Студенттик тайпалардын кураторлоруна көрсөтмө
Студенттик тайпалардын кураторлоруна көрсөтмө
(кураторлор үчүн усулдук-көрсөтмө 2009-жылы ОшМУнун тарбия департаменти тарабынан иштелип чыккан)
Куратор ким? (кураторлорго мүнөздөмө)
Куратор – маалымат берүүчү. Негизги милдеттеринин бири – университетте болгон маалыматты (жаңылыктар, буйруктар, эрежелер, жоболор ж.б.) тайпанын студенттерине өз убагында жеткирип туруу.
Куратор – уюштуруучу. Тайпанын бардык иш-аракеттерин уюштурат: окуу жайдын иш чараларына тайпаны катыштыруу, маданий эс алуулар (театр, кино, кечелер) жана тайпада пайда болгон конфликттерди чечүү жоопкерчилиги да моюнуна жүктөлөт.
Куратор – психотерапевт. Студенттин көйгөйлөрүн жүрөгү менен кабыл алып, алардын жан дүйнө сырларын угуп, туура кеңеш берүүгө аркет кылат. Студентти психологиялык жактан көтөрмөлөп, оптимисттик маанай жаратып, турмушта активдүү жашоого дух берет.
Куратор - ата-эне. Студенттердин ата-энеси, туугандары алыста болгондугуна байланыштуу аларды сабакта жана сабактан сырткаркы аракеттерин байкоого алып көзөмөл жасайт, талап коет. Студентке ата-энесинен кем эмес күйүп-бышат.
Куратор – жолдош. Тайпадагы студенттердин эмне менен жашап жатканына кызыгып, ар кандай жагдайларда тайпа менен бирге болот. Куратор студенттер менен сырдаш болуусу кажет. Студенттер кураторду тайпанын бир мүчөсү катары кабыл алып калышы керек.
Куратор – көзөмөлдөөчү. Университеттеги, факультеттеги студенттерге жакындан көзөмөл жасай турган адам - куратор. Лекторлор, окутуучулар сабагын өтүп, журналга баа коюп кете берет. Бирок студенттердин сабакка келген келбегенин, кандай окуп жаткандыгын көзөмөлдөп, жыйынтык чыгарып туруучу университеттин өкүлү - бул куратор. Ошондуктан ал студенттин сабакка катышуусун, жетишүүсүн жана жүрүм-турумун дайым көзөмөлгө алып турат.
1. Кураторго коюлуучу кесиптик талаптар
1.1. Окуу жылы бою тайпа менен бирге болуу: студенттердин ар кандай көйгөйлөрүн чечүүгө жардам берип, тайпа ичинде достук, ынтымактыкты жаратуу, ар бир студенттин инсандык сапаттарына кызыгуу;
1.2. Студенттердин сабактарга катышуу, жетишүүсүн көзөмөлдөө: аны тайпа журналынан жумасына бир жолу текшерүү жана артта калган студенттерге тарбиялык таасир көрсөтүү, бул боюнча тиешелүү окутуучулар менен сүйлөшүп туруу;
1.3. Тайпа студенттерин илимий изилдөө иштерине кызыктыруу;
1.4. Ар бир студенттин кандай шартта жашап жаткандыгынан, ден соолугунан кабардар болушу керек;
1.5. Студенттер менен жекече иш алып баруу: студенттин терең билим алууга болгон мамилесин байкоо, анын окутуучулар жана тайпалаштары менен кандай мамиледе экенине чейин көңүл буруу;
1.6. Ата-энеге студенттин сабакка катышуусу, жетишүүсү, анын окуу жайдагы жүрүм-туруму боюнча маалымат жеткирип туруу;
1.7. Тайпанын студенттерине саясий-укуктук, патриоттук-жарандык, адеп-ахлактык, экономикалык, эмгектик, экологиялык, жыныстык жана эстетикалык тарбия берүү. Өзгөчө коомдук жайларда, университетте студенттин өзүн туура алып жүрүүсү; сырткы көрүнүштөрүнө көзөмөл кылуу, кеңеш берүү; ошону менен бирге маданиятка, искусствого болгон кызыгуусун арттыруу;
1.8. Куратор окуу жылынын башында жылдык иш план түзүп алуусу зарыл. Иш пландын мазмуну окуу жана тарбиянын багыттарын өз ичине камтып түзүлүүсү керек.
