История
Тарыхы. Башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана психологиясы кафедрасын 2010-жылдан баштап п.и.к.доц. М. Бабаев жетектеп келет. Ал 2003-жылы И. Арабаев атындагы БМУ тушундагы дисссертациялык кеңеште КР УИА мүчө-корреспондети, профессор Э. Мамбетакуновдун жетекчилиги астында «Табийгый-илимий дисциплиналарды окуп-үйрөнүү процессинде мектеп окуучуларынын экологиялык билим алуусу» деген темада кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргоп, 2007-жылы М. Бабаевге доцент деген илимий наам ыйгарылган. Ал 50 ашуун илимий эмгектердин автору. Кафедра төмөндөгүдөй даярдыкты камсыз кылат: • «Башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы» адистиги боюнча мугалим; • «Педагогика» багыты боюнча магистрлерди; Кафедрада окутуучулардын жогорку квалификациялуу курамы эмгектенет: 4 илимдин кандидаты, доценттер (М. Бабаев, А. Батыралиев, Б. Муратбаев, А. Закиров ), 1 улук окутуучу К. Алиева жана 2 окутуучу Г. Омурзакова, Ж. Бердибаева. Кафедранын окутуучулары жыл сайын окуу-методикалык семинарларды өткөрүшөт. Алар түрдүү методикалык бирикмелердин, конкурстардын, мектеп конференцияларынын эксперттери болуп эсептелишет. Башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана психологиясы кафедрасы бакалавриат жана магистратура багыты боюнча педагогика жана дене тарбия факультетинин «Башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы» адистиги боюнча бүтүрүүчү кафедрасы болуп эсептелет. Ал факультеттин структурасында окутуунун заманбап стратегияларын ишке ашыруучу жана кубаттуу кадрдык потенциалга ээ болгон бүтүрүүчү кафедра катары алдыңкы орунда турат. Педагогикалык жана психологиялык проблемаларды изилдөөнүн ата мекендик жана чет өлкөлүк мыкты тажрыйбаларын чыгармачылыкты стимулдаштыруу, өз алдынча ой жүгүртүү, педагогикалык жана психологиялык инновациялар менен айкалыштыруу – бул кафедранын студенттерди даярдоодогу кредосу. Студенттер менен иштөөдө кафедра төмөндөгүдөй принциптерди карманат: • Фундаменталдык билимдерди жоопкерчилик менен берүү; • Кесиптик компетенттүүлүктү өнүктүрүү; • Инновациялык активдүүлүк; • Кесиптик жана өздүк калыптануунун рефлексиясы; • Үзгүлтүксүз кесиптик өсүү; • Педагогикалык жана психологиялык ишмердүүлүктүн маданиятын жана этикасын өнүктүрүү; • Кафедрада жүргүзүлүп жаткан илимий изилдөөлөргө тартуу. Окутуу процессинде алдыңкы маалыматтык технологиялар, педагогика жана психологиянын «алтын фондун» түзгөн бир топ чоң көлөмдөгү илимий адабияттар, практикалык сабактарды методикалык жактан мыкты камсыздоо, семинардык сабактарда ой жүгүртүүнү активдештирүүнүн оригиналдуу ээлери колдонулат. Илимий ишмердүүлүк. Студенттердин жана магистранттардын илимий изилдөө иштерине жетекчилик кылуу активдүү ишке ашырылып турат. Акыркы беш жыл ичинде студенттер жана магистранттар менен биргеликте 30 макала жарык көрдү. Студенттер адеп тарбиясы, экологиялык маданият проблемалары боюнча түрдүү деңгээлдеги конференцияларга катышышты. Кафедранын окутуучулары тарабынан болочок мугалимдердин кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатууга багытталган ар түрдүү ишчаралар – педагогика боюнча олимпиадалар, педагогикалык чеберчилик конкурстары өткөрүлүп турат. Студенттер менен личностук өсүү, баарлашуу, лидерлик тренингдери өткөрүлүп келет. Кафедра төмөндөгүдөй багыттар боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзөт: • Педагогикалык ЖОЖдун студенттеринин кесиптик жактан даярдыгын чыгармачылык мамиленин негизинде калыптандыруу(Бабаев М.). • Өзгөрүлүп туруучу социалдык шарттардагы личность (Алиева К.) • Заманбап коомдо личносту өнүктүрүү проблемаларын изилдөөнүн аксиологиялык