Студенческие олимпиады

2023-жылдын 28-29-октябрь күндөрү Бишкек шаарындагы Кыргыз-Россия славян университетинин базасында программалоо боюнча “The 2023 ICPC Kyrgyzstan Regional Contest” регионалдык олимпиадасы болуп өттү. Олимпиадага жалпы 46 команда жана Ош мамлекеттик университетинен OshSU_1 командасы катышты. Команданын курамында ПОВ(б)-2-21 тайпасынын студенттери Усонов Адилет, Козубаев Жуманазар жана ПМИ(б)-2-20 тайпасынын студенти Азизбек уулу Арген катышты. Жетекчиси ИСП кафедрасынын доценти Б.О. Кочконбаева. Олимпиаданын жыйынтыгында OshSU_1 командасы 32-орунга чыкты.