2. Куратордун иш тартиби
2.1. Куратордун биринчи иш күнү:
- тайпанын студенттери менен таанышат,
- факультеттин салтанаттуу жыйынына тайпа менен катышат,
- студенттерди сабак жадыбалы менен тааныштырат,
- сабак берүүчү окутуучулар менен тааныштырат,
-факультеттин имараты, аудиториялар менен тааныштырып чыгат,
-студенттерге университеттин ички тартиптери, окууга жоопкерчиликтүү мамиле жасоо, окуу жабдууларын (компьютер, окуу куралдары ж.б.) туура колдонуу жөнүндө айтып берет,
Куратор 1-сентябрь, окуунун биринчи күнү, студент менен канчалык көп убакыт бирге болсо, бул студенттин университетке тез ыңгайлашуусуна жакшы жардам берет жана алар өздөрүн ишенимдүү сезе баштайт.
2.2. Университет, факультет менен тааныштыруу
Студенттерге факультет, университет (тарыхы, традициялары, өзгөчөлүгү, студенттерге коюлуучу талаптар ж.б.) жөнүндө айтуу биринчи күндөн эле башталат. Муну төмөнкүдөй жол аркылуу да тааныштыруу мүмкүн:
-тайпа менен маек куруу жана факультет, университет жөнүндө кандайдыр бир фильм коюп берүү;
- кафедраларга, факультетке жана университеттин башка кызыктуу жерлерине экскурсияга алып чыгуу (ОшМУнун башкы корпусу, борбордук китепкана, эс алуу жайы ж.б.);
-университеттин, факультеттин студенттик өзүн өзү башкаруу курамдары, борборлору, ийримдери, коомдук маданий-массалык иш чаралары, салттуу кароо-сынактары менен тааныштыруу;
-университеттин, факультеттин админстративдик түзүлүштөрү жөнүндө айтып берүү;
- студенттердин укук, милдеттери, университеттин уставы жөнүндө маалымат берүү;
- китепканачылар менен жолугушуу (окурмандык билетти толтуруу, окуу залында өзүн кандай алып олтурушту үйрөтүү ж.б.) уюштуруу.
2.3. Таанышуу кечеси
Бул кече окуудан тышкаркы убакта студенттер менен жакындан таанышуу үчүн кураторго да, тайпалаштары менен таанышуу үчүн студентке да ыңгайлуу. Кечеде анчейин кымбат эмес, ичимдиги жок дасторкон уюштуруп олтурса да болот. Мүмкүн тайпанын студенттерине улуттук тамак-аштарды же ким кандай тамак-аштарды жасай алат деген суроого жооп ирээтинде уюштурса да болот. Мында ар студент өзү жөнүндө кеңири айтып берүүгө толук мүмкүнчүлүк бар. Куратор өзү каалаган студентке бейформал суроолорду берүү жолу менен ар бири жөнүндө маалыматка ээ боло алат. Суроолор, мисалы: «туулуп-өскөн жериң кандай, эмне үчүн ушул факультетти тандадың, өзүңдөгү кайсы сапатты баалайсың, университетке келип эмнени сездиң, ата-энең, ага-туугандарың эмне менен алектенет?» деген өңдүү болууга тийиш. Кечеде музыка угуп, ыр окуп, бий бийлесе да кызыктуу өтөт. Мындай олтуруулар тайпанын ынтымагын жакшыртат жана аны тез-тез уюштуруу туура эмес.
