Ветеринария

STEM инновациялык колледжинин 3-курсунун студенттери тарабынан жаныбарларга операцияларды жасоо иши башталды.

Коллеждин илимий иштер боюнча директорунун орун басары, б. и. к., КРдин айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкери А.Халмурзаевдин жетекчилиги астында студенттердин арасынан даярдалган хирургдар өз алдынча операция жасоону колго алышты. Алгачкы операция эхинококкоз оорусун алдын-алууга багытталып, ургаачы итке стерилизация операциясы жасалды. Операцияны жасаган хирург 3-курстун ВТс9-1-19 тайпасынын студенти Рыскулбеков Эрболот, ассистенти Акжол уулу Нурсултан, операциянын жетекчиси окутуучу Калинникова А.П. Мындай операциялар күн сайын жасалып, "Дарыгер адамды дарылайт, ал эми ветеринар адамзатты коргойт" - дегендей, окуу жайдын студенттери сүйүктүү шаарыбыздын калкынын ден соолугун сактоого салым кошо бермекчи.



Тажрыйба алмашуу

STEM инновациялык колледжинин окутуучуларынын кесиптик деңгээлин көтөрүү максатында окутуучулар бир катар университет тарабынан уюштурулган семинар тренингдерге байма бай катышып сертификаттар менен тастыктап келишет. Кесиптик практикалык чеберчиликти арттыруу максатында коллеждин жана университеттин жетекчилигинин колдоосу астында практикалык тажрыйба алмашуу, кесиптик – практикалык чеберчиликти өстүрүү максатында, ОшМУ менен Манас Кыргыз Түрк университетинин келишиминин негизинде коллеждин окутуучулары доцент А. Халмурзаев – “Жаныбарларды заманбап жабдуулар менен диагностикалоо”, окутуучу А. Калинникова – хирургиялык операцияларды өткөрүү эрежелери жана техникасы”   теманын астында 40 сааттык тажрыйба алмашуу менен кесиптик чеберчиликти өстүрүү иш тажрыйбасын өткөрүп келишти. Тажрыйба алмашуунун жүрүшүндө МКТ университетинин окутуучуларынын лекциялык жана практикалык сабактарды өтүү ыкмалары менен, Кыргызстандагы алдыңкылардан болгон ветеринардык клиникалык  бөлүмдүн инфраструктурасы менен таанышып, жаныбарлардын оорууларын заманбап технологиялар менен диагностикалап, дарылоо жолдоруна басым жасалды. 


Германиянын GIZ программасынын "Жашыл экономика" проектисинин эл аралык кеңешчи - эксперти Торстен Свобода Ветеринария адистегиндеги студенттерге "Жаныбарларды максаттуу багуунун жана пайдалануунун менеджменти" деген темада лекция өтүп берди. Студенттер сабакта активдүү катышып, өз суроолоруна жооп алышты. Бул конок лекцияны уюштурган директордун илимий иштер боюнча орун басары, б.и.к., доцент А. Н. Халмурзаев.


КР ветеринардык Палатасынын уюштуруучулук астында ОшМУнун алдындагы STEM инновациялык коллежинин 2-курсунун студенттери Рыскулбеков Эрболот, Таалайбек уулу Барсбек 2021- жылдын 7- октябрынан 27- октябрына чейин, өндүрүш практикаларын Ысык Көл облусунун Каракол шаарындагы "Эковет" ветеринардык жеке клиникасында өтушүдө. Практика студенттерге керектүү болгон оорулуу жаныбарларды изилдөө, ооруунун диагнозун аныктоо, ар турдүү жарааттарды дарылап айыктыруу, ашказандын ар түрдүү заттар ( пленка, зым ж. б.) менен бутөлүп калганда ( руменотомия), операция жолу менен дарылоо, ценуроз (айлампаш) болгон малдын мээсин ачып тазалоо ( трепанация черепа), ит мышыктардын кастрация, стерилизация операцияларын жана башка көптөгөн операцияларды жасоо жолдорун үйрөнүшүүдө.

Студенттердин практикаларын аталган клиника дан өтүүлөрү STEM инновациялык колледжинин директорунун илимий иштер боюнча орун басары, доцент, КР айыл чарбасына эмгек сиңирген ишмер, А. Халмурзаевтин сунушу, ОшМУнун ректору профессор К. Кожобековдун колдоосу менен ишке ашууда. Практикант студенттерибиз практикаларын өтө позитивдүү деңгээлде өткөрүү менен, Ош шаарында биринчилерден болуп, ветеринардык клиника ачуу маселесин көтөрүшүүдө!