Спартакиада ЖОБО 2019-ж.

“БЕКИТЕМИН” “МАКУЛДАШЫЛДЫ” “МАКУЛДАШЫЛДЫ”

Ош МУнун ректорунун Ош МУнун кесиптик Социалдык жана тарбия

м.а., ф.-м.и.к., доцент кошунунун төрагасы, иштери боюнча проректору

_______________ __________________ ф.и.к., доцент___________

К.Г. Кожобеков А.У. Аккулов Т.Р. Колдошов

«__» ______ 2019-ж. «__» ______ 2019-ж. «__» _________ 2019-ж.

Ош мамлекеттик университетинин 80 жылдык мааракесине карата өткөрүлүүчү

факультеттер аралык1-курс студенттеринин спартакиадасынын

ЖОБОСУ

Ушул жобо Ош мамлекеттик университетинин факультеттер аралык 1-курсстуденттеринин спартакиадасын өткөрүү эрежелерин аныктайт.

1. Мелдештин максаты жана милдети

1.1. Студенттерди сергек жашоого үндөө, дене тарбияны жана спортту пропагандалоо;

1.2. Студенттердин ортосундагы достук мамилелерди жана ынтымакты арттыруу;

1.3. Университеттин курама командаларына мыкты спортсмендерди тандап алуу;

1.4. Спорттун түрлөрү боюнча университеттин курама командасын түзүү.

2. Мелдешти өткөрүүнү жетектөө

2.1. Ош МУнун ректораты жана “Биримдик” спорт клубу;

2.2. Дене тарбиянын, спорттун теориясы жана методикасы кафедрасы жана факультеттер аралык дене тарбия кафедралары;

2.3. Спорттун түрлөрү боюнча жалпы калыстар тобуна жүктөлөт.

3. Мелдештин катышуучулары

3.1. ОшМУнун күндүзгү бөлүмүндө бакалаврда окуган 1-курстун студенттери катышат;

3.2. Студент өзүнүн окуган факультетинин командасына гана катышууга укуктуу;

3.3. Мандаттык комиссияга студент паспорту жана студенттигин тастыктаганAVNсистемасындагы студенттик карточкасы менен келүүсү зарыл.

4. Мелдешти өткөрүү мөөнөтү жана орду

4.1. Мелдеш 2019-жылдын 9-12-октябрь күндөрү өткөрүлөт;

4.2. Мелдештин ачылышы: 2019-жылдын 9-октябрында саат 13:00 дө ОшМУнун педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин алдындагы спорт аянтчасында болот.

Мелдештин графиги:

Спорттун түрү

Убактысы

Өтүлүү жайы

Калыстар

1

Волейбол (балдар)

09.10.2019дан

10.10.2019ге чейин

Биофактын спорт залы

Башкы калыс - Атабаев А.

Мүчөлөрү – Таирбек уулу Э.

Камилов Р. Келдибай уулу Н.

2

Волейбол (кыздар)

09.10.2019дан

10.10.2019ге чейин

Педфактын спорт аянтчасы

Башкы калыс -Ысмаилова Н.

Мүчөлөрү – Аширова К.

Уланбек у К. Абдраманов Ө.

0772 41 99 56

3

Жеңил атлетика

10.10.2019

Шаардык стадион

Башкы калыс - Жээналиев К.

Мүчөлөрү – Манасов С. Жамшитбекова А. Жолдошев А.

0778 565457

4

Мини-футбол

09.10.2019дан

10.10.2019га

чеин

Биофак жан педфактын футбол талаалары

Башкы калыс - Изамаматов А

Мүчөлөрү – Сабиров С. Тыныбеков Т.

0778 030387

5

Баскетбол (балдар)

10.10.2019дан

11.10.2019га

чеин

Биофактын спорт залы

Башкы калыс - Мазитов Р.

Мүчөлөрү –Молдоалиев М.,

Мөнөкбаев А.

6

Баскетбол (кыздар)

10.10.2019дан

11.10.2019га

чеин

Педфактын спорт аянтчасы

0550 186883 –0772 730311

Башкы калыс -СулаймановаИ.Мүчөлөрү – ДЖоробаев Р.

Турдумаматова Г.