2. 4. Тайпа активдерин шайлоо
Тайпа активисттери биринчи күндө эмес, сентябрь айы ичинде тандалат. Бул убакытка чейин убактылуу староста иштеп турат. Куратор активисттер эмне иштерди аткарат жана алардын укук, милдеттери туурасында тайпанын көзүнчө тааныштырат. Шайлоону куратор же убактылуу болгон староста куратордун катышуусу менен жүргүзө алат. Шайлоо алдында талапкер жөнүндө маалымат берилип, анын каалоосу менен коюлат. Студент да өз ыраазычылыгы менен шайлоого укуктуу. Ошону менен бирге шайланган студенттин иштеген ишинин жыйынтыгы жыл аягында, өзгөчө шартта каралат. Эгер активисттердин ишмердүүлүгү тайпаны канааттандырбаса, кайра шайлоо жүргүзүлөт.
2.5. Куратордук саат
Куратордук саат жумасына бир жолу өтүлөт. Алгачкы айда жумасына бир нече жолу өтүүгө да болот. Куратордук саатта:
- студенттердин сабактарга катышуусу, жетишүүсү боюнча жумалык жыйынтык чыгаруу, артта калган студенттер менен жекече сүйлөшүү, окуудагы маселелерин чечүүгө жардам берүү;
- тайпадагы күндөлүк маселелерди, көйгөйлөрдү чечүү;
- мезгилдин актуалдуу суроолорун талкуулоо (дүйнөдөгү, өлкөдөгү, университеттеги жаңылыктар, буйруктар, эрежелер, жоболор менен тааныштыруу);
- тарбиялык мааниси бар бир тема боюнча талкуу уюштуруу;
- университеттин, факультеттин коомдук иш чараларына тайпанын катышуусун камсыз кылуу жана көзөмөлдөө. 2.6. Тайпа менен бирге иш чара уюштуруу
Куратордук сааттан сырткары окутуучулар өз тайпасы менен биргеликте факультетте, университетте уюштурулган иш чараларга активдүү катышуусу керек. Ошондой эле куратор тайпа ичинде, курстар арасында ар кандай иш чараларды уюштурат. Булар:
- Ош шаарынын маданий жайларында: театрда, кинодо, музейде жана көргөзмөлөрдө болуу;
- спорттук мелдештерге катышуу же күйөрман болуу;
- интеллектуалдык оюн
дарды, дискуссияларды жана талкууларды уюштуруу;
- майрамдарда дубал газета чыгаруу;
Укук бузуулардын алдын алуучу иш чаралар, тайпаны төмөнкүлөр менен тааныштыруу:
- университет уставы,
- студенттин укук, милдеттери,
- университеттин ички тартиби менен тааныштыруу,
- ректордун буйруктары, жоболор, эрежелер, билим берүү мыйзамдары;
- социалдык жактан жардамга муктаж (ата-энеси жок, майып) студенттерге жардам алып берүү, жашоо-жай маселесине (жатакана) көмөктөшүү;
- тайпанын ынтымагын арттыруучу иш-чараларды уюштуруу: жаратылышы кооз жерлерге саякаттоо, туулган күндөрдү белгилөө;
- университеттик, факультеттик, шаар аралык иш чараларга активдүү катышуу (илимий, маданий-массалык, спорттук ж.б.).
2.7. Окуу жылынын жыйынтыгы боюнча иш алып баруу
Ар бир семестрдин аягында тайпа менен атайын жыйын уюштурулуп, төмөнкүлөргө токтолот:
- катышуу,
- жетишүү,
- студенттин социалдык активдүүлүгү,
- жылдын аягында тайпа активин кайра шайлоо ж.б.
