Новости Архив

Новости
17.12.2021. Табият таануу жана география факультетинин магистратура бөлүмүндөгү табигый илимий билим берүү, биология жана химия багыттарындагы программаларында окуп жаткан магистранттарга "Практикалардын жана илимий иштердин абалы" аталышындагы семинар болду. Магистранттарды кызыктырган суроолор талкууланды. https://base.oshsu.kg/resurs/images/original/JPG-20211217172938-yah.jpg https://base.oshsu.kg/resurs/images/original/JPEG-20211217172922-yah.jpeghttps://base.oshsu.kg/resurs/images/original/JPG-20211217172913-yah.jpghttps://base.oshsu.kg/resurs/images/original/JPG-20211217172907-yah.jpghttps://base.oshsu.kg/resurs/images/original/JPEG-20211217172816-yah.jpeghttps://base.oshsu.kg/resurs/images/original/JPEG-20211217172816-yah.jpeghttps://base.oshsu.kg/resurs/images/original/JPG-20211217172846-yah.jpghttps://base.oshsu.kg/resurs/images/original/JPG-20211217172907-yah.jpg


Чакыруу!

Урматтуу табият таануу жана география факультетинин бакалавр жана магистратура багытында окуп жаткан студенттер, 2020-жылдын 24-ноябрь күнү саат 15:00гө “Жаштар-илим, искусство, маданият” айлыгынын алкагында өткөрүлүүчү онлайн ИЛИМИЙ СЕМИНАРГА чакырабыз.

Уюштуруучулар: Деканат, магистратура бөлүмү.

Кулактандыруу

Урматтуу табият таануу жана география факультетинин магистратурасында (биология, химия, табигый илимий билим берүү (биология), география жана туризм багыттарында)сабагы бар ОПК жана магистранттар 2-4-семстрдеги сабактар 2021-жылдын 1-февралынан башталат. 1-курстардагы магистранттарга 1-жума онлайн кийинки жума кадимки офлайн режимде алмашуу менен окуу процесстери жүрөт. Ал эми 2-курстар бүрүүчү магистрант болгондуктан сабактар кадимки режимде офлайн болот.

28.01.2021 ж.

Магистратура бөлүмү

Конок лекция

2021-жылдын 17-апрелинде Түркия мамлекетинин Кавказ университетинин Prof. Dr. Onur ATAKİŞİ Ош мамлекеттик университетинин Табият таануу жана география факультетинин бакалавриат жана магистратура багытында окуган студенттерге конок лекция өттү. Лекциянын темасы: Гормондор. Магистранттар жана студенттер суроолоруна жооп алып абдан кызык талкуулашты. ТТГФнин деканы г.и.д., профессор Низамиев А.Г., б.и.д., профессор Жумабаева Т.Т., б.и.к., доцент Стамалиев К. Ы., б.и.к., доцент Юлдашева О.М., б.и.к., доцент Молдалиев Ж.Т. ж.б. Prof. Dr. Onur ATAKİŞİге ыраазычылык билдирип кызматташуунун улануусун белгиледи.

МААЛЫМДОО БАРАКЧАСЫ

Урматтуу кесиптештер жана магистранттар!

Ош мамлекеттик университетинин магистратура жана PhD докторантура департаменти салттуу түрдө өткөрүлүүчү “Жаш окумуштуулардын илимий изилдөөлөрү: гипотезалар, практикалык сунуштар, иштелмелер” аттуу илимий-практикалык конференция 2021-жылдын 24-апрель күнү өткөрүлөөрүн маалымдайт.

Конференцияга катышууга жаш окумуштуулар (35 жашка чейинки), аспиранттар, студенттер, магистранттар (1-2-курстун магистранттары) сөзсүз түрдө катышуусу зарыл!

Конференция 2021-жылдын 24-апрель күнү саат 09:00 дө ОшМУнун чоң актылык залында өтөт.

Конференцияда төмөндөгү багыттар боюнча иш алынып барылат:

Шифр

Магистратура багыты

Шифр

Багыт

2

520000

Табигый илимдер

520100

Химия

520200

Биология

520400

География

5

550000

Педагогикалык билим берүү

550100

Табигый илимий билим берүү

9

600000

Тейлөө тармагы

600200

Туризм

Конференциянын иши кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлөт.

Конференциянын материалдары ОшМУнун “ Жаш окумуштуулардын маалымдамалары” илимий журналында жарык көрөт.

Материалдарды төмөндөгүдөй тартипте даярдоону суранабыз:

1. Секцияларда талкуулануучу баяндамалардын көлөмү 5-7 бетке чейин, ал эми пленардык жыйында окулуучу баяндамалардын көлөмү 8 бетке чейин болот.

2. Кагаздын форматы – А4, шрифт –Times New Roman, Tamga-KIT, шрифттин өлчөмү – 14, сап аралык интервал – 1,5; беттин параметрлери: сол жагынан – 2,5 см, оң жагынан, астынан жана үстүнөн – 2,5 см, абзац – стандартка ылайык.

3. Макаланын башына УДК көрсөтүлүүсү зарыл.

4. Макаланын темасы кара шрифт менен ортолонот, автордун (же авторлордун) аты-жөнү оң четинде жазылып, анын астына кадимки шрифт менен иштеген жери (кафедрасын көрсөтүү менен), окумуштуулук даражасы жана e-mail адреси көрсөтүлөт (макаланын темасын жана автор туралуу маалыматты англис тилине которуп коюуну суранабыз).

5. Макаланын аннотациясы кыргыз, орус, англис тилдеринде 600 белгиден туруп, бир абзацтан ашпосу зарыл. Макаланын ачкыч сөздөрү кыргыз, орус, англис тилдеринде 6-10 сөз болуусу тийиш.

6. Шилтемелер чарчы кашаа түрүндө көрсөтүлсүн [1].

7. Пайдаланылган адабияттардын тизмеси макаланын аягында алфавит тартибинде тизмеленип берилет.

Конференцияга катышуу үчүн макалалар 2021-жылдын 17-апрелине чейин электрондук варианты менен кошо төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат:

723500, Кыргызстан, Ош шаары, Ленин көчөсү 333

ОшМУнун борбордук китепканасы, 103-каана

Маалымат үчүн телефондор: (03222) 7 08 51, (03222) 7 29 12

E-mail: masteroshsu@mail.ru Уюштуруу комитети