Окууга кирүүчүлөрдү кабыл алуу эрежелери
Орто кесиптик билим берүү боюнча

Ош мамлекеттик университетинин кесиптик орто билим берүүчү

окуу жайларына студенттерди кабыл алуунун

Т А Р Т И Б И

Ушул кабыл алуу тартиби Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 3-февралындагы №53-токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүү уюмдары жөнүндө Жобосуна” жана КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-июлундагы №470-токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүүчү уюмдарына студенттерди кабыл алуунун тартибине” ылайык иштелип чыкты.

1. Жалпы жоболор

1.1. Ушул Кабыл алуу тартиби ОшМУнун кесиптик орто билим берүү боюнча билим берүү программаларын ишке ашыруучу окуу жайларына кабыл алууну жөнгө салат. Ушул кабыл алуу тартибинде каралбаган маселелер ОшМУ тарабынан Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык өз алдынча чечилет.

1.2. ОшМУнун кесиптик орто окуу жайларына (мындан ары - КООЖ) жалпы негизги же жалпы орто билимге жана кесиптик баштапкы билимге (эгерде окутуу мөөнөтү 3 жыл болсо) ээ болгон Кыргыз Республикасынын жарандары, чет элдик жарандар жана Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу же убактылуу жашап жаткан жарандыксыз тараптар кабыл алынат.

1.3. КООЖго кабыл алуу конкурстук негизде жүргүзүлөт. Конкурстун шарттары ар биринин билим берүү жаатындагы укугун сактоону жана кесиптик орто билим берүү программаларын өздөштүрүүгө бир топ жөндөмдүү жана даяр болгон тараптарды камсыздоону кепилдөөгө тийиш.

1.4. Адистиктерге келишимдик (акы төлөө) негизде кабыл алуу планы уюштуруучулук-укуктук формасына карабастан, окуучулардын лицензияда аныкталган чектүү контингентинин алкагында ОшМУда түзүлөт жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен макулдашууга тийиш.

1.5. ОшМУ “Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүү адистиктерине окутуунун нормативдүү мөөнөттөрүн бекитүү жөнүндө” КР Өкмөтүнүн 2003-ж. 5-ноябрындагы №702-токтомуна ылайык тиешелүү адистиктер боюнча кесиптик орто билим берүү программаларын реализациялоо үчүн шарттары болгондо гана жарандарды окутууга кабыл алууну жарыялоого укуктуу.

1.6. Башка мамлекеттердин жарандарын ОшМУда окутуу Кыргыз Республикасы катышкан, аныкталган тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде, ошондой эле билим берүү уюмдарынын ортосунда же жеке жарандар менен түзүлгөн келишимдердин негизинде жүргүзүлөт.

1.7. Чет элдик жарандар үчүн атайын келишимдин негизинде кирүү сынактарын чет өлкөлөрдө өткөрүүгө уруксат берилет.

2. Кабыл алууну уюштуруу

2.1. Ушул Кабыл алуу тартибине ылайык кабыл алууну уюштуруу үчүн ОшМУнун кабыл алуу комиссиясы түзүлөт, анын төрагасы болуп ЖОЖдун ректору эсептелет.

2.2. Кабыл алуу комиссиясынын төрагасы кабыл алуу планын аткарууга, лицензияда аныкталган чектелүү контингентти, ошондой эле КООЖго кабыл алуу боюнча нормативдүү-укуктук актылардын талаптарын сактоого жооп берет, кабыл алуу жана апелляциялык комиссиялардын мүчөлөрүнүн милдеттерин аныктайт, алардын иштөө тартибин, кабыл алуу жана апелляциялык комиссиялар тарабынан жарандарды кабыл алуу графигин бекитет.

2.3. Кирүү сыноолорун уюштуруп, өткөрүү үчүн сынак жана апелляциялык комиссиялардын курамы кабыл алуу комиссиясынын төрагасы тарабынан бекитилет. Сынак жана апелляциялык комиссиялардын ыйгарым укуктары менен ишмердүүлүк тартиби ОшМУнун жетекчиси тарабынан бекитилүүчү алар жөнүндөгү жоболор менен аныкталат.

2.4. Кабыл алуу комиссиясынын ишин жана иш кагаздарын жүргүзүүнү, ошондой эле абитуриенттерди, алардын ата-энелерин (мыйзамдуу өкүлдөрүн) кабыл алууну ОшМУнун ректору тарабынан дайындалган жооптуу катчы уюштурат. Кабыл алуу комиссиясынын талапкерлиги КР ББжИМ менен макулдашылат. Бир эле тарап катары менен эки жылдан ашык жооптуу катчы боло албайт.

