Неделя науки
2022-2023-окуу жылында өткөрүлүүчү ИЛИМ ЖУМАЛЫГЫНЫ боюнча аткарылган иш-чаралар
17-19-апрель күндөрү өтүлүүчү ИЛИМ ЖУМАЛЫГЫнын программасы

17-апрель күнү МИТ факультетинин КРдин илимине эмгек сиңирген ишмер, КР УИАнын мүчө-корреспонденти, ф.-м.и.д., профессор, Ардактуу академик Келдибай Алымкуловго арналган “Математиканын, информациялык технологиялардын учурдагы маселелери жана алардын колдонулуштары” аттуу илим жумалыгынын ачылыш салтанаты болуп, окутуучулар жана аспиранттар пленардык баяндамалар жасашты.

МИТ факультетинин илим жумалыгында аткарылган иш-чараларынын протоколу



2022-жылдын 26-ноябрында өткөрүлгөн “Студент жана илимий-техникалык прогресс” аттуу IX аймактык студенттик илимий конференцияга ИСТ(б)2-20 тайпасынын студенти Жапаров Өмүрбек Алмасбекович, п.и.к., доцент Айтбай кызы Айгулдун жетекчилиги астында «Code.org аркылуу долбоор түзүү» деген темада катышып үчүнчү орунга ээ болду.





2020-жылдын 15-майында ОшМУнун 80 жылдык мааракесине жана «Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү, балдарды колдоо» жылына арналган «САНАРИП ОКУТУУЧУ – САНАРИП СТУДЕНТ» аттуу эл аралык on-line илимий жумалыгына жана V илимий-практикалык конференцияга карата «Экономикадагы ИСТ» деп аталган IV секциялык иштин жыйынтыгы боюнча Программалоо кафедрасынын отчету       Программалоо кафедрасынын студенттерине төмөнкү иш-чаралар пландаштырылып өткөзүлдү:
1. Сыдыкбекова Батина Сыдыкбековна, ИСТ (б)-3-18, Hot Potatoes программасынын жардамында интерактивдүү тапшырмаларды жана тесттерди түзүү. Жетекчи: Абдирайимова Н., улук окутуучу
2. Алишов Азирет Сайтмаматулы,
ИСТ (б)-3-19Р, Плюсы и минусы дистанционного обучения с точки зрения студента. Жетекчи:Омаралиева Г.,окутуучу
3. Якубова Перизат Юнусовна,
ИСТ (б)-3-19Р, Учурдагы программисттердин иштери жана жаңы ачылыштары. Жетекчи:Омаралиева Г.,окутуучу
4. Орозова Сайкал Эрмаматовна,
ФМОИ (б)-1-19, Delphi программасынын жардамында шахматтын доскасын түзүү. Жетекчи: Токторбаев А., ф.-м.и.к., доцент
5. Шерали уулу Сыймык,
ИК(б)-1-18, Компьютердин ички түзүлүштөрү.
Жетекчи: Токторбаев А., ф.-м.и.к., доцент
6. Токтомуратова Жанара Эркинбаевна,
ИСТ(б)-1-17, Иш кагаздарды женилдетүүгө ылайыкташкан, маалымат проектисин иштеп чыгуу. Жетекчи: Маткалык к. К.,окутуучу
3) Конференциянын катышуучуларына он-лайн викторина уюштурулду.
      Өткөзүлгөн он-лайн илим жумалыгына активдүү катышкан студенттер кафедранын ардак грамоталары жана дипломдору менен сыйланышты.
IV секциянын ишинин жыйынтыгы боюнча жасалган студенттик баяндамалардын ортосунда “Мыкты студенттик баяндама” конкурсу жүргүзүлүп, орундар төмөнкүдөй болду:
I даражадагы диплом менен Сыдыкбекова Батина Сыдыкбековна, ИСТ (б)-3-18, Hot Potatoes программасынын жардамында интерактивдүү тапшырмаларды жана тесттерди түзүү. Жетекчи: Абдирайимова Н., улук окутуучу II даражадагы диплом менен Алишов Азирет Сайтмаматулы, ИСТ (б)-3-19Р, Плюсы и минусы дистанционного обучения с точки зрения студента. Жетекчи:Омаралиева Г.,окутуучу III даражадагы диплом менен Орозова Сайкал Эрмаматовна, ФМОИ (б)-1-19, Delphi программасынын жардамында шахматтын доскасын түзүү. Жетекчи: Токторбаев А., ф.-м.и.к., доцент
      Ал эми баяндама жасашкан калган бардык студенттер илим жумалыгына активдүү катышкандыктары үчүн кафедранын ардак грамотасы менен сыйланышты.




