Научно-исследовательская деятельность

1965-жылга чейин Ош пединститутунда директордун окуу жана илимий иштер боюнча орун басары, окуу жана илимий иштер боюнча проректору бир штаттык кызматта аткарылып келсе, 1965-жылы илимий иштер боюнча проректорлук кызмат өзүнчө ачылган. Бул мезгилден баштап илимий иштер боюнча проректор болуп бир топ илимпоздор үзүрлүү эмгектенишкен: Р. Забиров (1965-1970), М. И. Исмаилов (1970-1978), С. А. Абдыкалыков (1978-1988), Ж. Ш. Шериев (1989-1992), Ж. Э. Эгембердиев (1992-1999), А. Р. Асанов (1999-2001), Б. А. Арапов (2001-2007.XII), Т.Т. Жумабаева (2007-2016.VII).

2016-жылдын июль айынан баштап ОшМУнун илимий иштер боюнча проректору болуп техника илимдеринин доктору, профессор, Д 05.14.493 диссертациялык кеңешинин төрагасы И.Г. Кенжаев жигердүү эмгектенип келет.

Илимий иштер боюнча проректорлор

Ош мамлекеттик университети билим берүү менен биргеликте илимдин жана маданияттын да борбору катарында жооптуу жана сыймыктуу милдетти аркалап келет. 75 жылдан ашуун тарыхында университеттин илимий ишмердүүлүгүндө илимдин түрдүү багыттары боюнча маанилүү жыйынтыктар алынып, сандык жана сапаттык жогорулоо болгондугун белгилөөгө болот.

Окуу жай жаңы ачылган мезгилде илимий-изилдөө иштери 5 факультет, 10 кафедрада жүргүзүлгөн болсо, учурда 13 факультет, 111 кафедра, 3 колледж, 2 институтта илимдин бир нече багыттары боюнча улантылууда. Билим берүү системасынын негизги милдеттеринин бири - коомдун социалдык-экономикалык жана маданий өнүгүүсүнө шарт түзүү. Жогорку окуу жайында гана адамды коомдун түрдүү тармактарында, мисалы медицина, экономика, маданий жана социалдык, саясий тармактарда активдүү эмгектенүүчү адистери даярдоо миссиясы бар.

Маалыматтык технологиялардын өтө тездик менен өнүгүп жаткан учурунда ар бир биз даярдаган адис коомго жараша активдүү, кандайдыр бир жагдайда тез чечим кабыл алууга жана жашоо шарттын өзгөрүүсүнө ылайыкташуусу, б.а. компетенттүү болуусу учур талабы.

Ошого жараша мезгил жогорку окуу жайларда даярдалган адистердин алдына төмөндөгүдөй милдеттерди, талаптарды коет:

- жашоодогу жагдайлардын өзгөрүүсүнө тез ыңгайлашуу;

- өз алдынча, сынчыл ойлоону өстүрүү, көйгөйдү чече билүү:

- информацияны таба жана аны менен сапаттуу иштей билүү;

- нравалык талаптарды өстүрүү, өз интеллектуалдуулугун, маданияттуулугун жогорулатуу үстүндө талбай иштөө;

- жатык болуу ж.б.

ОшМУнун 2011-2015-жылга чейинки өнүгүү концепциясында белгиленгендей ЖОЖдордо жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоо менен жаңы илимий технологияларды жаратуу, аларды өндүрүшкө кийрүү, инновациялык экономиканы шарттоо аркылуу ишке ашырылат. Ошондой эле ОшМУнун приоритеттик өнүгүү багыттарынын бири – илимий изилдөө иштерин өнүктүрүү, илимий сунуштарды жана технологияларды өндүрүшкө кийрүү жана эл аралык илимий чөйрөлөр менен байланышты күчөтүү.

Концепциянын 4 бөлүмүндө илим изилдөө иштерин өнүктүрүүнүн стратегиялык максаттары жана милдеттери көрсөтүлгөн. Ага ылайык окуу жайда эмгектенген илимпоздордун илим-изилдөө иштеринин (ИИИ) стратегиялык максаттары болуп биринчиден, КРдин приоритеттүү деп белгиленген илимий багыттары менен дал келүүсү, экинчиден, окутуучулардын, аспиранттардын, окумуштуулардын, студенттердин ИИИнин жыйынтыктары республиканын экономикалык, социалдык жана маданий, руханий өнүгүүсүнө салым кошуусу эсептелинет. Аталган максаттарга жетүү милдеттери концепцияда көрсөтүлгөн. Ошондуктан илимий иштерди уюштурууда анда көрсөтүлгөн багыттарга жана милдеттерге таянуу менен иш алып барылууда.

Илимдин бүгүнкү негизги милдети – дүйнөлүк конкуренцияга жөндөмдүү илим, технология жана продукты жаратуу мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу. Илимдин жетишкендиги стратегиялык тармактардагы ийгиликтерди камсыз кылуу менен өлкөдөгү коомдук процесстердин өнүгүшүнө да таасирин тийгизет. Ал эми илимдин келечеги - өлкөдөгү инновациялык өсүшкө байланыштуу, демек, илим өндүрүш жана кесиптик билим берүү менен интеграцияланышына жараша болмокчу.

Учурда ОшМУ - азыркы жаңы шарттардын талабына жооп берүүчү бир бүтүн окуу-илимий өндүрүштүк комплекс жана түштүк региондогу бирден-бир илимий кадрларды даярдоочу борбор. Университеттин илим изилдөө иштеринин негизинде алынган илимий, илимий-усулдук натыйжалар республиканын жана түштүк региондун азыркы учурдагы муктаждыктарын чечүүгө багытталууда.