2.5. Кабыл алуу комиссиясынын курамы, ыйгарым укуктары жана ишмердүүлүк тартиби ОшМУнун жетекчиси тарабынан бекитилүүчү ал жөнүндөгү Жобо менен аныкталат. Кабыл алуу комиссиясынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бир жылды түзөт.

2.6. ОшМУга кабыл алууда кабыл алуу комиссиясынын төрагасы жарандардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан аныкталган билим алуу жаатындагы укуктарын, кабыл алуу комиссиясынын ишинин айкындуулугун жана ачыктыгын, кирүүчүлөрдүн жөндөмдүүлүктөрүн обьективдүү баалоону, кабыл алууну өткөрүүнүн бардык этаптарында кабыл алуу комиссиясынын жетекчилигине болгон жеткиликтүүлүктү камсыздайт.

2.7. ОшМУга кирүү тууралуу арыз берүүдө кирүүчү төмөнкү документтерди тапшырат:

- паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүк;

- негизги мектепти бүткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн же орто мектепти бүткөндүгү жөнүндө аттестаттын түп нускасы же алардын дубликаты;

- аскердик билет же аскердик күбөлүк;

- керектүү сандагы фотосүрөт (3x4 - 6 даана);

- башка документтерди кирүүчү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган жеңилдиктерди алууга умтулган учурда көрсөтөт.

2.8. Окутуунун ар түрдүү формаларына жана келишимдик (акы төлөө) негизде кирүүчүлөрдөн түшкөн арыздар өзүнчө катталат жана эсепке алынат.

2.9. Документтерди кабыл алуу төмөндөгү мөөнөттө жүргүзүлөт:

- окутуунун күндүзгү формасына – үстүбүздөгү жылдын 1-июлунан 10-августуна чейин;

- окутуунун сырткы формасына – үстүбүздөгү жылдын 15-июлунан 25-августуна чейин;

2.10. ОшМУ жыл сайын кабыл алуу эрежелерин КР мыйзамдарына каршы келбегендей таризде иштеп чыгат, бекитет жана КР ББжИМ менен макулдашат.

2.11. Чет өлкөлүк жарандар кабыл алуу комиссиясына Кыргыз Республикасындагы жалпы орто же кесиптик баштапкы билими жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү документке эквиваленттүү болгон билими жөнүндө документти тапшырат. Чет өлкөлүк жарандардын документтерин экспертизалоо КР ББжИМ тарабынан өткөрүлөт. Чет өлкөлүк жарандарды билиминин мазмундук деңгээлинин шайкештиги жөнүндө КР ББжИМ тарабынан берилген справкасын көрсөтпөсө, студенттикке каттоого уруксат берилбейт.

3. Кирүү сыноолору

3.1. ОшМУнун кесиптик орто окуу жайларына кирүүдө негизги критерий болуп, окутуунун түрүнө карабастан, кирүүчүнүн билим деңгээли жана жөндөмдүүлүгү эсептелет, муну аныктоо үчүн кирүү сыноолору өткөрүлөт.

3.2. Кирүү сыноолорун өткөрүү мөөнөтү:

- окутуунун күндүзгү формасына – үстүбүздөгү жылдын 10-июлунан 10-августуна чейин;

- окутуунун сырткы формасына – үстүбүздөгү жылдын 1-августунан 25-августуна чейин;

Кирүү сыноолору бланкылык тест түрүндө, оозеки же жазуу сынактары түрүндө, угуу жана көрүү түрүндө өткөрүлөт.

Кесиптик орто окуу жайларына кирүүчүлөр кирүү сыноолорун мамлекеттик же расмий тилде тапшырууну тандоого укуктуу.

Кабыл алуу тартиби, ошондой эле кабыл алуу комиссияларынын арыздарды кабыл алууну уюштуруу боюнча чечимдери, кирүү сыноолорун өткөрүү жадыбалы, студенттикке каттоонун жыйынтыгы абитуриенттерге өз убагында маалымдалууга тийиш.

3.3. Кабыл алуу эрежелеринде төмөндөгүлөр аныкталат: сыноолордун саны (экиден кем эмес, бирок төрттөн көп эмес, сыноолордун бири – мамлекеттик же расмий тил боюнча), аларды өткөрүүнүн формасы, предметтердин тизмеси, адистик боюнча негизги предмет жана апелляцияны кароо тартиби.

3.4. Атайын билимин же билгичтигин текшерүү талап кылынган адистиктер боюнча (маданият, искусство, дене тарбиясы, архитектура ж.б. тармактагы адистиктер) окутууга кабыл алууда кошумча кирүү сыноолору өткөрүлүшү мүмкүн.

3.5. Бардык адистиктерге (21 пунктта каралгандардан сырткары) кирүү сыноолору жалпы негизги жана (же) жалпы орто билим берүү программаларына дал келген программалар боюнча өткөрүлөт.