2019-жылдын 10-12-апрелинде өткөрүлгөн илим жумалыгынын жыйынтыгы боюнча Программалоо кафедрасынын отчету       Программалоо кафедрасында факультетте өткөзүлгөн илим жумалыкта төмөнкү иш-чаралар пландаштырылып өткөзүлдү:
      1) 2019-жылдын 10-апрель күнү факультетте илим жумалыгынын ачылышында кафедранын доценти У. Сактанов “Сайтты түзүүнүн оптималдуу жолдору” деген темада доклад жасады.
      2) 2019-жылдын 10–апрель күнү факультетте илим жумалыгына жана ОшМУнун 80 жылдыгына карата уюштурулган “Дубал гезиттердин конкурсуна” ИСТ-1-16, ИСТ-1-15 группалары өздөрү даярдаган дубал гезиттери менен катышышты.
      3) 2019-жылдын 10–апрель күнү 327-аудиторияда “IT технологиянын жаңылыктары” деп аталган IV секцияда кафедранын окутуучуларынын жетекчилигинде студенттердин төмөнкү илимий баяндамалары жасалды:
      1. Абдулхамидов Данияр, Абдуллаев Камранбек, ПОВ (б)-2-17Р, AutoCAD системасынын мүмкүнчүлүктөрү
Жетекчи: Абдугулова Г., улук окутуучу
      2. Калбаев Жанболот, Абылкасым кызы Нурай, ИСТ(б)-1-16, Жаштардын финансылык сабаттуулугу-өлкөнүн өнүгүүсүнүн негизги фактору
Жетекчи: Тажикбаева С., улук окутуучу
      3. Абдикалык уулу Үсөн, ИСТ (б)-1-18, Киберспорт. Анын өнүгүү жолдору жана киберспортту анализдөө
Жетекчи: Төлөбаева К., окутуучу
      4. Жумагулова Мырзайым, ИСТ(б)-1-18, Криптовалюта. Bitcoin бааларынын реалдуу чагылдырылышы
Жетекчи: Төлөбаева К., окутуучу
      5. Мухтарали уулу Өмүрбек, ПОВ (б)-1-16р, Факультетте дистанттык технологияны пайдаланып окутулуп жаткан студенттерге даярдалган видео сабактарды монтаждап даярдоодо, Adobe Premiere Pro программасын колдонуунун мүмкүнчүлүктөрү
Жетекчи: Абдумиталип у. К., окутуучу
      6. Үсөн уулу Даниэл, ТОСВТ9-1-17, Delphi программалоо тилин үйрөнүүдө алгачкы лабораториялык жумуштардын орду жана өзгөчөлүктөрү
Жетекчи: Дооранова Н.К., окутуучу
      4) 2019-жылдын 11–апрель күнү 323-аудиторияда “Илимий ийримдин ярмаркасы” өткөзүлдү, ярмаркага кафедранын мүчөлөрү тарабынан жарыкка чыккан окуу китептери, окуу колдонмолору, студенттердин илимий-изилдөө иштеринин жыйынтыктары, кафедрадагы уюшулган ийримдердин катышуучуларынын эмгектери жана жетишкендиктери коюлду. ОшМУнун 80 жылдыгына карата факультеттин окумуштууларынан интервью алуу максатында Программалоо кафедрасынын башчысы, ф.-м.и.д., профессор А. Сопуевден ИСТ-2-16 группасынын студенттери Азизилла уулу Эгемжар жана Жороева Сайкал интервью алышты. Интервью илим жумалыгынын катышуучуларына тартууланды. Факультетте өткөзүлгөн илим жумалыгына активдүү катышкан кафедранын окутуучулары жана студенттер факультеттин, кафедранын ардак грамоталары жана дипломдору менен сыйланышты. IV секциянын ишинин жыйынтыгы боюнча жасалган студенттик баяндамалардын ортосунда “Мыкты студенттик баяндама” конкурсу жүргүзүлүп, III орунга ээ болгон ИСТ(б)-1-18 группасынын студенти Жумагулова Мырзайым факультеттин ардак грамотасы менен сыйланды, жетекчиси кафедранын окутуучусу К. Төлөбаева. Ал эми ПОВ (б)-2-17Р группасынын студенттери Абдулхамидов Данияр, Абдуллаев Камранбек илим жумалыгына активдүү катышкандыктары үчүн факультеттин ардак грамотасы менен сыйланышты.
       “Дубал гезиттердин конкурсу” боюнча III орунга ИСТ(б)-1-16 группасы даярдаган дубал гезит ээ болуп факультеттин ардак грамотасы менен сыйланды          




2018-жылдын 25-27-апрелинде өткөрүлгөн илим жумалыгынын жыйынтыгы боюнча Программалоо кафедрасынын отчету

         Программалоо кафедрасында факультетте өткөзүлгөн илим жумалыгында төмөнкү иш-чаралар пландаштырылып өткөзүлдү:

1) 2018-жылдын 25 –апрель күнү факультетте илим жумалыгына жана Ч. Айтматовдун 90 жылдыгына карата уюштурулган “Дубал гезиттердин конкурсуна” ИСТ-1-16, ИСТ-1-17, ИСТ-2-16, ИСТ-2-17, ТОСВТ-9-16 группалары өздөрү даярдаган дубал гезиттери менен катышышты.

