жылдык иш план

Ош мамлекеттик университетинин 2020-2021-окуу жылы үчүн түзүлгөн жаштар комитетинин иш планы

Бул иш план 2020-2021-окуу жылы ичиндеги Ош мамлекеттик университетинде жаштар комитетининде аткарылуучу иш аракеттердин тартибин аныктап турат.

Ош - 2020

Жаштар комитетинин иш-аракеттери Ош МУнун 2019-2024-жылдарында өнүктүрүү концепциясынын VII стратегиялык багытына ылайык жүргүзүлөт.

VII. СТРАТЕГИЯЛЫК БАГЫТ

Адамгерчилик жана руханий тарбия, ден соолук жана спорт

Стратеги ялык максаттар

Милдеттер

1.ОшМУ – ж арандык билим бер үү жана руханий патриоттулукка тарбиялоо борбору

1.1 Жаштарда патриоттуулукту, жарандык жоопкерчиликти, руханий маданиятты улуттук таалим тарбияны, салттуулукту сактоо сезимдерин калыптандыруу. Жаштардын эл аралык, коомдук жана башка уюмдары менен кызматташуу.

· Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символикаларын пропагандалоо боюнча кеңири түшүндүрүү иштерин өткөрүү жана уюштуруу.

· «2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын» жоболорун ишке ашыруу максатында факультеттерде жана студенттик жатаканаларда түшүндүрүү иштерин уюштуруу жана өткөрүү.

· Жарандык жоопкерчиликти жана патриоттуулукту, улуттар аралык ынтымакты жана элдердин достугун өнүктүрүү максатында улуттук борборлордун белгилүү өкүлдөрү, эмгектин, согуштун ардагерлери, коомдук, мамлекеттик ишмерлер менен жолугушууларды уюштуруу жана өткөрүү.

· КРдин Эгемендүүлүк майрамы күнүн, Билим күнүн, Мамлекеттик тил күнүн, Мекенди коргоочулар күнүн,

Энелер майрамын,КРдин Конституция күнүн, Жеңиш күнүн, КРдин мамлекеттик символикаларынын күндөрүн ж.б. арналган иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү

1.2 Жаштарды маданий-эстетикалык жактан тарбиялоо

· Илимдин жана искусствонун ишмерлери, жазуучулар менен жолугушууларды уюштуруу жана өткөрүү.

· Студенттердин маданий иш-чараларын, ж.б. уюштуруу.

· Университеттик, шаардык, республикалык жана эл аралык өздүк көркөм чыгармачылык конкурстарга катышуу.

1.3 Дене тарбия жана дени-сак жашоо образын калыптандыруу.

· Студенттер арасында Спартакиаларды өткөрүү

· «Үй-бүлө курууга карата» лекцияларды студенттер үчүн уюштуруу жана өткөрүү;

· СПИД, туберкулез,наркомания, алкоголизм, ж.б. көйгөйлөр боюнча атайын врач жана тиешелүү адистер менен баарлашуу, лекция, кечелерди студенттер арасында уюштуруу жана өткөрүү.

· Шаардык жана республикалык, эл аралык спартакиадаларга катышуу

1.4 ОшМУнун “Системдүү корруцияны демонтаждоо” боюнча деталдуу планына ылайык коррупциялык кылмыштарды кабыл албоо атмосферасын калыптандыруу

· Ички иштер орган кызматкерлеринин катышуусунда студенттик жаштардын арасында укук бузууларды профилактикалык жана эскертүү иш-чаралары

· Руханий-нравалык жана улуттук баалуулуктар жөнүндө илимий-документалдык фильмдерди демонстрациялоо жана лекцияларды уюштуруу

· «Таза сессия» акциясын уюштуруу жана өткөрүү

· Саясат таануучулар, коомдук ишмерлер, диний конфессиялардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен диний экстремизм жана терроризм темасында талкуу, жолугушууларды уюштуруу жана өткөрүү.

2.Студенттик өзүн-өзү башкаруу институтун өнүктүрүү

2.1 Студенттик чыгармачылык топторду, клубдарды жана уюмдарды колдоо

· Болон процесси боюнча студенттик Бюросунун иши

  • Бардык иштерде Ыктыярчылар коомун түзүү;
  • СТСО нын иштери

· Шаардык, республикалык иш чараларга, акцияларга, конкурстарга катышуу.

· Университеттин жаштар уюмдары жана жаштар саясаты жөнүндө маалымат буклеттерин, брошюраларын, журналдарын басмадан чыгаруу жана таркатуу. республикалык жана чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдыруу

2.2 Жаштар саясаты боюнча мамлекеттик органдар тарабынан өткөрүлгөн долбоорлорго жана тендерлерге катышуу.

· Жаңы долбоорлор жана сунуштарды талкуулоо жана иштеп чыгуу.

· Социалдык өнөктөштүк боюнча программаларды иштеп чыгуу.

· ОшМУнун студенттеринин корпоративдик маданиятынын кодексин иштеп чыгуу.