7

Ордо

10.10.2019дан

11.10.2019га

чеин

Педфактын алдындагы спорттук аянтча

Башкы калыс - Жусубалиев М.

Мүчөлөрү - Орозмамат у И.

Окен у Ш.

0778 56 54 23

8

Шахмат

09.10.2019дан

10.10.2019ге чейин

Педфактын 316-аудиториясы

Башкы калыс - Алдашүкүров Р.

Мүчөлөрү -Шералиев К.

0773 88 02 76

9

Стол тенниси

09.10.2019дан

10.10.2019ге чейин

Биофактын спорт залы

Башкы калыс - Тойчуев Ш.

Мүчөлөрү- Зарылбек уулу Н.

0772 78 88 41

10

Тогуз коргоол

10.10.2019дан

11.10.2019га

чеин

Педфактын 317-аудиториясы

Башкы калыс- Мурзакаримова Г.

Мүчөлөрү- Нурбек к А

Үсөн уулу Ж.

0778 02 26 44

5. Спорттун түрлөрү боюнча мелдешти өткөрүү тартиби

Волейбол

- Командалардын келишине жараша оюндун тартиби такталат. Эгерде 6 жана андан көп команда келсе башкы калыстын чечими менен тайпаларга бөлүнөт. Тайпалардын арасында эки жолу жеңилген команда оюндан четтетилет. Эгерде мелдешке келген жалпы командалардын саны 5 тен төмөн болсо бардык командалар айлампа түрүндө беттешет. Ар бир оюн 3 партия биринчи эки партия 25 эсеп менен 3-партия 15 эсеби менен жыйынтыкталат;

- Тайпалык оюндарда упайлар төмөнкүдөй тартипте берилет:

2:0 эсебине – 3 упай, 2:1 эсебинде –2 упай, 1:2 эсебинде утулган команда – 1 упай, 0:2 эсебинде утулган команда 0 упайга ээ болот;

- Финалдык оюндар кыздарда 3 партия менен балдар 5 партиялык оюндааныкталат;

- Мелдеш азыркы колдонуп жүргөн эреженин негизинде жүргүзүлөт.

Жеңил атлетика

Командалар ар бир дистанцияга 2 ден гана катышуучу кое алат жана бир спортчу 2ден ашуун дистанцияга катыша албайт.

кыздар: 100м, 400м, 800м чуркоо жана узундукка секирүү;

балдар: 100м, 400м, 1500м чуркоо жана узундукка секирүү программасы менен өткөрүлөт.

1-орунга 22 упай, 2- орунга 20 упай, 3-орунга 18 – упай андан соң бирден упай кемитилген тартипте эсептелинет. Командаларда топтогон упайларына жараша байгелүү орундар аныкталат.

Баскетбол

Командалардын курамы 10 оюнчудан болуп, оюн талаасына 5 оюнчу чыгат.

Оюндун мөөнөтү 6 минутадан таза оюн убакыт берилет, 4 тайм. Оюндар тең чыгуу менен аяктаса кошумча 3 минута берилет. Оюндун жүрүшүндө алмашуулар чектелбейт, жеңүүчү командага 3 упай, тең чыгуулар 1 упай жана утулуу 0 деген упай берилип тайпадагы орундар топтогон упайлары менен аныкталат. Эгерде командаларда топтогон упайлар бирдей болуп чыкса, анда:

- эки команданын беттеши;

- жеңиштердин саны;

- бардык беттештердеги топтордун айырмасы;

- чучу кулак кийинки айлампага чыгуучу команданы аныктайт.

Мини-футбол

Командалардын курамы 12 оюнчудан болуп, оюнга дарбазачы менен 5 оюнчу чыгат. Оюндун мөөнөтү 15 минутадан эки тайм. Оюндун жүрүшүндө алмашуулар чектелбейт, жеңүүчү командага 3 упай, тең чыгуулар 1 упай жана утулуу 0 деген упай берилип тайпадагы орундар топтогон упайлары менен аныкталат. Эгерде тайпалык оюндарда командаларда топтогон упайлар бирдей болдуп чыкса анда:

- эки команданын беттеши;

- жеңиштердин саны;

- бардык беттештердеги топтордун айрымасы;

- чучу кулак кийинки айлампага чыгуучу команданы аныктайт.

