Жаңылыктар Архив

Мамлекеттик тил борбор
Ош мамлекеттик университетинде республикалык деңгээлде “Сабаттуу жазалы” акциясынын өткөрүлгөндүгү жөнүндө БИЛДИРҮҮ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын катына жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын берген Жобосуна (07.04.15) ылайык республикалык деңгээлдеги “Сабаттуу жазалы” акциясы 2015-жылдын 14-15-апрелдеринде Ош МУнун структураларында, факультеттеринде жана коллеждеринде болуп өттү. Жат жазууну жүргүзүү үчүн атайын комиссиянын курамы түзүлүп, жыйынтыктар чыгарылды. Жат жазуунун жыйынтыгы төмөнкүдөй болду: Эң жакшы” деген баага жазгандардын тизмеси Чет тилдер факультети 1. Сагындыкова Рахат (ул. окутуучу) 2. Нуржанова Батма (ул. окутуучу) 3. Калыгулова Сабыргүл (доцент) 4. Тыныбекова Чолпон (ул. окутуучу) 5. Ысмаилова Райхан (доцент) 6. Айбашова Алмаш (окутуучу) 7. Тажибаева Анара (окутуучу) Бизнес жана менежмент факультети 1. Култаев Топчубай (проф.) 2. Исманалиев Курманбек (окут.) 3. Исакова Малахат (окут.) 4. Момбекова Гулназ (окут.) 5. Золоторева Татьяна (окут.) 6. Таджибаева Айнаш (окут.) 7. Осмоналиева Динара (доц.) 8. Алимова Гульбара (окут.) 9. Усенова Бурулбү (доц.) 10. Токторова Кубаныч (доц.) 11. Шамшидин уулу З (окут.) 12. Асанов А. (доц.) 13. Шакирова Н. (доц.) 14. Аттокурова Г. (окут.) 15. Көкүлова Б. (методист) Табият таануу жана география факультети 1. Маматкулов Орозбай (улук окутуучу) 2. Рахматова Элнура 3. Кадыралиева Тазагүл 4. Мирзаева Мохира 5. Абдуллаева Майрам 6. Абдымомунова Буниса (улук окутуучу) 7. Коланов Орунбек (доцент) 8. Стамалиев Кутманаалы 9. Ажимаматова Гүлнура 10. Акунбекова Таттыгүл 11. Шербаева Зубайда (доцент) 12. Исакова Умида (окутуучу) Физика-техника факультети 1. Тойчиев Жакып (ул.окут.) 2. Багышев Алтынбек (ул.окут.) 3. Эгембердиев Жолдошбай (доц.) 4. Эгемназарова Айчүрөк (ул.окут.) 5. Садыков Эркин (доц.) 6. Ташполотов Исламидин (проф.) 7. Курбаналиев Максат (ул.окут.) 8. Садыкбекова Айкөкүл (лаборант) 9. Жусубалиева Айнагүл (окутуучу) 10. Раева Жылдыз (окутуучу) Конфуций институту 1. Манашов Мирлан (доцент) 2. Мухтар уулу Зияш (окутуучу) 3. Төрөгелди кызы Айчүрөк (окутуучу) Искусство факультети 1. Канаева А. (окуу мастери) 2. Кеңешова Н. (окутуучу) 3. Максытова Г. (доцент) 4. Мангиева Ф. (улук окутуучу) 5. Кадырбаева Т. (профессор) Теология факультети 1. Сооронбаева Каухар (декандын орун басары) 2. Жусубалиев Али (ул. окут.) Медицина факультети 1. Садыкова Алтынай (окутуучу) 2. Исмаилов Алимбек (м.и.к.) 3. Муратов Абдижалил (проф.) 4. Жаныбек кызы Каныкей (окутуучу) 5. Шакиров Замирбек (окутуучу) 6. Юсупов Фархад (профессор) Финансы-юридикалык коллеж 1. Муса кызы Венера (окутуучу) 2. Файзуллаев Бекалмаз (окутуучу) 3. Модаминова Дилорам (ул.окут.) 4. Жороева Айсулуу (окутуучу) 5. Үкүева Бүшарипа (профессор) 6. Амиракулова Батма (окутуучу) 7. Эргешбай кызы Миргүл (окутуучу) 8. Бекмуратова Рахат (окутуучу) 9. Көкчаев Канат (окутуучу) 10. Кудайбердиев Салим (окутуучу) 11. Давлятова Барчын (методист)


ОшМУнун бардык факультеттеринде, коллеждеринде мамлекеттик тил Мыйзамынын 25 жылдыгына карата салтанаттуу кечелер,жыйындар, төгөрөк столдор болуп өттү. Мамлекеттик тилде туура сүйлөө, сабаттуу жазуу боюнча да үч айлыкка пландар түзүлүп, иш-чаралар өтмөкчү. 26.09.2014 күнү теология факультетинде "Мамлекеттик тил-улуттун жүзү, достуктун күзгүсү" аттуу салтанаттуу жыйын болуп, факультеттин деканы, тарбиялык иштер боюнча орун басары жана жалпы окутуучулар катышты. Студенттер мамлекеттик тилди даңазалоо менен сахналык көрүнүштөрдү, элдик каада-салттарды, кыргыз бийлерин бийлешти. Факультеттин тарбиялык иштер боюнча декандын орун басары Ш. Масиралиев сөз сүйлөп активдүү катышкан студенттерге деканат тарабынан акчалай сыйлыктарды тапшырды. Ошондой эле кечени уюштурган окутуучуларга ыраазычылык билдирилди. Ал кыргыз тили мугалими Мамадыева Гүлзар факультеттин Ардак грамотасы жана 500 сом акчалай сыйлыгы менен сыйланды. Ушул эле күнү финансы-юридикалык коллежинде да кече болуп, студенттер мыкты көрүнүштөрдү, көркөм окууларды көрүүчү студенттерге тартуулашты. Кеченин соңунда коллждин директору Т. Акматова мамлекеттик тил майрамы менен куттуктап, студенттер үчүн бул майрам 23-сентябрь күнү гана белгиленбей, бардык күндөр мамлекеттик тилге астейдил мамиле жасап, туура, таза сүйлөөгө студенттерди чакырды. Бул кечени уюштурган доцент Б. Абдувалиеванын кафедрасына жана кечеге катышкан студенттерге ыраазычылык билдирди.