Борбордун ишмердүүлүгү жана байланыштары
       Окуу борбору өзүнүн ишмердүүлүгүн “Адис” окуу борбору тууралуу Жобого ылайык: жумушсуз граждандарды жана эч нерсе менен алектенбеген элдерди окутуу, иш менен камсыздоо кызматынын адистеринин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо үчүн, мамлекеттик органдар жана мамлекеттик эмес органдар менен түзүлгөн келишимдердин негизинде ишканаларга, мекемелерге, уюмдарга, жеке жарандарга жана башка жумуштарга өз ара келишимдер боюнча акы төлөнүүчү (алардын ичинде үйрөнүүчүлөрдүн жашаган жерине баруу менен) билим берүү кызматтарын жүргүзөт.
       Андан тышкары борбор ар түрдүү долбоорлор менен да иш алып барат. Мисалы, «Ала-Тоо» өнүктүрүү фонду жана Ош МУнун ортосунда келишим түзүлгөн. Ала-Тоо» өнүктүрүү фондунун президенти Мохамед Али Абделкарим Али жана Ош МУ окуу иштери боюнча проректору А.О. Абдувалиевдер көп жылдык кызматташуу боюнча өз ара меморандумга кол коюшту.
Бул меморандумдун негизги предмети болуп төмөндөгүлөр эсептелет:
       1.Биргелешкен семинарларды, конференцияларды жана квалификацияны жогорулатуу курстарын уюштуруу;
       2.Илимий маалымат алмашуу боюнча кызматташуу;
       3.Өткөрүүлүүчү курстардагы билимдердин деңгээлин жогорулатуу боюнча, угуучулардын жана окутуучулардын тажрыйба алмашуусундагы кызматташуу.
Өткөрүлүүчү иш чараларды Ош МУ уюштуруп каржылык маселесин «Ала-Тоо» өнүктүрүү фонду чечет. “Адис” ОБнун уюштуруусу менен биздин университеттеги бардык декандын окуу иштери боюнча орун басарларына, усулдук кеңештин төрагаларына жана ОГПИнин бир катар окутуучуларына «Ала-Тоо» өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен февраль айында семинар өтүлдү. Семинардын катышуучуларына Ош МУ менен «Ала-Тоо» өнүктүрүү фондунун биргелешкен сертификаты берилди.
       Мындан тышкары “Адис” ОБ Ош шаардык миграция жана калкты иш менен камсыз кылуу бөлүмү менен дагы тыгыз иш алып барып, калктын ар түрдүү катмарларын окутуу менен алектенүүдө.
       Бишкек шаарындагы И. Арабаев атындагы Кыргыз Гуманитардык Университеттин “Өз билимин өркүндөтүү борбору” менен келишим түзүлдү.
       Биздин негизги тилек- максатыбыз угуучуларга сапаттуу билим берүү.