3. Куратордун журналы
3.1. Куратордун студенттик тайпага тарбиялык иш жүргүзгөндүгүн чагылдыруучу негизги документтердин бири болуп куратордук журнал саналат. Жыл ичиндеги аткарылган тарбиялык иштердин мазмуну журналга жазылып турулууга тийиш. Иштин ар кайсы багытына карап өзүнчө журнал бетинен орун берилет;
3.2. Журналда студенттердин тизмесинен сырткары билим берип жаткан окутуучулардын тизмесин, окуу жадыбалын өз ичине камтыйт;
3.3. Студенттердин өздүк баракчалары сентябрь ичинде толтурулат, кошумча маалыматтар жыл ичи толукталат;
3.4. Университеттин, факультеттин иштерине тайпанын катышуусу (ишембиликке чыгуу, маданий-массалык иштер ж.б.) түшүрүлөт;
3.5 Тайпа ичиндеги иштер ( кечелер, музей, театрга баруу, табиятка чыгуу ж.б.) жазылат;
3.6. Студент жана анын ата-энеси менен жекече иш алып баруусу;
3.7. Студенттердин илимий иштери (дипломдук иш, курстук иш, реферат, лабораториялык жана текшерүү иштери, илимий макалалары) жөнүндө маалымат;
3.8. Тайпанын ар бир студентине аналитикалык эскертүүлөр, байкоолор жазылат;
3.9. Семестр ичиндеги студенттердин сабактарга катышуусунун жана сессиянын жыйынтыгы жазылат;
3.10. Тайпадагы студенттердин келишимдик акыны төлөгөндүктөрү жөнүндөгү маалыматтар;
3.11. Ар бир куратордук сааттардын өтүлгөн күнү, айы, сааты, тарбиялык тема, эмне маселелер талкуулангандыгын жазуу;
3.12. Эгер тайпада ата-энеси жок, майып, турмуш шарты оор студенттер болсо өзүнчө бөлүп жазуу жана аларга кандай жардамдар көрсөтүлгөндүгүн белгилөө;
3.13. Тайпадагы ар бир студент бош убактыларын эмне менен өткөзүп (спорт менен машыгуу, бий үйрөнүү, дебат клубдарына катышуу, тил үйрөнүү, интернетте олтуруу, китепканада болуу ж.б.) жаткандыгын жазуу;
3.14. Журнал студенттер окууну бүткөнгө чейин кафедрада сакталат.
4. Куратордун отчету
4.1. Семестрдин аягында куратор отчет түзүп, аны декандын тарбия иштери боюнча орун басарына тапшырат жана кафедранын жыйынында оозеки түрүндө отчет берет.
Куратордун аты-жөнү ______________________________________
Факультети _____________________курсу ________ тайпасы ___________
№ Критерийлер Көрсөткүчтөр
I. Тайпа жөнүндө жалпы маалымат
1. Тайпанын окуу жыл башындагы саны
Жыл ичинде (семестрде) окуудан чыгарылгандар
2. Тайпага социалдык мүнөздөмө (айылдык, шаардык, аз камсыз болгон үй-бүлө, жыныстык өзгөчөлүгү ж.б.
