Жалпы республикалык тестирлөө (ЖРТ)
Жалпы республикалык тестирлөө Кыргызстанда 2002-жылдан баштап өлкөнүн Президенттин Жарлыгы менен жүргүзүлүүдө

Жалпы республикалык тестирлөө Кыргызстанда 2002-жылдан баштап өлкөнүн Президенттин Жарлыгы менен жүргүзүлүүдө. «Жалпы республикалык тестирлөө» долбоору 3 жылдан бери иштөөдө жана Эл аралык өнүктүрүү боюнча АКШ агенствосунун (USAID) финансылык колдоосунда КР Билим берүү министрлиги менен жана окутуу усулдары борбору» («ББОУБ») тарабынан башкарылууда.

 

Доолбоордун максаты – адилет, ачык-айкын, көз карандысыз тестирлөөнүн негизинде жогорку билимге бирдей жетүүнү камсыз кылуу. Тест абитуриенттердин жогорку окуу жайында окуй ала турган жөндөмүн текшерет.

 

Ар кандай реформанын маанилүү бөлүгү болуп тиешелүү юридикалык базанын болушу эсептелет. Долбоордун кызматкерлери аны ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн республикада бүткүл зарыл шарттар түзүлгөн деп эсептешет. 2002-жылы КР Президенттин  Жалпы республикалык тестирлөөнү өткөрүүнү жөнгө салуучу жарлыгы чыккан. 2003-жылдагы Жарлык ошондой эле өкмөттүк эмес уюмдар тарабынан ЖОЖдорго кабыл алуу процессине байкоо жүргүзүүнү да караган. 2004-жылдын мартында кийинки жарлык чыккан, анда «Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору» көз карандысыз тесттик уюму АКСЕЛС менен өнөктөштүктө 2004-2005-жылдын Жалпы республикалык тестирлөөсүнүн тестин иштеп чыгуу жана өткөрүү тапшырылуучу уюм катары аталган. Ошентип Жалпы республикалык тестирлөө так белгиленген укуктук мейкиндикте жүргүзүлүүдө, Долбоорго мамлекеттик бийликтер жогорку деңгээлде колдоо көрсөтүүдө.

 

 

Жалпы республикалык тестирлөө төмөнкүдөй милдеттерди аткарууга чакырылган:

  • кирүү экзамендерин чынында эле объективдүү жана көз карандысыз жасоого;
  • Кыргызстан үчүн арналган, анын муктаждыктарын жана өзгөчөлүктөрүн эске алуучу, азыркы учурдун талаптарына жооп берүүчү баалоочу (өлчөөчү) курал түзүүгө;
  • бүткүл өлкө үчүн бирдиктүү баалагыч колдонууга;
  • күчтүү жана начар абитуриенттерди дифференцирлөөгө, чыныгы  күчтүүлөрүнө алардын жашаган регионуна жана социалдык тегине карабастан жогорку билимге жетүүсүнө мүмкүндүк берүүгө;
  • жогорку мектепке тапшырууда коррупция үчүн шарттарды жоюуга.