана ал 1988-жылга чейин факультетти жетектеген. 1988-жылы бул эки факультет кайрадан биригип, мурдагы атын алган.
      1987-1988-жылдарда да факультеттин окутуучуларынын диссертацияларды коргоосу уланган: Алтыбаева М. (Алма-Ата, 1987), Осмоналиев К. (Тарту, 1987), Аллахунов Б.(Москва, 1988).
      1987-жылы Матанализ кафедрасынын доценти А.О. Абдувалиевге илим жана техника тармагында Кыргызстан Ленин Комсомолунун сыйлыгы ыйгарылган.
      1988-жылы алтернативдик шайлоонун негизинде факультеттин декандык кызматы-на ф.-м.и.к., доцент Абдыкалыков Сулайман Абдыкалыкович шайланган жана ал 1999-жылга чейин факультетти ийгиликтүү жетектеген.       1990-1999-жылдарда Исмаилов К. (Тарту, 1990), Папиев М.П. (Москва, 1990), Абдырахманов М. (Рига, 1991), Мадраимов С. (Москва, 1991), Абдувалиева Г.К. (Москва, 1992), Тешебаев А. (Ленинград, 1992), Акматов Б. (Москва, 1993), Анарбаева Г.М. (Бишкек, 1993), Усаров А. С. (Бишкек, 1994), Турдубаев С.К. (Бишкек, 1993), Токтосунов Ж.Т. (Алма-Ата, 1995), Син Е.Е. (Бишкек, 1995), Өскөнбаев М.Ч. (Бишкек, 1997) кандидаттык диссертацияларын, ал эми Арапов Б.А. (Бишкек, 1993), Сопуев А. (Бишкек, 1996), Ж.С. Сатаров (Красноярск, 1998) доктордук диссертацияларын коргошкон.
1992-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгына ылайык, Ош мамлекеттик педагогикалык институту Ош мамлекеттик университетине (Ош МУ) өзгөртүп түзүлгөн. Буга байланыштуу кээ бир факультеттер биригип, университетте 6 факультет калган. Физика-математика факультети курамы жана аты өзгөртүүсүз ОшМУнун курамына кирген.
      Республикабыз эгемен мамлекет болгондон жана окуу жайыбыз университет статусун алгандан баштап, физика-математика факультетинин алдында да билим берүү системасынан башка сфераларга да керектүү болгон жаңы адистиктерди ачуу жана даярдоо маселеси коюлду. Бул максатта факультетте 1996-жылы жаңы прикладдык математика жана информатика, экономикадагы информациялык системалар адистиктери ачылган. Факультеттин кеңейишине байланыштуу 1996-жылы информатика жана эсептөө математика кафедрасы, прикладдык математика жана информатика кафедрасына өзгөртүлүп түзүлгөн, ал эми 1997-жылы жаңы жогорку математика жана математикалык экономика (ЖМжана МЭ) кафедрасы ачылган.
      1999-жылы алтернативдик шайлоонун негизинде факультеттин декандык кызматына ф.-м.и.к., доцент Абдувалиев Абдыганы Осмонович шайланган жана ал 2011-жылга чейин факультетти ийгиликтүү жетектеген. 1997-1998-окуу жылында финансы жана кредит, бухгалтердик эсеп жана аудит адистиктери ЖМ жана МЭ кафедрасынын башчысы А.О. Абдувалиевдин демилгеси менен ачылган. 1998-99-окуу жылына эки адистик боюнча студенттер физика-математика факультетине 1-курска кабыл алынган жана 1999-жылдын 1-сентябрынан тартып (алгачкы студенттер 2-курска өтүшкөндөн кийин) менеджмент жана бизнес факультетинин карамагына өткөрүлүп берилген.
      2000-жылы физика-математика факультетинде жаңы эсептөө техникаларын жана автоматташтырылган системаларды программалык камсыздоо (ПОВТАС) жана электроника жана микроэлектроника адистиктери ачылган. Ошол эле жылы ЖМ жана МЭ кафедрасы «Жогорку математика» жана «Экономикадагы математикалык методдор» кафедраларына бөлүнгөн.
2001-жылы жаңы адистиктердин ачылышы менен факультеттин кеңейгендигине байланыштуу физика-математика факультети физика, математика жана информациялык технологиялар (ФМИТ) факультети деген аталышка өзгөртүлгөн.
