2021-жылдын 16-ноябрында 17-ноябрь “Студенттер күнүнө” карата уюштурулган “Кош кел–студент” аттуу маданий иш-чара болуп өттү. Иш-чарага факультеттин деканы, доцент Сопуев Уланбек Адахимжанович катышып, студенттерди майрамы менен куттуктады жана иш-чаранын башталышында атуулдук стипендияттарга жана коомдук иштерге активдүү катышкан студенттерге дипломдорду тапшырды.