Прикладная геодезия

ЖЕРГЕ ЖАЙГАШТЫРУУ, ГЕОДЕЗИЯ ЖАНА КАРТОГРАФИЯ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

22-февраль Профессионалдык дисциплиналар бөлүмүндө Жерге жайгаштыруу, геодезия жана картография кызматкерлеринин күнүнө карата Колдонмо геодезия адистигинин студенттери үчүн иш-чара өткөрүлдү. Иш-чараны колледждин директору ф.и.к., доцент Б.А.Кенжематовна, Профессионалдык дисциплиналар бөлүмүнүн башчысы Б.С.Сатыбалдыев ачып берип кесиптик майрамы менен куттукташты. Иш-чарада геодезия куралдарынын көргөзмөсү уюштурулду. Адистиктин багыты боюнча акыл таймаш, геодезиялык жумуштарды аткаруу боюнча (план түзүү, аянт өлчөө, аралыкты аныктоо бийиктик) сынак болуп өттү.Жыйынтыгында жеңүүчүлөр кызыктыруучу белекткр, ардак грамотаар менен сыйланышты.


2023-жылдын 3-февралында STEM инновациялык колледжинин “Профессионалдык дисциплиналар” бөлүмүнүн Колдонмо геодезия адистигинин жумуш берүүчүлөрү менен ачык талкуу болду. Жолугушууга келген ишканалар:
-Ош облустук жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Төлөнөв Абдисайит Мойденбекович,
-Кара-Суу Архитектурасынын инженер-геодезисти Тургунбаев Турсунбек,
-Ноокат райондук шаар куруу жана арихитектура боюнча башкармалынын жетекчиси Сулайманкулов Сайпжан Айтмаматович,
-Кадастр мамлекеттик мекемеси Ноокат филиалынын жетекчиси Турдубаев Мамадияр главный специалист,
- Эмаком курулуш компаниясынын инженер геодезисти Нурматов Толкунбек Абдусаттарович болду.
Ачык талкууга колледждин жетекчилиги,окутуучулары менен ишканалардын жетекчилери адистиктин окуу программасы менен таанышып өз ойлорун айтып талкуулашты.


2023-жылдын 16-январда ОшМУнун STEM инновациялык колледжинин Колдонмо геодезия адистигиндеги окутуучуларга жана студенттерге конок лекция болуп өттү. Лектор Кадастр мамлекеттик ишканасынын Ноокат райондук филиалынын жерге жайгаштыруу бөлүмүнүн башчысы Матраимов Надир Раимкулович болду. Агай өз сабагында геодезия адистигинин бүгүнкү абалы, келечеги жана актуалдуу маселелери боюнча сабак өтүп, студенттер кызыккан суроолоруна жооп алышты. Мындан ары өз ара тажрыйба алмашуу боюнча иш чараларды уюштуруу пландаштырылды.


STEAM OLYMPIAD 2021 Республикалык проектик жана предметтик олимпиадага ОшМУнун STEM инновациялык колледжинен 9 студент катышты. Жалпы 3 тур болуп, 1-турдан баары ийгиликтүү өтүшкөн. Ар бир турга катышкан студенттер ийгиликтүү жана катышты деген сертификаттарга ээ болушуп, жыйынтыктоочу турда Садиров Дастанбек ПГс-9-1-21 тайпасынын студенти ART категориясында экологияга байланыштуу сүрөтү менен катышып, Республика боюнча 2-орунду алып II даражадагы сертификат жана күмүш медалдын ээси болду. Жогорудагы студенттерге жооптуу ОшМУнун STEM инновациялык колледжинен окутуучусу Ибрагимова Рахима Салайдиновна. Окутуучу ушул конкурс менен кошо уюштурулуп жаткан САНАРИП МУГАЛИМ 2 республикалык конкурсунуна катышып 100 окутуучунун ичинен алдынкы ондукка кирип, санарип мугалим төш белгиси, сертификат жана STEAM OLYMPIADга студенттерди даярдаганы үчүн ыраазычылык катка ээ болду.


2022-жылдын 11-май күнү STEM инновациялык колледжинин  колдонмо геодезия адистигинин окутуучулары Токтосунов Жумаш, Боронов Самат  ПГс-9-1-20, ПГс-1-21 тайпаларына Ош шаарындагы Навои эс алуу багында практикалык сабак өтүп келишти. Студенттер теоделиттик ходду кандай жүргүзүүнү жана аралыкты өлчөнүү үйрөнүштү. Студенттер  кызыктырган суроолоруна практика жүзүндө жооп алышты.


 STEM инновациялык колледжинин Колдонмо геодезия адистигинин окутуучулары Токтосунов Жумаш,  Ибрагимова Рахима жана колледждин Колдонмо геодезия адистигинин ПГс-1-20, ПГс-9-1-19, ПГс-9-1-20, ПГс-1-21 тайпаларынын студенттери Ош шаарында жайгашкан Ош облустук жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик Кыргызмамжердолбоор ишканасына барып келишти. Ж. Токтосунов  жеринде ишкана жөнүндө, карталардын түзүлүшү жана ишкананын архивдик маалыматтарын тааныштырып практикалык сабак өтүп берди. Студенттер кызыккан суроолоруна жооп алып, пайдалуу болду.