      2001-2002-окуу жылында «Экономикадагы математикалык методдор» (ЭЭМ) жана «Информациялык системалар жана технологиялар» (ИСТ) адистиктери ачылган. Факультеттин бардык адистиктери 2002-жылдын апрель айында жүргүзүлгөн Билим берүү министрлигинин аттестациясынан ийгиликтүү өткөн.
      2002-жылдын 1-сентябрынан баштап факультеттеги адистиктердин санынын жана студенттердин контингентинин кескин көбөйгөндүгүнө байланыштуу факультет экиге бөлүнгөн: биринчи факультет – «Физика, математика жана информатика факультети» (ФМИФ) деп, ал эми экинчи факультет «Компьютердик технологиялар факультети» (КТФ) деген аталышта болгон.
Жаңы ачылган Компьютердик технологиялар факультетине ф.-м.и.д., профессор Сопуев Адахимжан Сопуевич декан болуп дайындалган жана ал 2006-жылдын май айына чейин факультетти жетектеген. Бул факультеттин курамында “Программалоо”, ИТАС жа-на “Прикладддык жана компьютердик математика” жана “Экономикадагы математикалык методдор” кафедралары болгон. Факультетте «Эсептөө техникаларын жана автоматташтырылган системаларды программалык камсыздоо», «Информациялык системалар жана технологиялар», «Информацияларды иштетүүнүн жана башкаруунун автоматташтырылган системалары», “Экономикадагы математикалык методдор” деген адистиктер боюнча инженер-программисттерди жана экономист-математиктерди даярдоо жүргүзүлгөн.
      2003-жылы Компьютердик технологиялар факультеттин деканынын окуу иштери боюнча орун Асылбеков Т.Д. жана Программалоо кафедрасынын башчысы Пирматов А.З. Бишкек шаарындагы КУИАнын Математика институтунда ийгиликтүү коргошкон.
      2006-жылы “Прикладддык жана компьютердик математика” (ПКМ) кафедрасы ф.-м.и.к., доцент Г.М.Анарбаеванын жетекчилиги астында Ош МУнун “Мыкты кафедра-2006” конкурсунда 110 кафедранын ичинен 1-орунду ээлеген.
      2006-жылы ФМИ жана Компьютердик технологиялар факультети кайрадан биригип, “Математика жана информациялык технологиялар” факультети болуп түзүлгөн. Анын жетекчилигине альтернативдик негизде Абдувалиев Абдыганы Осмонович кайрадан шайланган. Факультеттин физика жана кээ бир техникалык адистиктери ЭРКТИнин базасында түзүлгөн физика-техника факультетине өткөрүлүп берилген. Натыйжада факультеттин курамында 7 адистик (математика, информатика, прикладдык математика жана информатика, прикладдык информатика (тармактарда), ПОВТАС, ИСТ, Информацияларды иштеп чыгуунун автоматташтырылган системалары жана башкаруу (АСОИУ) калган жана факультет «Математика жана информациялык технологиялар» (МИТ) факультети деген аталышка өзгөртүлгөн.
2011-жылдан баштап 2018-жылдын 29-майына чейин МИТ факультетинин деканы болуп ф.-м.и.к., доцент Асылбеков Таалайбек Дүкөнбаевич иштеп келген. Кыска убакыттын ичинде факультет зор өнүгүүлөргө жетишти. Атап айтсак окуу корпусуна видео байкоо камералары орнотулду, компьютердик борборуна компьютерлерди сактоочу склад-полкалар жасалды, окуу процесси кредит технология системасына өттү.

2018-жылдын 29-майынан 2018-жылдын 30-ноябрына чейин математика жана информациялык технологиялар факультетинин деканынын м.а. болуп п.и.к., доцент А.Ч. Омаралиев иштеп келген.

2018-жылдын 30-ноябрь күнү альтернативдик шайлоонун негизинде факультеттин декандык кызматына ф.-м.и.к., доцент Сопуев Уланбек Адахимжанович шайланып, үзүрлүү эмгектенип келүүдө. Бүгүнкү күндө факультет материалдык-техникалык базаны чыңдоо, окутуунун сапатын жогорулатуунун жаңы технологияларын ишке киргизүү, окутуучулардын сапаттык курамын жогорулатуу, илимий-изилдөө иштеринин практикалык колдонулушуна жетишүү үчүн аракеттенип, учурдун талабына ылайык адистерди компетенттүүлүк негизде даярдоо максатында «Элибиз үчүн, жерибиз үчүн күйүп жанып ак дилден иштейбиз!» деген девиз астында үзүрлүү эмгектенүүдө.