1) 2018-жылдын 25 –апрель күнү илим жумалыгынын ачылышында кафедра башчысы А. Сопуев “Студенттерде эсте калган билимдерин аныктоо аркылуу окутуунун сапатын жогорулатуу маселелери” деген темада баяндама жасады.

2) 2018-жылдын 25 –апрель күнү 327-аудиторияда “IT технологиянын жаңылыктары” деп аталган IV секцияда кафедранын окутуучуларынын жана студенттеринин төмөнкү илимий баяндамалары жасалды:

1. Сатаров А.Э.- ф-м.и.к., доцент.

Факультеттин окуу процессинде модулдук жуманын жадыбалын автоматташтыруу

2. Эрмекбай уулу Кадыр, Равшан уулу Сыймык, ИСТ (б)-1-16, Интерактивдик досканын колдонулушу

Жетекчи: Абдирайимова Н.,окутуучу

3. Хурулбаева Гуехан, ТОСВТ-1-16, Компьютердик тармактардын классификациясы

Жетекчи:Тажикбаева С.,улук окутуучу

4. Абылкасым к. Б., Касымбекова Д., Орунбаева Б., ИСТ (б)-2-16, “Bondicam» программасынын жардамында электрондук окуулуктарды даярдоо.

Жетекчи: Айтбай к. А., п.и.к., окутуучу

5. Баетов Азамат, ТОСВТ-1-16, Офистин же ишкананын тармагын түзүү жана серверлерин орнотуу.

Жетекчи: Умаров Т, окутуучу

6. Токторбай уулу Сыймык, КЛинг (б)-1-17р, Web баракчаларын JavaScript программалоо тилин колдонуу менен түзүү.

Жетекчи:Сактанов У., ф-м.и.к., доцент

7. Расидин уулу Бекзат, ИСТ (б)-2-17Р, Дүйнө жүзүндөгү 10 эң мыкты программалоо тили

Жетекчи:Омаралиева Г.,окутуучу

3) 2018-жылдын 26 –апрель күнү 327-аудиторияда ТОСВТ-9-16 жана ТОСВТ-1-17 группаларынын ортосунда Брейн-Ринг интеллектуалдык таймашы өткөзүлдү, уюштуруучу: кафедранын окутуучусу Дооронова Н.

4) 2018-жылдын 26 –апрель күнү 328-аудиторияда “Антиплагиат ОшМУда” аттуу талкуу ИСТ-1-14 жана ИСТ-2-14 группалары тарабынан өткөзүлдү, куратор: Төлөбаева К.

Талкууга ИТАС кафедрасынын ага окутуучусу Молдояров Уларбек Дүйшөбаевич чакырылды.

5) 2018-жылдын 26 –апрель күнү 323-аудиторияда “Сүрөтчүлөрдүн, кол өнөрчүлөрдүн конкурсуна” ПОВ-1-15 группасынын студенти Жусубали кызы Элиза өз колу менен жасаган эмгектери менен катышты.

         Факультетте өткөзүлгөн илим жумалыгына активдүү катышкан кафедранын окутуучулары – Тажикбаева С., Абдирайимова Н., Дооранова Н., студенттери – ИСТ-1-16-группасынан Б. Абылкасым кызы, К. Мамат уулу, ПОВ-1-15 гуппасынан Э. Жусубали кызы, группалардын ичинен ИСТ-1-16, ИСТ-1-14, ИСТ-2-14 жана ТОСВТ-9-16 группалары факультеттин, кафедранын ардак грамоталары жана дипломдору менен сыйланышты.

Жасалган студенттик баяндамалардын ортосунда “Мыкты студенттик баяндама” конкурсу жүргүзүлүп, IV секцияда угулган баяндамалар боюнча III орунга ээ болушкан ИСТ(б)-1-16 группасынын студенттери Абылкасым к Б., Мамат уулу Кутман факультеттин III даражадагы диплому менен сыйланышты, жетекчиси кафедранын окутуучусу А. Токторбаев.

“Дубал гезиттердин конкурсу” боюнча I орунга ИСТ(б)-1-16 жана ТОСВТ-9-16 группаларынын даярдаган дубал гезиттери ээ болушуп факультеттин ардак грамоталары менен сыйланышты. Ал эми “Сүрөтчүлөрдүн, кол өнөрчүлөрдүн конкурсуна” катышкан ПОВ-1-15 группасынын студенти Жусубали кызы Элиза II орунга ээ болуп, факультеттин жана кафедранын ардак грамоталары менен сыйланды.