Оюндарда эки сары айып кагазын алган оюнчу кийинки бир оюндан четтетилсе, оюнда кызыл айып кагазын алган оюнчу оюндан четтетилип кийинки бир оюду да өткөрө албайт.

Шахмат, Тогуз коргоол, Стол тенниси

Ар бир командадан 2 эркек, 2 кыз оюнчуну катышат, ар бир команданын беттешүүсү 5 партия менен жыйынтыкталат.

- Эгерде 2 команданын оюнунун жыйынтыгы бирдей болуп калса 2ден шерик (парный) болуп оюнду жыйынтыктайт.

- Уткан командага 2 упай утулган командага 1 упай оюнга келбей же катышпай койгон командага 0 деген упай берилет.

- 1- ракетка жана 2- ракетка оюндун акырына чейин мелдешти алмашпай ойноп бүтүрүшөт.

Ордо

Ар бир факультеттен беш оюнчу катышат. Оюн эки тайпага бөлүнүп өткөрүлөт. Оюн ордо оюнунун эрежеси менен жыйынтыкталат.

7. Нааразычылык(протест)жазуу

Нааразычылык жазган команда калыстар тобуна оюн бүткөндөн кийин 1 сааттын ичинде жазуусу зарыл. Нааразычылык жазган команданын кайрылуусу 500 сом өлчөмдө төлөм төлөгөндөн кийин калыстар тобу тарабынан каралат. Эгерде нааразычылык канааттандырылса төлөм суммасы командага кайтарылат, канааттандырылбаса төлөм мелдештин фондуна которулат.

8.Жеңүүчүлөрдү аныктоо жана сыйлоо

8.1. Спартакиадада жалпы командалык жыйынтыкта спорттун 10 түрү боюнча эң аз упай топтогон команда жеңүүчү болуп табылат.

8.2. Спорттун түрлөрү боюнча 1 – орунду ээлеген команда 1 упайга, 2-орунду ээлеген команда 2-упайга, 3-орунду ээлеген команда 3 упай ээ болуп жана андан кийинки орундарды ээлеген командаларга да ушундай тартипте упайлар ыйгарылат.

8.3. Кайсыл бир спорттун түрүнө командасы катышпаган факультет 18 айып упайын алат.

8.4. Сыйлоо:

Жеңүүчү спортчулар жана командалар ОшМУнун тиешелүү 1-2-3-даражадагы дипломдору жана акчалай сыйлыктар менен сыйланат

9.Өтүнүч (заявка)тапшыруу мөөнөтү, жазуу үлгүсү

Ош мамлекеттик университетинин 80 жылдык мааракесине карата өткөрүлүүчү факультеттер аралык 1-курстардын студенттеринин спартакиадасына катышуу үчүн ______________ факультетинин курама командасынын

Өтүнүчү

Ф.И.О

Туулган жылы

Факультети

Тайпасы

Врачтын колу

1

Окуу жайдын жетекчиси _____________________________________

Команданын капитаны _____________________________________

Врачтын колу _____________________________________

10. Өтүнүч тапшыруу мөөнөтү

Командалардын өтүнүчү 2019-жылдын 8-октябрь күнү саат 17:00гө чсйин спорттун түрлөрү боюнча башкы калыстарга тапшыруусу керек.

Эскертүү: Ар бир факультеттен мелдешке катышуучу командалар бирдей түстүү спорттук формада катышуусу зарыл. Ар бир команда стол тенниси боюнча өздөрү ракеткасы менен келүүсү керек.

Мелдеш учурунда тартип бузган студенттерге ар бир факультеттин жетекчилиги жооп берет жана башкы калыс тарабынан тийешелүү чаралар колдонулат, командалар мелдештен четтетилет.

Мелдештин башкы калысы:

“БИРИМДИК” спорт клубунун төрагасы: Казибеков А.К.

Мелдештин катчысы:

дене тарбиянын, спорттун теориясы жана

методикасы кафедрасы окутуучусу: Турдумаматова Г.

Макулдашылды:

№1 Факультеттер аралык дене тарбия

кафедрасынын башчысы: Нурматов К.

№2Факультеттер аралык дене тарбия

кафедрасынын башчысы: Сатаров А.

Дене тарбиянын, спорттун теориясы жана

Методикасы кафедрасынын башчысы: Райимбердиев Ы.