Профсоюз уюмунун ТАРЫХЫ

ПРОФСОЮЗ УЮМУ ТАРЫХЫ

Ош мамлекеттик университетинин профсоюз комитети – административдик-башкаруу жана профессордук-окутуучулар курамынын кызматкерлерин, окуу-көмөкчү персоналын, аспиранттарды, изденүүчүлөрдү, магистранттаржана студенттердибириктирген республикадагы эң ири коомдук уюмдардын бири. Анын тарыхы 1939-жылдан, Ош мугалимдер институту түзүлгөн учурдан башталып, 9 окутуучу жана жүзгө жакын студенттер институттун профсоюз комитетинин алгачкы жамаатын түзүшкөн. Алгач профсоюз уюму жергиликтүү комитет деп аталган. Ал кездеги мыйзамдар боюнча, профсоюз уюмунун мүчөлүк акысына айлык маяна жана стипендиядан 0,5 % кармалып турган. Архив маалыматтары боюнча, институттан жергиликтүү комитетке 1939-жылы 449 рубль, 1940-жылы 1598 рубль акча каражаты которулган.

1951-жылы мугалимдер институту педагогикалык институт катары кайра түзүлгөндө, 29 окутуучу, 350 студенттен турган ОшПИнин профсоюз комитети уюшулган. Окуу жайдын профкомунун алгачкы төрагасы болуп Сражидин Байбеков иштеген (1951-1955). Анын демилгеси менен институттун профсоюз уюму Гүлчөдөгү балдар үйүнүн тарбиялануучуларын шефтикке алып, бир топ жыл балдарды азык-түлүк жана кийимдер менен камсыздап турушкан.

Кийинки жылдары уюмдун жетекчилери болуп А.Приев (1955-57-ж.), М.Абдулина (1957-61-ж.), С.Кравченко (1961-64-ж.), Ж.Шериев (1964-68-ж.), А.Пирматов (1968-69-ж.), Е.Штрауфман (1969-71-ж.), О.Карашев (1971-73-ж.), Ж.Асанбеков (1973-78-ж.), К.Назаров (1978-83-ж.), Б.Токторалиев (1983-87-ж.), С.Абдугулов (1987-99-ж.), Б.Иметов (1999-2004-ж.), А. Аккуловдор (2004-2020-ж.) иштешкен.

1960-жылдары профсоюздун демилгеси менен Арсланбапта институттун жайкы спорттук - ден соолукту чыңдоо лагери уюшулган. Ал жерде институттун студенттери жана окутуучу, кызматкерлери эс алышып, ден соолуктарын чыңдап турушкан. Ушул жылдары институттун башкы имаратында жана № 2 жатаканасында профсоюздун демилгеси менен ашканалар ачылган. Уюмдун өтүнүчү менен институттун 20 окутуучусу шаардык бийлик органдары тарабынан турак-жай менен камсыздалган.

1971-жылдан институттун профкомунун төрагасы бошотулган кызмат катары киргизилген. Ага чейин бул кызмат коомдук башталышта болуп келген эле. 1970-80-жылдары институттун профсоюз уюмунун ишмердиги бир топ жогорулаган. Бардык факультеттерде профсоюздук активдер шайланып, структуралык түзүмдөр толук кандуу иштей баштаган. 1977-жылдан 50 орундуу профилактория ачылып, мында жылына 1200-1300 студенттер ден соолугун чыңдап турушкан. Студенттик медициналык пункт иштей

баштаган. Ушул мезгилде 17 окутуучу турак-жай менен камсыздалган. 1992-жылы окуу жайыбыздын университет статусун алуусу профсоюз уюмунда да жаңы деңгээлге багыттады. Жаңы адистиктердин ачылышы менен студенттик контингенттин жана жогорку кесиптик окутуучулук-профессордук курамдын санынын өсүүсү аркылуу ОшМУнун профсоюзу да өсүп отурду. ОшМУнун профсоюз комитетинин 2020-жылдын 20-февралында өткөн XXXIV конференциясынын токтомдору менен анын төрагасы болуп биология илимдеринин кандидаты Саттаров Абсамат Эрмаматович шайланып, бүгүнкү күндө иштеп келүүдө.

Учурда ОшМУнун Профсоюз комитети КРнын “Профсоюздар жөнүндө”, “Жамааттык келишимдер жөнүндө” мыйзамдарынын, Эмгек кодексинин талаптарына ылайык жана Ош мамлекеттик университетинин профкому менен администрациясынын ортосунда кабыл алынган Жамааттык келишимде көрсөтүлгөндөй, эмгек жамаатын укуктук жана социалдык жактан коргоо, эмгекти жана саламаттыкты коргоо, кызматкерлер менен студенттердин эс алуусун уюштуруу чараларын иштеп чыгып сунуштайт жана алардын аткарылышын көзөмөлдөйт.

Өзүнүн уставдык милдеттерине ылайык ОшМУнун профкому тарабынан баштапкы профуюмдардын лидерлери үчүн окуу семинарлары, ошондой эле өз ишмердигин жакшыртуу боюнча ишчаралар ырааттуу өткөрүлүп турат. Комитет эмгекти коргоо, жумуш шарттарын жакшыртуу, илимий-педагогикалык чыгармачылыкты колдоо жана кызматкерлерди сыйлоо, эмгек акыны жогорулатуу жана эмгекти материалдык жактан стимулдаштыруу боюнча сунуштарды берет. Профсоюздун муктаж мүчөлөрүнө дайыма материалдык жардам көрсөтүлөт, маданий-массалык жана сопрттук иш-чаралар уюштурулуп өткөрүлөт, майрамдык жана белгилүү даталар салтанаттуу белгиленет.

2010-жылдын март айынан баштап Студенттик Акыйкатчы аппаратынын иштери профкомдун жетекчилиги алдында жүргүзүлүүдө. Бул мезгил ичинде окуу жайыбыздагы ачыктыкты, таза сессияны, студенттердин укуктарын коргоону, аларга сапаттуу билим берүүнү камсыз кылуу боюнча иш-аракеттерди профкомдун төрагасы, доцент А.Аккуловдун жетекчилигинде Студенттик Акыйкатчылар – профкомдун төрагасынын студенттер менен иштөө боюнча орун басарлары Ахмадалиев Алмаз (2009-2011-ж.ж.), Жеңишбек уулу Аскарбек (2011-2013-ж.ж.),Кубанычбек уулу Нурсултан (2013-2015-ж.ж.), Акбаралиев Өмүрбек (2015-2017-ж.ж.), Орозали уулу Бектурсун (2017-2019-ж.ж.), Абдырахманов Адилет 2019-жылдын июнь айынан бери иштеп келе жатат.

Азыркы учурда университеттин Ош шаарында эки саламаттыкты чыңдоочу борбору, 50 койка-орундуу студенттик профилакторийи (2011-жылы кайра ачылган), «Ак-Буура» эс алуу зонасы, ошондой эле, Ысык-Көлдүн жээгинде бир агымда 120 эс алуучуну кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ «Үмүт» пансионаты бар. 2003-2005-жылдардын аралыгында жылына пансионатка барып эс алгандардын саны 60-80ге жакын адам болсо, учурда жыл сайын 400 дөн ашык адам эс алууда. Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ош областтык комитети тарабынан Ош шаарындагы ЖОЖдор арасында жыл сайын уюуштурулуп өткөрүлгөн спорттук мелдештерде ОшМУнун командасы катары менен алты жолу (2013-2019-жылдар аралыгында) биринчи орунду ээлеп келе жатат.

Азыркы учурда ОшМУнун

п роф союз комитетинин

төрагасыА.Э. Саттаров