3.ОшМУнун ишмердүүлүгүн коомчулукка кеңири жеткирүү аркылуу аброюн көтөрүү.

3.1. Университеттин маалымат порталын модернизациялоо

3.2. Университеттин артыкчылыктарын, өзгөчөлүктөрүн, күчтүү жактарын коомчулукка жеткирүү.

ТВ, радио, газета, журнал, онлайн ресурстар, ютуб каналы ж.б. заманбап жолдор аркылуу

3.3. Университеттин ишин республикалык жана чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдыруу

2020-2021-окуу жылы учун тузулгон

ИШ ПЛАН

1. Уюштуруу жана маалымдоо багытындагы иштер

Иш чаралар

Аткаруу мөөнөтү

Жооптуулар

Эскертүү

1.

Университеттеги турдуу багыттардагы иш-чараларга, комиссияларга катышуу

Жумуш убагында

Жаштар комитети

2.

ОшМУнун жаштар комитетинин жылдык иш планын иштеп чыгуу жана тиешелүү структураларга таратуу

14-сентябрга чейин

Жаштар комитети

3.

Факультеттин жаштар комитетинин төрага-төрайымдарынын иш планы менен таанышып чыгуу жана бекитүү

Сентябрь айында

Жаштар комитети

4.

Жаштар комитетинин жыйынын уюштуруу

Ар бир айда 2 жолу

Жаштар комитети

5.

Жаштар комитенин алдындагы сектор башчыларын дайындоо жана иш-аракеттерин көзөмөлдөө, жандандыруу

Жыл ичинде

Жаштар комитети

6.

Ректордун студенттик актив менен жолугушуусу

окуу жылы ичинде эки жолу

Жаштар комитети

7.

Айрым категориядагы студенттерге контракттык төлөмдөн женилдик берүү боюнча комиссиянын ишин уюштуруу

сентябрь айы ичи

комиссия

8.

Жаштар комитинин жылдык, жарым жылдык отчетторун жыгаруу жана ММКларга жарыялоо

Декбарь, май айлары

Жаштар комитети

9.

Ош МУнун сайтындагы маалыматтарды узгултуксуз жанылоо, жандандыруу.

Жыл ичинде

Жаштар комитети

10.

Мамлекеттик бийлик органдары, коомдук уюмдар, сырткы өнөктөштөр, башка ЖОЖдор, ММКлар менен жаштар саясатын жүргүзүү боюнча кызматташууну уюштуруу

Жыл ичинде

Жаштар комитети

2. Окуу, кесипке багыт берүү боюнча иштер

Иш чаралар

Аткаруу мөөнөтү

Жооптуулар

Эскертүү

1.

Факультеттерде окуу секторлору тарабынан тайпалык журналдардын текшерилүүсүн координациялоо, 60 саат себепсиз сабакты калтырган студенттердин тизмесин тактоо жана аларды деканатка, тарбия департаментине, ОИДге билдирип туруу

Жыл ичинде

Жаштар комитети

2.

Деканат менен биргеликте окуунун мыктыларын тактоо жана алардын сүрөттөрүн ардак тактага жайгаштыруу

Жыл ичинде

Жаштар комитети

3.

Деканат менен биргеликте окуунун мыктыларын сыйлыктарга көрсөтүү

Жыл ичинде

Жаштар комитети

4.

Илимий макалаларды, курстук иштерди, рефераттарды, дипломдук иштерди жазуудагы коюлуучу талаптар жөнүндө студенттерге дубал гезиттер, семинар, тренинг, бюллетендер аркылуу маалымат берүү

Жыл ичинде

Жаштар комитети

5.

Илимпоз адамдар, аспиранттар менен жолугушууларды уюштуруу

Айына 1 жолу

Жаштар комитети

6.

Акыл таймаштарды уюштуруу

Айына 1 жолу

Жаштар комитети

3. Маданий эстетикалык тарбия жана студенттердин чыгармачылыгын өнүктүрүү багытындагы иштер

Иш чаралар

Аткаруу мөөнөтү

Жооптуулар

Эскертүү

1.

Студент-жаштардын маданий эс алуусу үчүн фестивалдар, конкурстар, викториналарды (Ретордук бал, «ОшМУ мырзасы», «ОшМУ периси», таланттуулардын фестивалы ж.б.) уюштуруу

Жыл ичинде

Жаштар комитети

2.

Даталуу күндөргө (Мамлекеттик тил күнү, Мугалимдердин күнү, Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнү, Эл аралык студенттер күнү, Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнү ж.б.) карата студенттик майрамдык кечелерди уюштуруу;

Жыл ичинде

Жаштар комитети

3.

Студенттер үчүн башкы имаратта жана жатаканаларда бий кечелерин уюштуруу

Жыл ичинде

Жаштар комитети

4.

Факультеттерде студенттик сынак-фестивалдардын, кечелердин мезгилдүү уюштурулушун координациялоо

Жыл ичинде

Жаштар комитети

Ош МУнун жаштар

комитетинин төрагасы: Бектурсун Орозали уулу