«Эң мыкты жаштар комитети» сынагынын жобосу

ОшМУнун «Э ң мыкты жаштар комитети» сынагынын жобосу

1. Жалпы жобо

1.1. Сынак ОшМУнун факультет, колледждеринин жаштар комитетинин төрагаларынын ортосунда жүргүзүлөт.

1.2. Сынак факультет, колледждериндеги студенттик өзүн өзүбашкаруу ишин өнүктүрүүнү максат кылат.

2. Сынакты өтк өр үүн үн тартиби

2.1. Жаштар комитетинин төрагалары төмөндөгү критерийлер боюнча бааланат:

К өрс өтк үчт өр

Упайы

Нормативдик базасы

Факультеттин жаштар комитети жөнүндөгү жобосу;

Жаштар комитетинин секторлору жөнүндөгү жобосу.

5

Иш планы

Жаштар комитетинин иш планы, сапаты, бекитилгенби;

5

Тарбиялык иштердин аткарылышы

Жаштар комитетинин структуралык курамы, иш-аракеттери:

Окуу сектору (сабакка келбеген, жетишүүсү начар студенттерди тактоо ж.б.)

30

Илим сектору (айына бир жолу студенттик илимий кере гегезит чыгаруу, адистиктерге байланыштуу илимпоз адамдар, аспиранттар менен жолугушууларды уюштуруу ж.б.)

20

«Брейн-ринг» сектору (семестрде бир жолу сабактар боюнча, кругозордук суроолор боюнча интеллектуалдык «Брейн-рингдерди» уюштуруу)

30

Дискуссия клубу (1-2-3-4-курстарда дискуссия клубдарды түзүү, айына бир жолу тарбиялык мазмундагы дискуссия уюштуруу)

20

Дебат клубу (1-2-3-4-курстарда дебаттык клубдарды түзүү (клубдун мүчөлөрүнүн тизмеси). Айына бир жолу дебаттык мелдештерди уюштуруу (дебаттын темасы жана жарыясынын көчүрмөсү);

30

Спорт сектору (семестрде бир жолу тайпалык, курстар аралык спорттук мелдештерди уюштуруу, факультеттин спорттук курама командаларын түзүү);

15

Кыздар кеңеши тарбия багытындагы жүргүзгөн ишмердүүлүктөрү;

20

КВН (факультеттин КВН командасын уюштуруу (алардын аты-жөнү);

10

Маданий-уюштуруу сектору (айына бир жолу массалык студенттердин катышуусунда поэзия кечесин уюштуруу (кайсы акын менен өттү) ж.б.)

10

Социалдык сектору (факультеттеги турмуш шарты өтө оор, ата-энеси жок, майып студенттердин тизмесин тактоо ж.б.)

3

Факультетте өткөрүлгөн тарбиялык маданий-массалык иш чаралар (ар бир иш чарага 5-20га чейин упай берилет);

5-20

Университеттик деңгээлде уюштурулган маданий-массалык иш-чараларга факультеттин катышуусу (ар бир иш чарага 50дөн студент катышса 10 упай берилет)

10

Жаштар комитети тарабынан уюштурулган иш чараларды шаардык, облустук массалык маалымат каражаттарында чагылдыруу

10-30га чейин

Жаштар комитетинин төрагасынын жүрүм-туруму, өзүн алып жүрүүсү, ички маданияты, жекече сапаттары (ОшМУнун жаштар комитетинин төрагасы жана анын орун басарынын баа берүүсү)

10-30га чейин

Жаштар комитетинин төрагасынын жаңы технологияларды өздөшүрүүсү (Интернет мүмкүнчүлүктөрүн билүүсү жана пайдалануусу)

5-10

Жаштар комитетинин төрагасынын билимин баалоо (транскриптеги бааларын салыштыруу жолу менен)

10-20га чейин

Жаштар комитетинин төрагаларынын университеттик жыйындарга үзгүлтүксүз катышуусу

20

Жаштар комитетинин төрагасы сектор башчылары, старосталар менен жумасына бир жолку иштиктүү жыйыны (жыйындын күн тартибинин көчүрмөсү);

10

Университеттик деңгээлде өткөрүлгөн маданий-массалык конкурстарда факультеттин командалары ийгиликке жетишсе:

1- орунга

25

2-орунга

20

3-орунга

15

Факультетке жаштар комитетинин бурчун юштуруу

10

Өткөрүлгөн иш чаралардын сайттарга, гезит-журналдарга жарыяланышы

15

Эскерт үү: Ректорат, департамент жана университеттик жаштар комитети тарабынан берилген иш-тапшырмалар аткарылбаса, топтогон упайынан кем итилет.