3.6. Кирүү сыноолоруна жүйөөсүз себеп менен келбей калган, ошондой эле сыноолордо канааттандырарлык эмес баа алган тараптар КООЖго кирүү үчүн конкурска катышпайт.

3.7. Бирдиктүү талаптардын сакталышын камсыздоо, тест тапшырмаларын баалоодогу талаш маселелерди чечүү жана кирүүчүлөрдүн укугун коргоо максатында КООЖдо апелляциялык комиссия түзүлөт.

3.8. Абитуриенттердин апелляцияга берүү тууралуу арызы кирүү сыноолорунун жыйынтыгы жарыялангандан соң бир сутка ичинде кабыл алынат жана апелляциялык комиссия тарабынан арыз берүүчүнүн катышуусу менен бир күндүн ичинде каралат.

3.9. Апелляцияны кароо кайрадан сынак тапшыруу болуп эсептелбейт. Апелляцияны кароодо кирүү сыноосун тапшыруу жыйынтыгындагы баасынын тууралыгы гана текшерилет.

3.10. Кирүү сыноолорун кайра тапшырууга жол берилбейт.

4. Студенттикке каттоо

4.1. Студенттикке каттоо кирүү сыноолору аяктагандан тарта жүргүзүлүп, төмөнкү мөөнөттө аяктайт:

- окутуунун күндүзгү формасына – үстүбүздөгү жылдын 25-августуна чейин;

- окутуунун сырткы формасына – үстүбүздөгү жылдын 30-августуна чейин;

4.2. Окутуу акысын төлөө келишими менен окуу орундарына оң баага шайкеш келген баллы болгон учурда абитуриенттердин төмөндөгү категориялары конкурстан сырткары студенттикке катталат:

- запаска бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган жеңилдиктерге ээ болгон аскер кызматчылары;

- тоголок жетимдер жана ата-энесинен кароосуз калган балдар (үстүбүздөгү жылдын 1-октябрына карата 18 жашка толук чыккан куракка чейинкилер);

- ден соолугунун чектелген мүмкүнчүлүгү бар тараптар (эгерде медициналык-социалдык экспертизанын корутундусуна ылайык тандаган адистиги/багыты боюнча КООЖдо окутуу мүмкүн деп эсептелсе);

- эл аралык жана республикалык олимпиадалардын жеңүүчүлөрү (үстүбүздөгү жылы 1,2,3-орундарды ээлегендер) – эгерде олимпиада предмети КООЖдогу тандаган адистиги/багыты боюнча негизги болуп эсептелсе.

4.3. “Спорт чеберине кандидат” разрядына, “Кыргыз Республикасынын спортунун чебери”, “Кыргыз Республикасынын спортунун эл аралык класстагы чебери” спорттук наамдарына ээ болгон спортсмендер мамлекеттик жана муниципалдык кесиптик орто окуу жайларга окутуу акысын төлөө келишими менен окууга кирүүдө артыкчылык укугунан пайдаланышат.

4.4. Олимпиадалык оюндардын, дүйнөлүк чемпионаттардын чемпиондору менен жеңүүчүлөрү жана Азия оюндарынын чемпиондору мамлекеттик жана муниципалдык кесиптик орто окуу жайларга дене тарбиясы менен спорт тармагындагы адистиктер боюнча окутуу акысын төлөө келишими менен окууга кирүү сыноолорусуз (сынаксыз, тестирлөөсүз же аңгемелешүүсүз) кабыл алынат.

4.5. ОшМУнун студенттеринин катарына каттоо билими жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү документтин түп нускасы көрсөтүлгөндө жүргүзүлөт.

4.6. Конкурстун жыйынтыгы боюнча студенттикке кабыл алынгандыгы тууралуу буйрук (буйруктар) кирүү сыноолорунада топтогон баллдардын саны көрсөтүлүү менен кабыл алуу комиссиясынын маалымат тактайына илинет.

4.7. ОшМУ Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим Министрлигине жыйынтык маалыматты төмөндөгү мөөнөттө тапшырат:

- бюджеттик каражат эсебинен окутууга кабыл алуу боюнча – 1-сентябрга чейин;

- акы төлөп окутууга кабыл алуу боюнча – 15-сентябрга чейин;

4.8. ОшМУ Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим Министрлигине статистикалык отчет берүүгө, ал эми студенттикке каттоо аяктаганда студенттерди кабыл алууну уюштуруп өткөрүү тууралуу отчетту ар бир окуу жылынын 1-октябранан кечиктирбей тапшырууга милдеттүү.

4.9. ОшМУнун кабыл алуу комиссиясынын ишин көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим Министрлиги тарабынан ишке ашырылат.

ОшМУнун кабыл алуу

комиссиясынын жооптуу катчысы: Исмаилов А. А.