STEM инновациялык колледжде ар бир адистиктерге практиктер менен баарлашуу жана адистердин тажрыйбасы менен бөлүшүү максатында конок лекциялар уюштурулуп профессионалдык дисциплиналар бөлүмүндө 29-марттан 2-апрелге чейин өткөрүштү. Ошондой эле техникалык дисциплиналардагы предметтик циклында 5-апрелден 9-апрелге чейин өткөрүлөт.
Туризм адистигинде конок лекция
26-февраль саат 8:50 дөн 9:30 га чейин Ош мамлекеттик университетинин, STEM инновациялык колледжинин Туризм адистигиндеги студенттери үчүн “Туризм адистиги жана туризм тармагынын азыркы абалы жана келечеги” деген темада конок лекция zoom тиркемеси аркылуу болуп өттү.“BARS INTERNATIONAL” туристик компаниясынын жетекчиси, Евразия бизнес клубунун Туризм комитетинин төрагасы, Кипр Эл аралык Университетинде MBA бүтүрүүчүсү, азыркы учурда Кыргыз Түрк Манас университетинде окутуучу Кыялбек Дыйканов агай өзүнүн алган тажрыйбалары менен ой бөлүштү. Лекцияга STEM инновациялык колледжинин окутуучулары жана студенттери катышып, студенттер менен өз ара пикир алышуу, суроо -жооп жана келечектеги өз ара биргеликте иш алып баруу жолдору сүйлөшүлүп кызыктуу талкуу болду.
Практик, Ветеринар врач Асилбек уулу Адилет өз тажрыйбасы менен STEM колледжинин ветеринария бөлүмүнүн, ВТс 1-19 группасынын студенттери менен бөлүштү.
Конок лекциясы колледждин б.и.к., доцент Абдирашит Халмурзаевтин чакыруусу менен ишке ашып, студенттерге зарыл жана пайдалуу жолугушуу болду. Адилет Асилбек уулу 2017- жылы Ош шаарындагы ветеринария техникумунун колледжин бүтүргөн. Ысык-Көл областынын Каракол шаарындагы Самсалиев Мирбектин ветеринардык клиникасында 1 жылдан ашык убакыт стажировкадан өткөн. Бүгүнкү күнү жылкыларга Кесарево сечение, ири мүйүздүү малдарга, кой-эчкилерге руменотомия (курсагын жарып ичинде туруп калган заттарды алуу), койлорго жана ири мүйүздүү малдарга "Ценуроз" ооруусу учурундагы операцияларды жана башка көптөгөн операцияларды ийгиликтүү жүргүзүлүп, көптөгөн жаныбарларга узак өмүр тартуулап келүүдө.
Жолугушууда студенттер көптөгөн суроолоруна жооп алышты. Адилет студенттерге ийгиликтерди каалап, окууну жакшы окуу менен көбүрөөк практикадан өтүүнү сунуштады. Колледждин студенттери алдында боло турган практиканы конок лектор менен бирге өтүүнү сунуштап, Адилет Асилбек уулу сунушту кабыл алуу менен бирге кызматташууга даяр экенин айтты. Келечекте биздин студенттер ветеринар - хирург менен чогуу практикадан өтүшүп, көптөгөн операцияларды жасоонун ыкмаларын үйрөнүү менен тажрыйбаларын алышат.
Азыркы кезде жеке ветеринар-хирург болуп иштейт.