аспектилери. (Омурзакова Г.) Илимий натыйжалар жылсайын түрдүү деңгээлдеги конференцияларда баяндалып, жыйнактарда жана журналдарда, анын ичинде КР УАК сунуштаган басылмаларда жарык көргөн. Кафедрада жүргүзүлүп жаткан изилдөөлөрдө студенттер жана магистранттар да биринчи курстан баштап катышышат. Алар окутуучулардын жетекчилиги менен көйгөйлүү тайпаларда катышып, квалификациялык жана магистрдик илимий иштерди тандап алган темалары боюнча аткарышып, конференцияларга катышып келишет. Мыкты изилдөөлөрдүн авторлору студенттик жана магистрлердин эмгектердин конкурсуна катышу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушуп, илимий ишмердүүлүгүн улантуу үчүн аспирантурага тапшырышат. Кафедра салттуу илимий-практикалык иш чараларды уюштурат жана өткөрүп жүрөт. Кафедра И.Арабаев атындагы КМУ, ЖАГУнун, БатГУнун, АнМУ педагогика кафедралары менен кызматташып келет. Окуу ишмердүүлүгү. Өзүнүн ишмердүүлүгүндө кафедарынын окутуучулары ишмердүүлүк мамиленин негизинде жогорку окуу жайда окутуунун сапатын өркүндөтүү, кесиптик компетенттүүлүк ж.б. сыяктуу максаттарды ишке ашырууга умтулушат. Буга студенттердин өз алдынча иштөө системасын, бардык дисциплиналар боюнча окуу-методикалык комплекстерди түзүп, окутуунун модулдук-рейтингдик системасын иштеп чыгып, окуу процессинде окутуунун активдүү методдорун, маалыматтык-коммуникативдик технологияларды, проектик ишмердүүлүктү колдонгондо гана жетүүгө болот. Үзгүлтүксүз педагогикалык практика кафедранын өзгөчө сыймыгы болуп эсептелет. Студенттер экинчи курстан баштап бир канча семестрлерде практикага чыгышып, анда психолого-педагогикалык жана методикалык мүнөздөгү түрдүү тапшырмаларды аткарышат. Бул студенттердин теориялык жана практикалык даярдыгын интеграциялоого мүмкүнчүлүк берет. Студенттердин педагогикалык практикасына өзгөчө көңүл бурулат (А. Батыралиев). Анын ар кандай түрлөрүнүн алкагында профориентациялык ишчаралар активдүү ишке ашырылат. Кафедранын мүчөлөрү 25 ашык окуу дисципиналарынан сабак беришип, тандоокурстарын окутушуп, педагогикалык жана илимий-изилдөө практикаларынын бир канча түрлөрүн уюштурушуп, жыл ичинде болжол менен 30дай квалификациялык жумуштарга жана ондой магистрдик диссертацияларга жетекчилик кылышат. Тарбиялык жумуш. Ар бир жылдын сентябрь айында 1-курстун студенттерине психологиялык тренингдин элементтери менен адаптациялык сабактарды өткөрүшөт. Бул биринчи курстун студенттерине жогорку окуу жайынын окутуу шарттарына ыңгайлашууга мүмкүнчүлүк берет. Кафедранын окутуучулары кенже курстардын кураторлору болуп эсептелип, личностук, кесиптик жана башка көйгөйлөрдү чечүүгө жардам беришет. Окутуучулардын «ПМНО» адистигине окуган 3-4-курстардын студенттери менен тарбиялык жумушунун эң башкы максаты аларды биринчи курстун студенттери менен адаптациялык сабактарды уюштуруу жана өткөрүүгө кошу аркылуу кесиптик компетенттүүлүгүн калыптандыруу, кафедранын ишине катышу. Кураторлор Б. Муратбаев, М. Бабаев, К. Алиева жана Г. Омурзаковалардын жетекчилиги астында студенттер шаардын балдар үйлөрү менен активдүү кызматташышат. Алар балдар үйүнө барып гана тим болбостон социалдык проектерди ишке ашырышат. Жыл сайын кафедранын мүчөлөрү чоң курстардын студенттерин педагогика жана психология боюнча түрдүү деңгээлдеги олимпиадаларга катышууга даярдашат. Студенттердин мыкты натыйжаларга жеткендигин мындагы дипломдор жана сыйлыктар далилдеп турат. Өз ишине терең берилгендик, жоопкерчилик жана акниеттүүлүк, ар тараптуу жана мазмундуу окуу, илимий, тарбиялык, профориентациялык жумуш, контактарга болгон ачыктык, конструктивдүү кызматташууга болгон даярдык сапатта кафедаранын окутуучуларын айырмалап турат.