Департаменттин тарыхы
      ОшМунун өндүрүштөр менен байланыштар департаменти окуу - маалымат департаментинен 2002-жылы чыгарылып «ЖОЖ-Мектеп» окуу усулдук комплекси болуп түзүлүп, 2005-жылга чейин п.и.д. профессор Д.Бабаев жетектеген.
      2005-жылы окуу маалымат департаментинин курамына бөлүм катары киргизилип т.и.д. профессор А.Джураев жетектеген.
      Окумуштуулар Кеңешинин чечими менен (2008-жылдын 30-январь №5 – протокол жана №41/2 31.01.2008 Буйругунун негизинде) ОМДдин курамынан өндүрүштөр менен байланыштар бөлүмү чыгарылып, ал окуу иштер боюнча проректорунун жетекчилигинде өндүрүштөр менен байланыштар департаменти болуп түзүлүп директорлук кызматка Т.Матикеев дайындалып, бүгүнкү күндө да иш алпарууда.

      Республикабыздын түрдүү тармактарынын өнүгүү процесси – бул биринчи кезекте, жаш муундарга татыктуу, дүйнөлүк стандартка ылайык жогорку деңгээлдеги билим берүү. Бул дайыма актуалдуу маселе. Анын чечилиши азыркы күндүн талабына ылайык билим берүүнүн мазмунун, методдорун өркүндөтүү жана өзгөртүү, б.а. модернизациялоонун деңгээлине көз каранды. Ошол эле учурда окутуунун усулдары практикалык жана инструменталдык багытка ээ болушу зарыл, тактап айтканда, фундаменталдык жана практикалык билим берүүгө багытталышы максатка ылайык. Бул учурда билим алуучунун инсандык сапаттары, окууга ынтызарлыгы, дилгирлиги, кызыгуусу менен бирге окуу процесси өз алдынчалыкты, ой жүгүртүүнү өнүктүрүүгө жана турмушка зарыл болгон билимдерди, билгичтиктерди жана көндүмдөрдү калыптандырууга көмөк берүүгө тийиш.
      Ошондон улам Кыргыз Республикасынын учурдагы негизги саясаты – билим берүү системасындагы дүйнөлүк стандартка ылайыктуу окутуунун жаңы формаларына таянып, берилип жаткан билимдердин сапатын кескин жогорулатууну көздөйт жана азыркы мезгилдеги билим берүүнүн коомдогу эбегейсиз зор социалдык мааниге ээ экендигине басым жасоо менен ОшМУнун студенттеринин өндүрүштүк, мамлекеттик, дипломдук, квалификациялык изилдөө, этнопедагогикалык, фольклордук, окуу-талаа, пленер жалпысы практиканын 38 түрү аркылуу студенттердин жөндөмдүүлүгүн өстүрүүдө, факультеттердин жүргүзгөн иштерин «Өндүрүштөр менен байланыштар департаменти» көзөмөлдөйт.