3. Окуу жыл ичинде (семестрде) өткөрүлгөн куратордук сааттардын, чогулуштардын мазмуну, темалары
II. Студенттердин сабакка жетишүүсүү
1. Студенттер окуу жыл ичинде (семестрде) окуган сабактардын аттары, модулдардын жыйынтыктары
2. Сессияны ийгиликтүү тапшырган студенттердин саны
- «эң жакшы»
- «жакшы» жана «эң жакшы»
- башка баалар
Сессиядан карызы барлардын саны
III. Студенттердин илимий изилдөө иштери
1. Илимий изилдөө иштери менен конференцияларга, конкурстарга, олимпиадаларга катышкан студенттердин саны:
- ЖОЖдун ичинде
- Шаар ичинде
- Шаарлар аралык
- Республикалык
- Эл аралык
2. Илим изилдөөчү топторго, секцияларга, ийримдерге катышкан студенттердин саны
3. Ар түрдүү илимий иш чаралардын жыйынтыгында грамота, диплом, сертификат жана башка сыйлыктарды, байгелүү орундарды утуп алган студенттердин саны
IV. Тайпанын маданий-массалык иш-чараларга катышуусу
1. Төмөнкү иш чараларга катышкан студенттердин саны:
- КВН
- «ОшМУ жазы» фестивалы
- Алгачкы коңгуроо
- «ОшМУ мырзасы»
- «ОшМУ периси»
- «ОшМУнун идеалдуу түгөйү»
- «ОшМУнун стилдүү студенти»
- Отличниктер слету
- «Көгүлтүр от» ректордук балы
Башка факультеттик иш чараларды атагыла
2. Чыгармачыл топторго, кружокторго катышкан студенттердин саны
3. Маданий-массалык иш чараларга катышуунун жыйынтыгында грамота, диплом жана атайын сыйлыктар менен сыйланган студенттердин саны
V. Тайпанын спорттук мелдештерге катышуусу
1. Спорттук мелдештерге катышкан студенттердин саны
- факультет ичинде
- факультеттер аралык
- Облуста, шаарда
- Республика боюнча
2. Тайпада спорт менен машыккан студенттердин саны
- Спорттук секцияда
- Спорттук клубдарда
3. Спорттук мелдештерден сыйлык алган студенттердин саны
VI. Медициналык жыйынтыктардын көрсөтмөсү
1. Медициналык :
- Медициналык кароолор
- профилактикалык эмдөөлөр
- флюорографиядан өткөндөр
- майыптар, оорукчандар
VII. Башка иш чаралар
1. Тайпанын студенттик активин түзүү (старостаны шайлоо ж.б.)
2. Ата-энелер менен иштешүү
3. Майрамдык даталарды белгилөө
4. Иш пландын аткарылышы:
- Студенттерге жүргүзүлгөн тарбиялык иштерге талдоо жасоо: өткөрүлгөн иш чаралар, аңгемелешүүлөр, куратордук сааттар кандай жыйынтык берди.
- Ата-энелер менен иштөө өз жыйынтыгын бердиби ж.б.
4.2. Отчетту текст, таблица, графика түрүндө берүүгө болот.
Куратордун бирден бир эң манилүү милдети – студент үчүн эң башкы нерсе окуу экенин түшүндүрүү жана аларды тынымсыз билим алууга көнүктүрүү. Куратордон бул милдетти ишке ашыруу үчүн көп кырдуу ишмердүүлүк жасоо талап кылынат: студенттер менен жекече иштөө, аңгемелешүүлөр, белгилүү адамдардын кеп-кеңештерин уюштуруу жана студенттерди жакындан көзөмөлгө алып, ар бир сабак калтырган, ар бир сабакка даярдыгы жок келгендерин көз жаздымда калтырбай кандайдыр бир тарбиялык чаралар көрүлүп, окууга болгон талап катуу коюлуп туруусу кажет. Адилеттүүлүк, кайрымдуулук, катуулук - бул куратордун башкы сапаттарынан болушу керек.
Бирок катышуу-жетишүүнү карап гана чектелбестен, студентти окууга үйрөтүп, студенттик жашоого көнүгүүсүнө жардам бериши керек. Куратор өзүнүн тажрыйбасы аркылуу 1-курстарга, кечээги мектеп окуучуларына, алар билбеген китепканада отуруу, лекция жазуу, адабияттарды конспектилөө, семинардык сабактарга даярдануу ж.б.у.с. үйрөтөт.
Ошондой эле тайпаны достоштурат. Ынтымактуу, бирдиктүү тайпа студентке гана эмес, университет, факультет үчүн да ийгилик эмеспи.
Аягында айта кетүүчү нерсе, куратордук жумуш - куратордон туруктуу аракетти, педагогикалык билим-жөндөмдү жана жан дүйнө тазалыгын талап кылат.